Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Медиакоомчулук ЖМКга тийиштүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү азыр эрте деген пикирде

Медиакоомчулук ЖМКга тийиштүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү азыр эрте деген пикирде

30-сентярбда медиакоомчулуктун өкүлдөрү ЖМК жаатындагы айрым мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Бул иш чарага медиатармактын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Мыйзамдарды инвентаризациялоо жараянына катышып жаткан медиаэксперттер ЖМК жаатындагы мыйзамдарды баалоо кандай жүргөнүн жана ал боюнча учурда абал кандай экенин айтып беришти. Сөз өзгөчө “ММК жөнүндө” жана “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамдар тууралуу болду.

Талкуунун катышуучулары КР Президенти С.Жапаровго, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытовго, Премьер-министр У.Мариповго, Экономика жана каржы министри А.Жапаровго, Юстиция министри А.Чынбаевага кайрылууну негиз катары кабыл алышты. Бул кайрылууда жогоруда аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү азырынча эрте экенин белгиленип, аларды өзгөртүүсүз калтыруу суранычы айтылган.

Талкууну Журналисттердин көз карандысыз союзу жана “Журналисттер” коомдук бикримеси уюштуруп, аны “Медиа диалог” долбоору колдоого алып, аны өткөрүүгө “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду, “Мыйзам чегинде” юридикалык фирмасы жана бир катар кыргызстандык ЖМКлардын өкүлдөру активдүү катышты.

Ылдыйда кайрылуунун тексти берилген.

Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Н. Жапаровго

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин төрагасы
Т.Т. Мамытовго

Кыргыз Республикасынын
Министрлер кабинетинин төрагасы
У. А. Мариповго

Ведомстволор аралык эксперт тобунун төрагасы –
Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министри
А. Ү. Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри
А. Р. Чынбаевага

 

КАЙРЫЛУУ

Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынан турган медиа коомчулук журналистердин жана медиа уюмдардын атынан массалык маалымат каражаттарынын ишин жана журналисттердин укуктук макамын жөнгө салган мыйзамдарды инвентаризациялоо аракетине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Телеберүү жана радиоберүү жөнүндө» жана «Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын баалоодо, инвентаризациялоо боюнча кошумча жумушчу топтун эксперттери аталган мыйзамдарга бир аз оңдоолорду киргизүү мүмкүндүгүн гана көрсөтүшкөн.

Мындай бүтүмдөр аталган мыйзамдардын мазмунунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттик жана өнөктөштүк принциптерине, зарылдык талаптарына, максатка ылайыктуулугуна, натыйжалуугуна жана предметти жөнгө салуунун жеткиликтүүлүгүнө негизделген. Ошондой эле ички карама-каршылыктардын, кагылышуулардын жана укуктагы боштуктун жоктугу да эске алынган.

Бирок медиа коомчулукту өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн инвентаризацияланууга тийиш болгон 359 мыйзам ичинен ММКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын («Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө») биринчи кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда. Бул үчүн 2021-жылдын 13-сентябрында шашылыш түрдө тегерек стол өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча КР Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттер белгилүү формулировкалар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуштарды кийрүүнү сунуш кылып жатышат.

ММКлардын жана журналисттердин ишин тескөөчү мыйзамдар жарандар, массалык маалымат каражаттары, журналисттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы өз ара мамилелердин ар кандай татаал көрүнүштөрүн жөнгө салып келет. Бул жаатта каалаган өзгөртүүнү, анын ичинде анча олуттуу эмесин да киргизүү адегенде терең талдоону, бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкууну жана мындай жыйындарды басма сөздө ачык чагылдыруу менен кароону талап кылат.

Мыйзамга кандайдыр бир өзгөртүүнү киргизүү үчүн белгилүү бир укуктук карым-катнаштарды жөндөө максатында концепцияны иштеп чыгуу зарыл, мисалы, журналисттер менен ММКлардын маалыматка жетүү укугу, башка ченемдик-укуктук актылар менен шайкеш келүүсү ж. б. Мыйзам долбоорунун концепциясынын жоктугу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КР Мыйзамынын (51-бер. 6-бөл., 56-бер.) ченемдерине каршы келет. ММКлар жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо аракеттери, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын аныктабай туруп жүргүзүлүп жатат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, медиа коомчулук ММКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун азыр эрте деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, сиздерден «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын учурда өзгөртүүсүз калтырууну суранат.

Окшош посттор