Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

«Журналисттик иликтѳѳ» боюнча тренинг

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы Ѳкүлчүлүгүнүн Журналисттик иликтѳѳ бюросу журналисттерди жана укук коргоочуларды “Журналисттик иликтѳѳ» боюнча беш күндүк тренингге чакырат.

19-23- май 2015-жыл, Бишкек

16-20- июнь 2015-жыл, Ош

23-27-июнь 2015-жыл, Каракол

Окутуу Европа Шериктештиги жана Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен «Демократиялык реформаларды алгалатуу үчүн, журналисттик иликтөө тажрыйбасын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын мамлекеттик институттардын жана ММК ѳкүлдѳрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жѳнгѳ салуу»  долбоорунун алкагындаѳткѳрүлѳт.

Тренингдин максаты

Катышуучулар журналисттик иликтѳѳнүн ыкмаларын ѳздѳштүрүп,  иликтѳѳ процессинде чогулган  маалыматты издѳѳ, кайра жазуу жана  мултимедиалык форматта  жарыялоо тажрыйбасын алышат.

Катышуучулар:

  • журналисттик иликтѳѳнү пландоо жана уюштуруу  – идеяны издѳѳдѳн аны жарыялоого чейин;
  • коомдук маалыматты алуу менен мыйзам чегинде аракеттенүү;
  • иликтѳѳ процессинде пайда болгон укуктук жана укуктук эмес тобокелчиликтерди кѳрѳ билүү;
  • иликтѳѳдѳ маалыматты чогултуунун эффективдүү ыкмалары;
  • чогултулган маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана калыпка салуу менен аны окурмандарга ыңгайлуу форматта берүү сыяктуу тажрыйбаны ѳздѳштүрүшѳт.

Окутуудан кийин тренингдин ар бир катышуучусу журналисттик иликтѳѳнүн мисалдары камтылган методикалык колдонмо менен катар компакт-диск алышат.

Тренерлер: Олег Хоменок, GlobalInvestigativeJournalismNetwork уюмунун медиа-эксперти, (Киев, Украина); Медиа полиси институтунун медиа-юристи (Бишкек, Кыргызстан).

Ѳтүү убактысы жана орду: Тренинг Бишкек шаарында 19-майдан 23-майга чейин,(Чуй жана Талас облустарынын катышуучулары үчүн), Ош шаарында 16-июндан 20-июнга чейин (Ош жана Жалалабад облустарынын каатышуучулары үчүн), Каракол шаарында 23-июндан 27-июнга чейин (Ыссык-Кѳл жана Нарын облустарынын катышуучулары  үчүн) ѳткѳрүлѳт.  Тренингге катышуу акысыз.

Катышуу шарттары: Ар бир региондогу тренингге 18, 20 адамдан турган топ конкурстук негизде тандалып алынат. Тренингге катышууну каалагандар meerim@iwpr.net дарегине толтурулган анкетаны жана катышу себептери кѳрсѳтүлгѳн катты, ошондой эле жарыяланган ѳз иликтѳѳлѳрүнѳн (үчтѳн кѳп эмес) 2015-жылдын 13-майынын саат 18-00 дѳн (Бишкектеги тренингдин катышуучулары  үчүн),  2015-жылдын 10-июнунан (Ош жана Каракол шаарларындагы тренигдин катышуучулары үчүн) кечикпей жѳнѳтүшү керек.

Кеңири маалымат алуу үчүн meerim@iwpr.net электрондук почтасы же . +996 (312) 313097, 312955 телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.

***

Журналисттик иликтѳѳ боюнча бюро –  бул Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун(IWPR) Кыргызстандагы Ѳкүлчүлүгүнүн медиадолбоору. Журналисттик иликтѳѳ бюросу журналисттерге  адам укуктарынын бузулушуна байланышкан темаларда иликтѳѳ жүргүзүүдѳ эл аралык стандарттар боюнча практикалык тажрыйба алууга колдоо кѳрсѳтѳт. Бюро журналисттик иликтѳѳ жанрына кызыккан журналисттер менен, ошондой эле ММКна жана коомчулукка тигил же бул теманы актуалдуу деп эсептеген укук коргоочу жана бейѳкмѳт уюмдарынын ѳкүлдѳрү менен кызматташууга дайыма даяр.

***

Тренер жѳнүндѳ маалымат

olegОлег Хоменок, медиа-эксперт, журналистика боюнча тренер-окутуучу, медиа менеджмент боюнча кеңешчи, Журналист-иликтѳѳчүлѳрдүн Глобалдык Сетинин мүчѳсү,  «InternewsNetwork» эл аралык уюмунунда  медиа маселелери боюнча башкы кеңешчи, 2003-жылдан бери Украинадагыжурналисттик иликтѳѳлѳрдү колдоо долбоорунун(SCOOP)  координатору.

Журналистикада 1992-жылдан тарта, басмасѳздѳ жана маалымат борборлорунда эмгектенген.

Журналистика жана FOJO(Kalmar, Sweden)нун, WorldBankInstitute, BBCWorldServiceTrustи NewsPlexofSouthCarolinaUniversity гезит башкармалыгы боюнча тасыккан тренер жана кеңешчи.

1998-жылдан тарта ар кандай темада, тагыраак айтканда,  журналисттик иликтѳѳ, жаңы медиа, журналистиканын негиздери, медиа-менеджмент, Азербайджан, Албания, Армения, Беларуссия, Грузия, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Польша, Россия, Тажикстан, Турция, Түркмѳнстан, Швеция жана Украина мамлекеттериндеги медиа менен басмасѳз кызматтынын ѳз-ара мамилелери боюнча 300дѳн ашык тренинг-окутууларды ѳткѳргѳн

Бир нече публикациялардын жана Крымдын революцияга чейинки тарыхы, журналисттерди адистик даярдоо, журналисттик иликтѳѳ, шайлоону жана медиа-менеджментти чагылдыруу  боюнча китепттердин автору.

Окшош посттор