Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

#МедиаКербен. Баткендик журналисттер чек ара чыр-чатактарынын алдыңкы катарында

#МедиаКербен. Баткендик журналисттер чек ара чыр-чатактарынын алдыңкы катарында

«Журналисттер» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда уюштурган МедиаКербен февралдын алгачкы күндөрү Баткен жергесинде болду. Ал жакта бир нече күн мурун чек арада кезектеги ок атышуу болуп, жайкын калк эвакуцияланган. Ошол эле учурда социалдык медиада башка тирешүү – маалыматтык согуш кеңири жайылып, анын жыйынтыгында текшерилбеген маалыматты тараткан катардагы колдонуучулар курмандык болуп калышты. Баткендик журналисттер жана мамлекеттик кызматкерлер менен талкуу абдан курч болду. Негизги сөз маалыматтык согуштун айланасында жүрдү.

Эң алыскы аймак

Баткен облусу – эң жаш жана борбордон эң алыс жайгашкан аймак. Мурда ал Ош облусунун бир бөлүгү болгон. Бул облус 1999-жылы террордук уюмдардын 200 куралдуу согушкери Кыргызстанга кирип келип, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, аскер кызматчылары менен жарандарды барымтага алган Баткен окуясынан кийин ошол жылдын 12-октябрында түзүлгөн.

Баткен облусунун жалпы аянты 17 миң чарчы км, же Кыргызстандын аймагынын 8,5% түзөт. Анын курамына 3 район кирет: Баткен (Баткен ш.), Кадамжай (Кадамжай ш.) жана Лейлек (Исфана ш.); облустук маанидеги 3 шаар – Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү, 1 шаар тибиндеги конуш жана 31 айылдык аймак бар. Облустун администрациялык борбору – Баткен шаары, ал бул макамды 2000-жылы 18-февралда алган.

Аймактын калкынын саны 550 миң кишини түзөт. Улуттук курамы: кыргыздар, өзбектер, тажиктер, орустар, татарлар жана түрктөрдөн турат.

 

Баткендин медиа ландшафты

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 1-январына карата Баткен облусунда 28 жалпыга маалымдоо каражаты катталган. 2020-жылы алардын саны 15 болчу. Бүгүнкү күнү облуста 1 ТВ канал, 1 радио, 5 басылма жана 3 жамааттык медиа иштеп жатат.

Мамлекеттик медиалардын, анын ичинде, облустук гезиттин, райондук басылмалардын жана облустук телерадио борбордун башын кошкон Баткен регионалдык медиа борбору аймактагы эң ири медиа болуп саналат.

2001-жылдын январынан тартып облуста БУУ Балдар фондунун, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен Internews Kyrgyzstan уюмунун биргелешкен долбоорунун алкагында ачылган “Салам” радиосу иштейт. Бүгүнкү күнү радионун уюштуруучусу болуп “Дааназат” КФ эсептелет.

 

Чек ара чыр-чатактарын чагылдыруу

Баткен облусу түндүк-чыгышта Өзбекстан, түштүктө, батышта жана түндүктө Тажикстан менен чектешет. Облус аймагында Өзбекстан менен Тажикстанга таандык анклавдар жайгашкан. КР Президентинин администрациясынын чек ара маселелери боюнча министрлер кабинетинин атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев 21.09.2021-ж. 24.kg маалыматтык агенттигине берген интервьюсунда, ошол мезгилге карата кыргыз-тажик чек арасынын 519 км макулдашылганын, калган 451 км боюнча тараптар азырынча консенсуска келе албай жатканын айткан. Мамлекеттик чек арадагы көпчүлүк талаш жерлер Баткен облусунун аймагына туура келет.

2021-жылдын 28-апрелиндеги чек ара чыр-чатагында 36 кыргызстандык курман болду, 183 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алды, 33 миңден ашык жай тургундар чыр-чатак зоналарынан убактылуу көчүрүлгөн, 107 үй талкаланган.

Ушул жылдын 28-январында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды.

«Баткенде бийлик өкүлдөрү Тажикстан менен чак арадагы окуялар жөнүндө өз убагында маалымат беришпейт. Алар Бишкектен пресс-релиз ала электигин шылтоо кылышат. Эгерде алар болуп жаткан окуялар жөнүндө эң жөнөкөй маалымат бере алышпаса, анда мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүн мында кармап эмне кереги бар? Анткени биз чек ара чыр-чатактарын маалыматтык чагылдырууда уттуруп жатабыз. Коңшулар бизден бир-эки саатка озуп жатат. Биз чек ара маселелери боюнча алгач Баткендеги журналисттерге маалымат берүүнү, андан кийин Бишкекке жөнөтүүнү суранабыз. Мына 28-январдагы чыр-чатактуу кырдаалды чагыдырууда биз бир саатка кечиктик», – деп айтты баткендик журналисттердин бири.

Мурда «Регион ТВ» телекомпаниясынын журналисти маалымат алуудагы тоскоолдуктар жөнүндө «Журналисттер» КБ Баткен облусундагы өкүлүнө өз интервьюсунда айтып берген. Анын сөзү боюнча, чыр-чатактардын күбөлөрү камерага сүйлөп берүүдөн качышат, анткени мындай «ачык-айрым» сөздөн кийин аларды укук коргоо органдары чакырып турушат. Чек ара маселелер боюнча атүгүл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы айтып берүүгө даяр эмес.

 

Блогерлер vs журналисттер

Маалыматтык мейкиндиктеги эң чоң көйгөй – жайылтылган маалыматтын сапаты деп эсептешет Баткендеги аймактык мамлекеттик кызматкерлер. Алардын айтымында, ыкчам малымат берүүгө шашканда калыстык жана тактык жабыркайт.

Бийлик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кесипкөй медиа коомчулукту четте калбоого жана сапатсыз, текшерилбеген жана тастыкталбаган маалыматты таратуу учурларына көңүл бурууга чакырды. Мамлекеттик кызматкерлер белгилегендей, айрым коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү жана блогерлер тастыктоону талап кылган маалыматты таратып келишет.

Блогерлер же социалдык тармактардагы активдүү жарандар аймактарда чыныгы «улуттук баш оору» болуп калды. Мамлекеттик органдардын аларга дооматы абдан көп, ал эми жергиликтүү бийликтердин аракетсиздиги менен кайдыгерлигине нааразы болгон жарандар көйгөйлүү кылдаалды коомчулукка билдирүү үчүн блогерлерге жардам сурап кайрылышат.

«Биз блогерлерге каршы эмеспиз. Болгону жалгыз шарт – такталган жана сапаттуу маалыматты жайылтуу», – дешет мамлекеттик кызматкерлер.

 

«Блогерлер негизинен жеке пикирин билдирип, өзүнүн көз карашына ылайык айтышат. Аларга дооматтар ушундан улам келип чыгат», – деп баса белгилейт «Журналисттер» КБ координатору Марат Токоев.

 

Басма сөз кызматтарына жардам

«Ар бир мамлекеттик органдын атайын адамдар бекитилген басма сөз кызматы бар. Эмнеге журналисттер аларга маалымат сурап кайрылбайт? Анын ордуна алар кайсыл бир блогердин субъективдүү ырастоосуна таянып, калкка туура эмес маалымат берет», – деп чиновниктер белгилешет.

Токоевдин айтымында, ар түрдүү басма сөз кызматтары тарабынан бир эле окуянын ар түрдүү өңүттө түшүндүрүлүшү журналисттерди адаштырат, алар башка маалымат булактарын издөөгө аргасыз болушат. Ошондуктан басма сөз кызматтарынын кесипкөйлүгүнө жакшы көңүл буруу керек.

Жергиликтүү басма сөз кызматтарынын керектүү кесиптик техникалар менен начар жабдыланышы, өзгөчө кырдаалдарда иштөө тажрыйбасынын жоктугу жана кадрлардын тез-тез алмашуусу натыйжасыз иштин себептери катары аталат. Баткендик журналисттердин айтымында, айрым мамлекеттик органдарда басма сөз катчысы жок, же мындай кызматка ылайык келбеген адамды дайындаган учурлар болот.

“Аймактарга караганда Баткендин облустук администрациясынан маалымат алуу жеңил. Жергиликтүү бийликтерге калк тарабынан доомат көп. Жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнө карата сын материалдарды катуу кабыл алышат, бул медиага жана журналисттерге тандап мамиле кылууда байкалат, кимдир бирөөлөргө маалымат бергенден баш тартат, ушундай шарттуу “кара тизме” бар десе болот. Бирок, кечирип койгула, калкка маалымат берүү – журналисттердин негизги милдети, өз ишин жасаганы үчүн аларды айыптоо туура эмес”, – дейт “Азатттык” радиосунун кыргыз кызматынын журналисти Жеңиш Айдаров.

Аймактык мамлекеттик кызматкерлер эч кандай чектөө жоктугуна ишендирүү менен кандайдыр бир тизме бардыгын четке кагат. Азыр кандайдыр бир чектөөлөрдү коюу мүмкүн болбогон мезгил дешет.

“Жетекчи жыйналышта болуп же колу бошобой калган кезде комментарий бере албай калган учурлар болот. Эмнегедир ушундай шарттарда журналисттер алар өздөрүн тоотпой жатат деп ишенип алышат”, – дейт мамлекеттик кызматкер.

Баткен облустук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматынын өкүлү талкуу убагында чек ара чыр-чатактары боюнча жалпы жонунан гана маалымат бере ала турганына кесиптештеринин көңүлүн бурду

“Андай окуяларга пикир айтууга укугум жок. Ыйгарым укуктуу, ошол блокко жооптуу органдар бар, ошолорго кайрылыш керек, ошолор гана кеңири маалымат бере алат”, – деп белгиледи Президенттин Баткен облустундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова.

Анын айтымында, облустук администрация жергиликтүү журналисттер менен тыгыз кызматташат, журналисттер окуя болгон жерге жетип алышы үчүн транспорт же күйүүчү майдан жардам беришет.

 

Өзүбүз өзгө болгондо. Кимге артыкчылык берүү керек

«Келгиле, ачык айталы, силерге керек болгонубузда гана биз жөнүндө эстейсиңер. Мисалы, кандайдыр бир ишкана ачылганда. Калган бардык учурларда, адамдардын өтө курч көйгөйлөрү жөнүндө кеп болгондо «Салам» радиосуна көңүл бурулбай калат. Бизди маанилүү иш-чараларга чакырбайт же чакырууну унутуп калышат. Биз баары бүткөндөн кийин башка кесиптештерден угабыз. Жакында болгон чек ара чыр-чатагында биз үч-төрт саат администрацияда маалымат күтүп отурдук. Бизге сүйлөшүү жүрүп жатат демиш болуп, маалымат берүүдөн баш тартышты. Биз атүгүл ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты дагы жарыялай алган жокпуз», – дейт «Салам» радиосунун жетекчиси Гүлбарчын Амирова

КР президентинин Баткен облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов белгилегендей, алар жалпыга маалымдоо каражаттары менен конструктивдүү диалогго жана кызматташууга дайыма ачык.

 

«Мамлекет тараптан маалыматты алуу жана жайылтуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, эч кандай чектөөлөр жок. Эгерде катачылыктар болсо, биз угууга жана алар боюнча чараларды көрүүгө даярбыз», – деди Ураимов.

Баткендик журналисттердин сөзү боюнча, чек арада болгон окуяларды чагылдырууда мамлекеттик кызматкерлер менен медиа өкүлдөрүнүн ортосунда түшүнбөстүк көп кезигет.

Чек ара окуяларын чагылдыруу убагында журналисттер акциянын бардык катышуучулары тарабынан агрессияга жана терс реакцияга туш болушат.

«Бизге тартканга бардыгы тыюу салат, күч кызматкерлери жана эл дагы. Бизде өзүн-өзү цензуралоо да иштейт, акыры редакциялык текшерүү да бар. Өз ишибизди аткарып жатып, биринчи кезекте, биздин элге жана мамлекетке пайда алып келиши жөнүндө ойлонобуз», – деп чек арага чектеш аймактарда иштеген баткендик журналисттер баса белгилешет.

Алмаз Исманов атайын «Журналисттер» КБ үчүн

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор