Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана укук темасын чагылдыруу боюнча билим алышууда

Журналисттер сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана укук темасын чагылдыруу боюнча билим алышууда

Бүгүн, 17 июнда Ошто Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарынын журналисттери үчүн сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана укук темасын чагылдыруу боюнча тренинг өтүп жатат. Аталган окутууну “Журналисттер” коомдук бирикмеси, БУУПӨПтүн (ПРООН) “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлору уюштурган.

Тренингдин катышуучулары калктын аярлуу катмарына кирген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, жаштардын жана этникалык азчылыктардын сот адилеттигине жетүүдөгү көйгөйлөрү, аларды чечүүнүн жолдору, бул багыттагы иштеги ЖМКнын ролу тууралуу маалымат алалышат. Окутууну эксперт-юрист Бакыт Кыдыралиева жана медиа-тренер Элима Жапарова алып барышууда.

Аталган темадагы тренинг 15 июнда Бишкек шаарында борбор калаанын жана Чүй областынын журналисттери үчүн да уюштурулган болчу. Тренингдин башында “Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун эксперти Мэри Бекешова долбоордун максаты тууралуу кенен маалымат берди. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Укуктун улуктугу боюнча техникалык кеңешчиси Лючио Сарандреа сот адилеттигине жетүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө маалымат каражаттарынын мааниси чоң экенин баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча калктын 70 пайызы маалымат каражаттарынына ишенээрин билдиришкен. Тактап айтканда, сот адилеттигине, акыйкатка жетүү үчүн жарандар көпчүлүк учурда сот системасынан мурун массалык маалымат өкүлдөрүнө кайрылышат.

Окуу учурунда тренер-эксперт Бакыт Кадыралиева коомдун аяр катмарына, сапаттуу юридикалык колдоо зарыл экенин айтты, – “Себеп дегенде алардын укугунун тебелениши, биринин артынан бири болуп уланып отуруп, адамды социалдык жактан абдан оор абалга алып келиши турган иш. Мындан тышкары аларга жарандык иштер боюнча бекер юридикалык жардам берүү системасын өнүктүрүү учурдун актуалдуу маселеси”.

Долбоордун өкүлдөрү белгилегендей, орчундуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн журналисттер түрткү боло алат. Анткени медиа аркылуу жарандардын өз укугун билүүгө, жардам керек болгондо кайсы институттарга кайрылуу керектигине багыт берип, калкты туура маалыматтар менен камсыз кыла алат.

Тренингдин катышуучусу “Кабар” агенттигинин өкүлү Кымбат Макешева тренингден көп пайдалуу маалымат алганын билдирди. “Бул окууда көтөрүлгөн тема Кыргызстан үчүн абдан актуалдуу. Мен калктын аяр катмарынын жашоосун чагылдыруу боюнча тажрыйбам аз эле, тренерлердин жардамы менен бир топ ачык суроолорума жооп алдым. Ошондой эле, башка тармактагы адистер менен таанышып, байланыштарымды кеңейттим”, – дейт К.Макешова.

“Де-факто” гезитинин журналисти Нуржан Жумабек кызы да тренинг ага пайдалуу болгонун айтат: “Биздин эл сот системасын, негизи эле укук коргоо органдарын жазалоочу, жоопко тартуучу система катары кабыл алат. Бул окууда мен өз көз карашымды өзгөрттүм. Укук коргоо системасы жалпы жонунан элди тейлөө кызматы катары кабыл алынышы керек экен.”

Маалымат үчүн

Аталган тренингдер БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында уюштурулган. Бул долбоорлордун негизги максаты болуп төмөндөгүлөр саналат:

– элеттик кыз-келиндерге, балдарга, жаштардын опурталдуу тобуна, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана этникалык азчылыктарга өзгөчө көңүл буруу аркылуу калктын алсыз катмарларынын укуктук маселелерин жакшыртууда көмөктөшүү;

– эл аралык укук коргоо стандарттарына жана сунуштарга ылайык акыйкаттыкка жетүүнү жана укуктук жардамды жакшыртуу.

Аялдар, балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жаштардын опурталдуу тобундагылар акыйкаттыкка жетүүдө орчундуу көйгөйлөргө туш болот. Билимдин жана тажрыйбанын жоктугу, экономикалык көз карандылыгы, өзүлөрүнүн укуктарын жакшы билбегендиги, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жолдору тууралуу коомдун начар кабардар болушу жана көпчүлүк учурда керектүү документтердин жоктугу укук коргоо органдары, сот, бейөкмөт уюмдары, укуктук клиникалар, аксакалдар соту сыяктуу расмий жана расмий эмес акыйкаттыкка жетүү боюнча органдарга кайрылууда кыйынчылыктарды жаратат.

Окшош посттор