Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

#МедиаКербен Караколдо. Өлкө чыгышында журналистика сенек абалда

#МедиаКербен Караколдо. Өлкө чыгышында журналистика сенек абалда

Каракол 2000-жылдардын башында Ош жергеси сыяктуу эле өзгөчө контент өндүрүп, ийгиликтүү иштеген жеке менчик телекомпаниялары жана радиостанциялары менен белгилүү болгон. Бүгүнкү күнү Ысык-Көл облусу мамлекеттик медианы кошпогондо контенттин ар түрдүүлүгү менен айырмалана албайт. Иш жүзүндө жеке медиалар бар, бирок алар канчалык жашап кетүүгө жөндөмдүү?

Чыгыштагы курорттук облус

Ысык-Көл облусу өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Облус түндүк-чыгышта Казакстан, түштүк-чыгышта – Кытай, түндүк-батышта – Чүй облусу, түштүк-батышында – Нарын облусу менен чектешет. Облустун жалпы аянты 43,1 миң чарчы чакырым, же өлкөнүн 22 пайызга жакын аймагын түзөт. Каракол шаары облустун администрациялык борбору болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун курамына 5 район кирет: Түп –  (Түп а.); Ак-Суу – (Теплоключенка а.); Тоң – (Бөкөнбаев а.); Жети-Өгүз – (Кызыл-Суу а.); Ысык-Көл – (Чолпон-Ата ш.), ошондой эле, облустук маанидеги 2 шаар – Каракол менен Балыкчы, шаар тибиндеги 2 калктуу конуш жана 61 айылдык аймак бар.

Ысык-Көл облусу 1939-жылы түзүлгөн. 1959-жылы Нарын облусу менен бириктирилген. Кийин 1970-жылы учурдагы чек арасында кайрадан түзүлөт. 1989–1991-жылдары Балыкчы шаары облус борбору болгон, анда ал Ысык-Көл шаары деп аталган. 1991-жылы Пржевальск шаары кайрадан облус борбору болот жана Каракол деген тарыхый аталышы кайтарылып берилет.

Ысык-Көл облусунда 502 миңге жакын киши жашайт. Аймактын улуттук курамы дагы өлкө түштүгүндөгүдөй эле абдан ар түрдүү келет, бул дагы жергиликтүү медиа ландшафтка өзүнүн таасирин тийгизет.

 

Катталган медиалардан жарымынан азы гана иштейт

2021-жылдын 1-январына карата Ысык-Көл облусунда 2457 коммерциялык эмес уюм жана 53 жалпыга маалымдоо каражаттары катталган. КР Улуттук статистика комитети Ысык-Көл облусу боюнча өз баяндамасында ушундай маалыматтарды келтирет.

«Журналисттер» КБ маалыматы боюнча, облуста 1 телекомпания, 3 радиостанция, 3 онлайн басылма, 7 гезит жана 2 жамааттык медиа иштейт. Жалпы 16 медиа десек болот. «Журналисттер» КБ кызматкерлери учурда чындап иштеп жаткан медиаларды гана жазды.

Караколдо Нургүл Шаршембиева жетектеген аймактагы жалгыз «Журналисттер үйү» медиа уюму иштейт. Туруктуу каржылоонун жана донордук колдоонун жоктугуна карабастан «Журналисттер үйү» демилге көрсөтүп, «Журналисттер» КБ үчүн аймактагы журналисттердин укуктарын бузууларга мониторинг жүргүзүү менен ишин улантууда.

 

Аймактар арасындагы маалымат алмашуу жолго коюлган эмес

Караколдун мэри Эрмат Джумаев борбордук медиа уюмдардын жетекчилеринин жергиликтүү журналисттер менен жолугушуусунда, ар бир облус өзүнүн жаңылыктары менен жашап жатканына кейиди.

«Биздин маалыматтар өзүбүздө калат, андан ары таралбайт. Биз мисалы Жалал-Абад облусу кантип жашап жатканын билбейбиз. Коомчулукта мындай маалымат жок. Ош облусу эң чоң аймак, ошондуктан ал жөнүндө кээде угуп калабыз. Баткендин үнүн, тилекке каршы, чек ара чыр-чатактарынан улам угуп калабыз. Аймактар арасында туруктуу маалымат алмашуу керек», – деп белгиледи Караколдун мэри.

Шаар башчынын пикири боюнча, медиа мейкиндикте Караколдун тарыхын чектеп көрсөткөн түшүнүк калыптанып калган.

«Бизде шаардын питердик тамыры бар бөтөнчө тарыхый субмаданиятын калыбына келтирүү боюнча пландарыбыз бар. Бирок, тилекке каршы, биз Чыңгыз Айтматовдун чоң атасынын үйүн сактай алган жокпуз, азыр анын ордунда медициналык клиника турат. Эгерде биз өзүбүздүн тарыхый мурастарыбызды баалабасак, анда бизден кийинки муун эч нерсени билбей калат», – деди Караколдун мэри.

Шаар бийликтери келечекте медиа компонент камтылган, ток-шоулар тартылып, жаңы медиалар өнүгүп жана медиа өнүмдөр даярдала турган Инновациялык борбор ачууну пландап жатат. Бул азырынча план боюнча турат.

Тилекке каршы, «Журналисттер үйүнүн» жетекчиси Нургүл Шаршембиева, Ысык-Көлдөгү аймактык журналистика иш жүзүндө дээрлик өнүккөн жок деп эсептейт.

«Мага бул жөнүндө айтуу жагымсыз. Бирок Ысык-Көл облусу иш жүзүндө медианын жана журналистиканын өнүгүүсү жагынан эң артта калган аймак. Мында баарынын, анын ичинде жергиликтүү журналисттер менен жетекчилердин дагы күнөөсү бар. Негизи бизде дарамет бар, журналист болууну кыялданган таланттуу балдар дагы бар. Андыктан өзүнүн көз карашын айтуудан тартынбаган, иликтөө жүргүзүүгө даяр, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү менен биздин жашоону жакшыртууга көмөктөшкөн журналисттердин жаңы муунуна мүмкүнчүлүк берүү керек», – деп белгиледи Нургүл Шаршембиева.

 

Каракол блогерлер менен күчтүү

«Каракол блогерлери менен күчтүү. Сөздүн жана ой-пикирдин эркиндиги биздин аймакта күчтүү салттарга ээ. Караколдоо «блогер» деп атоого боло турган он беш чакты адам бар, алар өз пикирин ачык айтат. Айылдарда блогерлер Караколдогудай анча күчтүү эмес», – деп айтты шаар мэр Джумаев.

Мамлекеттик кызматкер ошону менен бирге өзүнөн башкалар дагы уккан маалыматты журналист өз билгениндей чечмелеп, маалымат бурмалоого туш болгонун жашырган жок.

«Аймактарда системалуу иш жүргүзүлбөсө журналисттердин же блогерлердин жаңы муунун өстүрүү мүмкүн эмес деп, донордук же өнөктөш уюмдар менен жолугушууларда чарчабай айтып келем. Бизге журналистика же блогерлер мектеби керек. Жаңы ысымдарды таанытуу, аларга өнүгүп өсүүгө, өз медиасын каттатууга жардам берүү зарыл. Эң акырында, аймактык медиалардын жана журналисттер активдүү өнүгүүсү үчүн нукура кесипкөйлүк атаандаштык керек. Аймактардагы журналистиканын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл, болбосо ал жөн гана жок болуп кетет» – деп «Журналисттер үйүнүн» жетекчиси Нургүл Шаршембиева чакырык таштады.

Алмаз Исманов,
атайын “Журналисттер” КБ үчүн

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор