Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

#МедиаКербен2022. Аймактык журналистика жоголуу чегинде турат

#МедиаКербен2022. Аймактык журналистика жоголуу чегинде турат

Бир кезде медианын жана медиа контенттердин ар түрдүүлүүгү менен белгилүү болгон Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары бүгүнкү күнү башка аймактардан эч айырмаланбайт. Көз карандысыз журналистика аймактарда жоголуу чегинде турат. Ал эми чындап иштеген көз карандысыз медианы колдун манжалары менен санап чыкса болот.

Баткенде «Салам» радиостанциясы ишин токтотпой улантууга аракет кылууда, Ошто жаңы медиалардан «Т-Медиа» коркутуулар менен кысым көрсөтүүлөргө карабай ийгиликтүү иштеп жатат. Таласта көз карандысыз медиалардан 3-телеканал бар, өткөн жылы анын кеңсесин өрттөп кетишкен. Жалал-Абадда көз карандысыз үч онлайн-басылма ишин улантууга аракет кылып жатат. Эске сала кетсек, мында көз карандысыз медиалар жөнүндө сөз жүрүп жатат. Нарында, Караколдо алардын үнү таптакыр угулган жок. Кагаз жүзүндө алар бар. Мисалы КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунда 50 ашык ЖМК катталган, бирок иш жүзүндө 16 гана медиа иштеп, алардын 99 пайызын мамлекеттик медиалар түзөт.

Калган аймактык медиалар өтө сенек абалда турат жана алардын ишти улантып кетиши дагы белгисиз. Аймактык медиалардын өкүлдөрү буга себеп катары төмөнкүлөрдү аташты:

  • олуттуу жарнак берүүчүлөрдүн жоктугу;
  • медианын өзүндөгү начар менеджмент;
  • донордук колдоонун жоктугу;
  • кесипкөй кадрлардын тартыштыгы;
  • басым жана көмүскө коркунучтар;
  • социалдык кепилдиктердин жана өнүгүүгө стимулдун жоктугу.

Эки жыл мурда өкмөт тарабынан облустук жана райондук медиаларды бириктирүүнүн эсебинен түзүлгөн аймактык медиа борборлордун эртеңки күнү дагы түшүнүксүз абалда турат. Алар облустук телерадиостудиялардын айланасында түзүлгөн, ал эми КТРКнын макамы жөнүндө жаңы мыйзам долбооруна ылайык алар жаңы медиа холдингдин бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн. Эгерде ушул ченем кабыл алынса, анда мамлекеттик медианы оптимизация кылуунун жүрүшүндө бир бөлүгү жабылган облустук жана райондук гезиттер эмне болоору дагы белгисиз.

 

Бириктирген күч жана тилектештик жок

Караколду кошпогондо, андан тышкаркы бардык аймактарда он жылдан ашык убакыт жергиликтүү журналисттер жана медиалардын башын бириктирип келген жергиликтүү медиа уюмдар жабылып калды. Ал уюмдар иштеп турган кезде аймактардагы жаңы көз карандысыз медиалардын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизген. Бүгүнкү күнү аймактарда журналисттер пикир алышып, кесиптик маселелерди талкуулап, окутуулардан өткөн жана өз укуктарын жактай турган аянтчалар жок.

Бишкектеги медиа уюмдардын аймактарда жеткиликтүүтүрдө иш жүргүзүүсүнө ресурстар жана каржылоо дайыма эле жетише бербейт. Мисалы, марттын аягында Бишкекте бардык медиалар үчүн маанилүү болгон конференция өтөөрү күтүлүүдө, анда колдонуудагы Журналисттин этикалык кодекси жана ЖМКга арыз-даттанууларды кароо боюнча комиссиянын жаңы курамын шайлоо каралмак, бирок донордук каражаттын тартыштыгынан бул иш-чарага ар бир аймактан бир-экиден гана журналист чакырылды.

Байланыштын начардыгы, жөн гана бири бирин билбегендик чачырандылыкка жана медиа чөйрөнүн биримдигинин жоктугуна алып келет. Бул медиага кол салуулар болгон учурда жакшы байкалат, себеби, аймактык журналисттер Бишкектеги кесиптештерине өзгөчө тилектештик көрсөтө беришпейт, ал эми борбордогу журналисттер аймактардагы кесиптештери туш болуп жаткан коркунучтарга анча маани бербейт.

Бишкекте болсо ар бир басым көрсөтүү же коркутуу учуру дароо айтылат жана журналист эң башынан эле моралдык болсо дагы колдоо ала алат. Аймактарда журналисттер өз көйгөйлөрү менен жалгыз калышат, алар кабылган учурлар мониторингге да билинбей калат. Себептер көп, ар бир учурдун жекече өзгөчөлүктөрү бар.

Мындай шартта бириктирүүчү күч боло ала турган Журналисттердин көз карандысыз союзуна бир аз үмүт бар. Бирок колдоо болбосо ага дагы кыйын, азырынча союз журналисттерди өзүнө тарткыдай ишин көрсөтө элек.

Башка медиа уюмдар тууралуу сөз кылсак, калыстык үчүн алар тармактык уюмдар эместигин жана аймактарда филиалын ачууну ойлой турганы дагы күмөн экенин айта кетүү керек. Ошондуктан окутуудан өткөн, жеке жана кесиптик тажрыйбасы бар, мындай жумушка даяр журналисттерди жер-жерлерде колдоого алуу керек.

Учурда «Журналисттер» КБнын гана ар бир аймакта өзүнүн өкүлдөрү бар. Бирок алар дагы туруктуу долбоорлордун жоктугунан улам жалпы максат болгон жергиликтүү медиаларды колдоо жана өнүктүрүү үчүн көбүнчө эмгек акы албай иштеп беришет.

 

Макулдашылган колдоо керек

Бүгүнкү күнү аймактык медиа жана журналисттер мурда болуп көрбөгөндөй жардамга жана колдоого муктаж. Катышуучуларды көбүрөөк камтыш үчүн тренингдерге, конкурстарга жана гранттарга катышуу боюнча айрым талаптарды кайра карап чыгуу керек. Бул жараянды ашыкча бюрократташтырбай, акыркы өнүмгө жана алынган билимге көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

Менторлукту колдоо жана аймактык журналисттер арасынан тренерлерди ишке тартуу керек. Баткен менен Ошто журналисттер кесипкөй медиа тренер болуу үчүн окуганга даяр. Нарында болсо донорлор менен борбордогу медиа уюмдар өздөрүнүн айрым талаптарын кайра карап чыгып, мамлекеттик медиалардын өкүлдөрү тренингдерге, конкурстарга жана гранттык программаларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнүшөт.

Кыргызстандык журналистикада ишти улантуучулук салты дээрлик жок. Аймактарда жашаган жана менторлук ишке тартууга мүмкүн болгон журналистика чеберлери көңүл сыртында кала берүүдө.

 

Маалыматка жеткиликтүүлүк чектелүүдө

Таластагы биринчи жолугушуудан тартып Караколдогу иш-чарага чейин аймактык журналисттер мамлекеттик түзүмдөрдүн карамагында турган коомдук маанилүү маалыматка жетүүгө байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө айтып жатышты.

Мындай көйгөйлөргө көз карандысыз журналисттер жана мамлекеттик медианын журналисттери дагы туш болушат. Дээрлик бардыгы бул иш ашыкча бюрократташып жана жоопторду макулдашуунун мөөнөтү созулуп кеткенин айтышты. Баткенде журналисттер, чек ара чыр-чатактары жөнүндө калкка маалымат берүүдө коңшу мамлекетке салыштырмалуу бир-эки саатка кечигип жатышканын белгилешти. Нарында мамлекеттик кызматкерлер тигил же бул маалыматты сайттардан алып салууну улам көбүрөөк талап кыла башташты. Таласта сот органдарындагы маалыматка жетүү татаал ишке айланган.

«Медиа кербендин» алкагындагы баарлашуулардын жүрүшүндө аныкталгандай, айрым мамлекеттик кызматкерлер өздөрү берген маалыматтын туура эмес колдонулуп калуу ыктымалдыгынан коркушат жана ошондуктан маалыматка жетүүнү чектөөгө алышат же андан баш тартышат, себеби алар жалкып калышкан. Улуттук мыйзамдар көз карашынан алганда, онлайн басылмалар жалпыга маалымдоо каражаттары болуп саналбай турганын көбүнчө чиновниктер биле бербейт. Алардын көбүнө ЖМК менен талаш-тартыштарын сотко чейинки тартипте чечип алууга жана убакытты, каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берген, эң башкысы нервди сактоого жардам бере турган ЖМКга арыз-даттанууларды кароо боюнча комиссиянын иши ачылыш болду.

Негиинен алардын көпчүлүк дооматтары салттуу медиага эмес, социалдык медианын колдонуучуларына багытталан. Аймактарда «блогер» деген сөз терс маанидеги аталышка айланган. Андыктан медиа-маалыматтык жана санариптик сабаттуулуктун негиздери бардыгына, анын ичинде чиновниктерге дагы абдан керек.

Алмаз Исманов,
атайын «Журналисттер» КБ үчүн

 

 

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор