Талас – аянты жана калкынын саны боюнча эң чакан аймак. Талас облусу түндүк-батышында Казакстан менен чектещет, бул кайсыл бир деңгээлде чек арага чектеш жашаган калктын медиатандоосуна таасирин тийгизет. Аянты 11,4 миң чарчы чакырым (КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча), калкы жалпы 255 миң киши (ӨКМдин 2017-ж. маалыматы боюнча).
Облустун курамында 37 айылдык аймак, облус борбору Талас шаары жана 4 район бар: Бакай-Ата (борбору – Бакай-Ата айылы); Кара-Буура (борбору – Кызыл-Адыр айылы); Манас (борбору – Покровка айылы) жана Талас (борбору – Манас айылы).
Талас облусунун медиачөйрөсү башка аймактардагыдай анча көп түрдүү эмес. 2021-жылдын ноябрына карата облуста ушул гана медиа уюмдар иштеп жатат: уюштуруучусу КР Маданият, маалымат, спорт, туризм жана жаштар саясаты министрлиги болгон облустук телерадиостудияны, облустук жана райондук маанидеги басылмаларды бириктирген Талас облустук медиа борбору жана ошондой эле жеке менчик «3-канал» телекомпаниясы.
Таласта жеке менчик телекомпаниялардан ЖчК «3-канал» гана иштейт, ал эки багытта көрсөтөт: Таласта аймактык деңгээлде жана Бишкекте улуттук деңгээлде эфирге чыгат. Эфирдин басымдуу бөлүгүн тасмалар жана музыка ээлейт. Пандемия убагындагы карантиндик иш-чаралардын натыйжасында ишмердүүлүктүн төмөндөшүнөн улам кызматкерлердин чоң бөлүгү кыскартылган.
Менчигинин түрүнө карабай, онлайн басылмаларды кошкондо дагы облуста башка медиа уюмдар жок.
Кыргызстанда биринчи жолу так ушул Талас жеринде пайда болгон жамааттык медиа өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Биринчи жамааттык медиа – “Радиомост” Таласта ачылган, андан кийин экинчи жамааттык радио Бакай-Ата районунда түзүлөт. 2020-жылы “Радиомост” Жамааттык медиа ассоциациясынан мүчөлүгүнөн чыккан жана бизге жеткен маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү иштебейт. Ал эми Бакай-Ата районундагы экинчи жамааттык радио лицензиясын өз убагында узарта алган эмес, ошондуктан ал дагы учурда иштебей турат. Кийинчерээк анын жыштыгын “Радиомост” сатып алганы белгилүү болду. Бул маселенин чиеленишинен жана айкын эместигинен улам де-факто бүгүнкү күнү эки жамааттык медиа тең иштебей турат.
“Медиа өнүгүү борбору” КФ, «Медиа полиси институту» КФ, ЖМКга карата даттанууларды териштирүү комиссиясынын, «Журналисттер» КБ, Иликтөөчү журналистика фондунун, Prevention Media КФ жетекчилеринин Талас облусундагы мамлекеттик түзүмдөрдүн жана аймактык медиа өкүлдөрү үчүн “Медиакербен” долбоорунун алкагында атайын уюштурулган кеңейтилген жыйынында алардын өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелери, аймактык медианын көйгөйлөрү, маалыматка жетүүнү камсыздоодогу татаалдыктар жана Талас облусундагы аймактык медиалардын ишмердүүлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары ички кырдаал боюнча көз караштарын бөлүштү. Талас облустук ИИБ басма сөз катчысы Динара Сарногоева айрым журналисттер менен кызматташууда айрым кыйынчылыктар бар экенин айтып өттү. Негизинен борбордук медиалардын Таластагы өкүлдөрү менен иштешүүдө татаалдыктар бар экен. Анын айтымында, журналисттер контексттен сөздү үзүп алган же каармандар үчүн өздөрүнүн ой-пикирин кошуп койгон учурлар аз эмес жана жыйынтыгында мазмуну болуп өткөн окуядан абдан айырмаланган материал келип чыгат.
Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова өзгөрүп жаткан медиа чөйрөдө медианын ролу кескин жогорулаганын баса белгиледи. “Бүгүн алар саясий курал болуп калды, журналисттер өздөрүнүн чагылдыруу укугун туура колдонууну дайыма окуп туруу зарыл жана айтылган сөз үчүн жоопкерчиликти сезиши керек”, – дейт ал.
Ал өз сөзүндө башынан өткөн окуяны айтып берди. Борбордук маалымат агенттиктеринин бири жок булакка шилтеме берүү менен такталбаган маалыматты өз сайтына жарыялаган. Мамлекеттик кызматкердин айтымында, ал материалдын авторуна түздөн түз кайрылган, бирок так жооп ала алган эмес, кандай окуяга кабылып калганын түшүнгөндөн кийин алар телефон чалууларга таптакыр жооп бербей калышкан. “Эгерде мен Комиссиянын бар экенин мурда билгенимде ал жакка дароо кайрылат элем”, – деп баса белгиледи ал.
«Талас байрагы» облустук гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов укук коргоо органдарындагы коомдук-маанилүү маалыматка жеткиликтүүлүк боюнча көйгөйлөргө токтолду. Анын айтымында, мурда облустук ИИБ бир кыйла ыкчам иштеген, азыр иштер көпкө создугуп кетет. Жергиликтүү медиа мурда жумалык таркатма материал алышчу, эми жол кырсыктары боюнча ыкчам маалымат алуу дагы мүмкүн эмес. Бардыгы пайдасыз кат жазышууга айланат. Облустук УКМК башкармалыгы иштеп жаткан экономикалык кылмыштар жаатындагы дагы кырдаал ушундай, алардан да эч маалымат берилбейт. Болгону прокуратура органдары менен гана кандайдыр бир маалымат алмашуу жолго коюлган, алар жок дегенде квартал сайын бир жолу маалымат берип турат.
Талас облустук ИИБдин басма сөз катчысы, журналисттер менен кызматташуудагы татаалдыктарга карабай, алар социалдык медиадагы коомдук пикирге терс таасирин тийгизген бөтөнчө окуяларга жана билдирүүлөргө ыкчам көңүл бурууга аракет кылып жатканына токтолду. Мисалы, былтыр Таластагы кулчулук тууралуу маалыматка катуу реакция болгон, бактыга жараша ал факт тастыкталган жок. Дагы бир учур үйлөнүү тойдо ок атылганга байланыштуу болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө видеодогу киши чыныгы автоматтын үнү орнотулган оюнчук куралды колдонгону аныкталган. “Бул видеолор коомдо резонанс жараткан, биз өз убагында көңүл буруп жана такталбаган маалыматты таратууну токтоттук”, – дейт Талас облустук ИИМ басма сөз катчысы.
Калкка маалымат берүү кандайча жүргүзүлөт деген суроого Талас облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Бакай Садыров, бул иш социалдык медиада, анын ичинде Facebook аркылуу жүргүзүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, облустун жашоочулары маалымат издөө үчүн сайттарга караганда социалдык медианы көбүрөөк пайдаланат.
Белгилей кетсек, Талас облустук администрациясынын расмий баракчасы Facebook социалдык түйүнүнөн верификациядан өткөн эмес, мекеменин өзүнүн сайты дагы жок. Андыктан ал жакка жарыяланган маалымат ишенимдүү расмий булак катары кабыл алынбай калышы дагы мүмкүн. Ал жакта таластыктар маалымат булагы жана каналы катары жалаң Facebook соцтармагын гана колдоноорун тастыкталган эч кандай социологиялык сурамжылоолор жана изилдөөлөр жок.
Жолугушууда медиа менен мамлекеттик органдардын кызматташуусундагы өзгөчөлүктү түшүнбөстүк катышуучулар арасында бир топ талкуу жаратты. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү курч темаларды чагылдырууда журналисттер “сенсация фактыларынын” артынан кубалап, “хайп кылууну” каалашат, – деп терең ишенишет.
“Ала-Тоо 24” телеканалынын журналисти сот органдарындагы маалыматка жеткиликтүүлүк маселесин көтөрдү. Анын сөзү боюнча, сот органдары аймактык медиа үчүн жабык, ал жактан журналисттердин суроолоруна ачык жана түшүнүктүү жооп бере турган кишини табыш кыйын. Алар медиа өкүлдөрүнөн качат.
Козубек Иманкуловдун айтымында, кээ бир мамлекеттик органдар жеке менчик мекемеге айланып калган, алар жарандарга жана анын ичинде журналисттерге маалымат берүү өздөрүнүн түздөн түз милдети экенин унутушкан.
“Медиа полиси институту” коомдук фондунун аткаруучу директорунун орун басары ОФ Акмат Алагушев, журналисттер жаңылыктарды издеп таап жана жарыялоо менен жарандардын коомдук маанилүү маалыматка жеткиликтүү болушун камсыздай турганын белгиледи. “Анткени журналисттер жарандар менен мамлекеттик органдардын ортосунда көпүрө болуп, пикирлер менен фактылардын бирдей алмашуусун камсыз кылат. Муну эч качан эстен чыгарбоо зарыл”, – деди ал.
ЖМКга карата даттанууларды териштирүү комиссиясынын өкүлү Санжар Эралиев мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүн журналисттерди «өзүбүздүкүлөр жана өзгөлөр» деп бөлбөй, маалыматты бардыгына бирдей жеткиликтүү кылууга чакырды.
Блогерлердин макамы талкуунун эң курч учурларынын бири болду. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өздөрүн «блогер» деп атаган жактар менен кантип бирге аракеттенүүнү билбей турганын айтышты. Мамлекеттик кызматкерлер журналист эфирге бир материал чыгарса, ал эми социалдык медиадагы өз баракчасына таптакыр башкача маалымат чыгарган учурларды маселе катары көтөрүштү. Мында журналистиканын этикалык ченемдери бузулган көрүнүш жокпу деген суроого дагы кызыгышты.
Иликтөөчү журналистика фондунун жетекчиси Адель Лаишева талкуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, сыртынан караганда тынч көрүнгөн менен Таласта медиа уюмдар менен мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнбөстүк тоскоолдугу бардыгын белгиледи. Ошондуктан алардын ортосунда натыйжалуу байланыш түзүү үчүн белгилүү бир тыянактарды чыгаруу зарыл.
Облус жашоочуларынын медиа артыкчылыктары жөнүндө сөз кылууда, Таластагы Президенттин өкүлүнүн орун басары, үйүндө өзү чет элдик каналдарды көрө турганын мойнуна алды, анткени ата мекендик телекөрсөтүүнүн контенти жакшыртууну талап кылат. Мисалы, КТРК телеканалдарынын эфириндеги кызыктуу жана жаңы программалардын жоктугунан улам жалаң кайталоолор болуп турат, мисалы, бир эле берүү кыска аралыкта бир нече жолу кайталанып көрсөтүлөт.
Алмаз Исманов,
атайын journalist.kg сайты үчүн
Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.
Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.