Урматтуу Олжобай мырза жана Айданбек мырза!
Бүгүн биздин кесиптик майрам. Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз журналистикасы алгачкы кадамын таштаган. «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны жарык көргөн. Редакциянын курамына кирген саналуу гана журналисттер кесибибиздин тарыхын баштап берген.
Ошондон бери ушул күнгө чейин бир кылымга жакын убакыт өтүптүр.
Кыргыз журналистикасынын тарыхында унутулгус ысымдар калды. Жаӊы редакциялар ачылып, гезиттер, журналдар, радио жана телеканалдар күн-түн дебей, иштеп келди. Кесибибиздин бул узак жолу бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.
Бүгүн бизде майрам. Бирок, жүрөк өйүтүп турган нерселер бар. Алардын бири – Сиздер арабызда турбай, темир тордун артында жатканыӊыздар. Экөөӊүздөр теӊ ак экениӊиздерди билебиз. Элибизге, мамлекетибизге зыян келтирбегениӊерге шегибиз жок. Аны келечек соттун чечими менен далилдеп берет деп күтөбүз.
Келе жаткан 2024-жыл – кыргыз прессасы үчүн юбилейлик жыл. Ушул жаӊы жылды Сиздер арабызга кайтып, чогуу тосушсаӊар деп үмүттөнөбүз. Жүз жылдыкка арналган берүүлөрдү даярдаганга жардам кылсаӊар колубуз узарат. Мүмкүн, эмгегиӊерди, кесиптештердин, элибиздин арасындагы кадыр-баркыӊарды эске алып, соттор баш коргоо чараӊыздарды өзгөртүп берер дейбиз.
Бүгүнкү кесиптик майрам менен куттуктайбыз. Экөөӊүзгө теӊ бекем ден соолук каалайбыз. Эркин кыргыз тоолорунун журналисттери менен эркиндикте жолуккан күндү чыдамсыздык менен күтөбүз.
Урматыбызды билдирип, кесиптештерибизден ысык салам айтып,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөлөрү