Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азаттык”:”Ош шамы” гезитинин кабарчыларына коркутуулар болуп жатат

«Ош шамы» гезитинини кабарчыларына 20 күн ичинде 3 жолу коркутуу болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган гезиттин башкы редактору Тургунбай Алдакулов кабарлады. Анын айтымында, акыркы учурда гезит кабарчылары шаардагы айрым мыйзамсыз иштерди иликтеп, аналитикалык макалаларды жазышкан. Буга байланыштуу айыбы ашкере болгон айрым адамдар редакцияга келип, журналисттерге басым жасап, коркутуп-үркүтүп жатышат:

– Алар келип эле кабарчыларды “сотко берем” деп коркутуп-үркүтүп жатышат.  “Макала журналисттик эрежелерди сактоо менен бейтарап жазылган, сотко кайрылгыла, андан коркпойбуз” дегенибизге карабай, сотко кайрылыша элек. Бирок коркутуруп-үркүтүүнү токтотпой, журналисттердин ишине тоскоолдук кылууну улантууда.

Алдакулов кошумчалагандай, гезиттин жетекчилиги жакын арада журналисттерге басым жасаган адамдарды сотко берүүнү пландап жатат. (BkA)

Булак: http://www.azattyk.kg

 

Окшош посттор