Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Президенттин аймактарга иш сапарындагы жолугушууларга журналисттер тандалып киргизилип жатат

Президенттин аймактарга иш сапарындагы жолугушууларга журналисттер тандалып киргизилип жатат
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 4-июлда Баткенде иш сапары менен болду. Облустук театрдын имаратында аймактын активи жана коомчулук менен жолугушуусу өттү. Бирок бул иш-чарага президенттик администрациянын тапшырмасы менен журналисттердин көпчүлүгү киргизилбеди. Аларга “тизмеде жок экенсиңер” деген жооптор берилди.

Президенттин иш сапары учурундагы жолугушуудан маалымат алалбай калган журналисттердин бири “BBC”нин аймактагы штаттан тышкаркы кабарчысы Аскар Баймуратовдун пикиринде, журналисттердин тандалып киргизилиши маалымат алууга тоскоолдук болуп эсептелет жана бул атайылап жасалган иш.

“Президент Баткенге күн сайын келип турбайт. Ага кошумча, чек араларда чыңалуу болуп, майда чырлар катталып жаткан учурда президенттин Баткенге келип, жыйын куруп, чек ара боюнча маселеге да токтолуп, кандай тапшырмаларды берээрин баары күтүп жатышкан. Анан ушундай иш-чарага тандалаган гана мамлекеттик ЖМКлардын журналисттерин киргизип коюшканы туура эмес болду. Бул боюнча жергиликтүү бийликке кайрылсак, президенттик администрациядан чечилди, биз билбейбиз деп жооп беришти. Керек болсо, президенттин Баткенге иш сапары менен келээрин көпчүлүк журналисттер укпай да калышты. Президенттик администрациянын таркаткан маалыматын гана алдык. Менимче, болгон нерсени журналисттердин маалымат алуусуна бут тосуу катары кабылдасак болот”, – дейт А.Баймуратов.

Президенттин аймактагы иш сапары учурундагы эл менен жолугушуусу расмий жабык жыйын катары айтылган эмес. Бирок катышуучулар алдын ала бекитилген тизме менен киргизилип, жыйындан маалымат алуу үчүн КТРКнын гана кызматкерлерине гана катышууга уруксат берилди. Аймактык журналисттер бул окуя боюнча түшүндүрүү алыш үчүн облустук бийликтин маалымат кызматына кайрылган. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова бул кадимки эле көрүнүш экенин, акыркы убактарда прездиенттин иш чараларынын дээрлик бардыгы ушундай таризде өткөрүлүп жатканын айтты.

“Мен өз милдетимди аткарып, Баткен облусунун аймагында иш алып барган журналисттердин тизмесин тактап, жыйынга катышу үчүн уруксат алууга ал тизмени прездиенттик администрацияга алдын ала жөнөткөм. Бирок протокол кызматы КТРКнын журналисттери үчүн гана уруксат берди. Ал маселени мен чечпейм. Акыркы мезгилде президенттин аймактарга иш сапары ушундай өтүп жатат. Бардык маалыматтарды президенттин малымат кызматы ЖМКлар үчүн таркатып турат. Аны алууга баарынын мүмүкүнчүлүгү бар. Мен облустук иш-чараларга гана катышуу боюнча журналисттердин дооматы болсо жооп берем”, – деди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Ч.Бердикулова.

Бул Президент С.Жээнбековдун кызматына киришкенден бери Баткен облусуна үчүнчү жолу иш сапары менен келип кеткени. Буга чейин Кадамжай районуна келип, коомчулук өкүлдөрү жана актив менен жолугушуусуна да аймактагы ЖМКлардын жетекчилери катышып, маалымат президенттин маалымат кызматы аркылуу таркатылган. Жолугушу иш-чараларына баардык эле журналисттердин катыштырылбашы мурдакы президенттин мөөнөтү аяктап жаткан учурдан баштап салт болуп калган эле. Экс-президент Алмаз Атамбаев жолугушуу учурунда протоколдун чегинен чыгып, алдын ала даярдалган сөзүнөн сырткары башка да сөздөрдү айтып коюп, аны журналисттер коомчулукка жеткирип, ар түрдүү талкуулар жаралып жатканына байланыштуу ушундай тартип киргизилген. Эми ошол салтты азыркы президенттин администрациясы да улантып жаткандай.

Сүрөт http://president.kg сайтынан алынды.

Жеңиш Айдаров,
“Журналисттер” КБнын Баткен облусу боюнча өкүлү

Окшош посттор