Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КР Жогорку Соту “Ачык саясат плюс” гезитине карата доо арызды жактоочусу жок кароосу келген

КР Жогорку Соту “Ачык саясат плюс” гезитине карата доо арызды жактоочусу жок кароосу келген

Бул тууралуу маалыматты “Журналисттер” КБга гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова билдирди. Анын айтымында, КР Жогорку сотунда ЖК депутаты Кожобек Рыспаевдин “Ачык саясат плюс” гезитине карата берилген доо арызы каралууда.

Судьялар биздин кызыкчылыгыбызды коргоп жаткан жактоочу жок ишти кароону каалашкан. Буга чейин ЖМКнын адвокаты чет өлкөгө иш сапар менен чыгып жаткандыгына байланыштуу, сот отурумун жылдыруу тууралуу атайын расмий кат менен кайрылган. Ошондон улам, булар тез арада чечим кабыл алууну көздөшкөн. Биздин аргументтерибизден соң, сот отурумун жылдырууну туура көрүштү ”, – деп бидирди Н.Мамытова.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту “Ачык саясат плюс” гезитине байланыштуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Буга чейин Октябрь райондук соту гезиттен депутат Кожобек Рыспаевдин пайдасына 300 миң сом өндүрүлсүн деген чечимин чыгарган.

2018-жылы гезит депутат бир партиядан экинчи партияга өтүп кеткендигин жазып, депутатты “Хамелеон” деп атаган. ЖК депутаты сотко кайрылыпы, бул макала кадыр баркыма шек келтирип, аброюма кара көө жапты деген айып менен моралдык чыгым катары 300 миң сом талап кылган. Бирок кийинчирээк келтирилген чыгымдын суммасын 1 млн сомго чейин көтөргөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев коомчулукка, “Ачык саясат плюс” гезити менен сүйлөшүү жолуна барбай тургандыгын билдирген.

Биз Жогорку соттун чечимин күтөбүз. Эгерд, чечим ал жерде дагы өзгөрбөстөн, бизден 300 миң сом талап кылса, анда журналисттер акча чогултуу акциясын өткөрүүгө аргасыз болобуз. Гезитте мынча акча жок. Керек болсо, эмерек, буюм-тайымдарыбызды саткан күндө дагы. Эгерде чогулта албай калсак, анда гезитти жабууга аргасызбыз”, – деп билдирди башкы редактор Назгүл Мамытова.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй областы жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор