Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата «Журналисттер аллеясында» конкурстардын жыйынтыгы чыкты

«Журналистттер» коомдук бирикмеси бүгүн 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Журналисттер аллеясында атайын иш чара өткөрүп,  бул күнгө карата жарыяланган сынактардын жыйынтыгын жарыя кылды.

Иш чаранын жүрүшүндө, журналисттер арасында өткөрүлгөн “Сөз эркиндиги тууралуу ээн эркин”, Карикатуристтер арасындагы “Сөз айтпай сөз эркиндиги тууралуу” деген аталыштагы республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай белектер тапшырылды, Ошондой эле ачык асман алдында сынакка катышкан эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.

Басма сөз эркиндигинин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш чарага журналисттер, ЖМКнын жетекчилери, медиа уюмдардын, пресс кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Аталган иш чаранын уюштуруучулары жана өнөктөрү “Журналисттер” коомдук бирикмеси, Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация (IFEX), жана «Internews Network» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Азаттык Медиа” жана бир катар республикалык медиа уюмдар.

Журналисттер арасындагы конкурстар

I орунду  Алмаз Исманов (“Азаттык” радиосу),

II орунду Зинакан Пасанова (Аки пресс-Фергана),

III орунду Мамат Сабыров (“Учур” газетасы) алды.

Кызыктыруучу сыйлыктар

Сыягүл Караман (НБТ телеканалы),

 Иван Донис (“News-Asia” сайты)

 Анна Яловкинага (“Вечерний Бишкек” газетасы ) ыйгарылды.

 

Карикатурачылар арасында конкурстар

I орун Ринат Мамытбековго,

II орун Айдар Касымбековго,

III  орун Михаил Томиловго ыйгарылды.

Кызыктыруучу сыйлыктар

Канжар уулу Мавлян (Улуттук көркөм өнөр академиясынын студенти)

 Эрлан Сатыбековго  (“Комсомольская правда в Кыргызстане” газетасы) берилди.

Окшош посттор