Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Subtext журналисттерге ар бир текст боюнча окурман менен терең алака түзүүгө мүмкүндүк берет

Subtext журналисттерге ар бир текст боюнча окурман менен терең алака түзүүгө мүмкүндүк берет

«Биз медиа-компания же журналист өзүнүн аудиториясы менен баарлашкан башка платформа түзгүбүз келбейт».

Пандемиянын башталышында (эгерде алгачкы учуру эсиңерде болсо) ар бир олуттуу жаңылык басылмасы акыркы жаңылыктар жана талдоолор менен бөлүшүү үчүн коронавирус жөнүндө өздүк маалымат бюллетенин чыгарчудай сезилген.

Айрым сайттар мунун ордуна ар түрдүү платформаларды байкап көрүштү – мисалы, тексттик SMS-билдирүүлөрдү. Алсак, BuzzFeed News басылмасынын технологиялар жана коом боюнча аткаруучу директору Мэт Хонан өз аудиториясына тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүндүк берген Subtext платформасын пайдалана баштаган. Ал бул платформаны окурмандардын вирус жөнүндө суроолоруна жооп берүү үчүн колдонгон. Мен аны текшерүү үчүн катталып көрдүм.

Subtext платформасын 2019-жылы Alpha Group ишке киргизген. Subtext башкы директору жана негиздөөчүлөрдүн бири Майк Донохью айткандай, ал адамдарга өз аудиториясы менен олуттуу алака курууга мүмкүндүк берүү үчүн иштелип чыккан.

«Медиа-компаниялар социалдык тармактардагы ушул зор аудиторияны түзүүгө абдан көп убакыт, акча жана күч-аракет жумшашкан… бирок акыры алар ошол аудиторияны социалдык түйүндөрдөн (компаниялардан) ижарага алышат, аларга ээ боло алышпайт», – дейт Донохью.

Бирок текст билдирүүлөр менен алмашуу жагымдуу болду, анткени бул оор техникалык лифт эмес, баарлашууга бир кыйла ыңгайлуу жол.

«Биз Substack, Revue или Tinyletter сыяктуу маалыматтык бюллетендердин экосистемасын карап көрдүк. Биз мында диалог эки тараптуу болгонуна ынангыбыз келген», — деди Донохью, Биз медиа-компания же журналист өз аудиториясы менен сүйлөшкөн башка платформа түзгүбүз келген жок. Биз аны интерактивдүү жана пайдаланууга жөнөкөй кылгыбыз келди. Биз SMS —чындап жакшы жалпыга маалымдоо каражаты деп чечтик», – дейт ал.

Subtext албетте жаңылык уюмдары окурмандарды тарткан биринчи эле демилге эмес. Эки жыл мурда жаңылык уюмдары окурмандар текст билдирүүлөрүн ботторго жөнөтө алгыдай болушу үчүн Facebook Messenger кызматын пайдалануу менен эксперимент жасап көрүшкөн. (Бул ишке ашкан жок). Мурдагы башка эксперименттер 2019-жылы The Skimm компаниясы алган Purple текст билдирүүлөр платформасын камтыган. Outlier Media биринчи жолу текст билдирүүлөрдүн жардамы менен кирешеси аз жашоочуларга турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу маселелер боюнча пайдалуу маалымат алууга мүмкүндүк берген жергиликтүү журналистика кызматын ишке киргизген.

Subtext жаңылык уюмдары үчүн аспап катары текст билдирүүлөрүн сунуштаган платформа болушу менен айырмаланат.

Текст билдирүүлөрдүн купуялыгы, колдонуучулар социалдык түйүндөрдөрдү окуганда пайда болгондой баш ооруну же көпкө отура берүүнү сезбейт дегенди билдирет, бул аларды алда канча жакын кылат. Донохью жалпысынан бир гана адам катталуучу катары платформаны туура эмес колдонгону үчүн хост тарабынан өчүрүлгөнүн айтат.

Бул колдонуучуга өткөргүч зымдын экинчи учунда отурган журналист же бир инсан жөнүндө билип жана байланыш түзүүсүнө мүмкүндүк берет. Андай байланыш айрым адамдар катталуудан баш тартуудан өздөрүн жаман сезгендей таасирдүү болушу мүмкүн.

«Эй, мен катталуудан баш тартам, бирок кожоюнга айтпоону өтүнөм», – деген сыяктуу канча кат алганыбызды айта албайм», — деп Донохью күлүп айтып берди. «Менимче бул адамдар мында жекече түзгөн байланыштын белгиси. Мен электрондук почта боюнча жаңылык жөнөтмөлөрүнө катталуудан баш тартканым үчүн өзүмдү эч качан күнөөлүү сезген эмесмин. Анан мен өзүмдү санариптик медиага катталуудан баш тарткандан да эч качан күнөөлүү сезбейт элем».

Донохьюнун сөзү боюнча, Subtext катталуучуларынын кетип калышы анча көп эмес – болгону 2%. (Бул жаңылык уюмдары үчүн текст билдирүүлөрү жаңы көрүнүш болгонуна байланыштуу болушу мүмкүн. Эгерде алар жаңылык уюмдарында кеңири таралган болсо, тексттерден push-билдирүү жана электрондук почта боюнча келген маалыматтык бюллетендер сыяктуу оңой эле баш тартып коюуга болот).

Subtext жардамы аркылуу 500 000 киши эч болбоду дегенде 600 хосттун бирине катталган. Уюштуруучулар аны ар кандай пайдаланышы мүмкүн: аларды өздөрүнүн макалалары же жеке инсандар менен кызыктыруу үчүн катталуучуларды тартуу боюнча акысыз кампания катары; акы төлөгөн катталуучуларды кармап калуу кампаниясынын акысыз сунушу катары; же бир адамдан же кимдир бирөөнү өзгөчө кызыктырган тема боюнча билдирүү алуу үчүн жекече акы төлөмө катталуучу катарында колдонушу ыктымал.

Баалар ээсине жана колдонуучулардан текст үчүн акы алганына же албасына жараша өзгөрүп турат. Subtext платформасын колдонгон уюмдар (алар жаңылык агенттиги же башка уюм болушу дагы мүмкүн) «коомчулук үчүн ачык жактарды жана катталуу акысыз болгон санариптик каттоо өнүмүнүн башка катталуучуларын кармап калуу же кызыктырып тартуу кампанияларын жүргүзүү үчүн айына эки жүз доллардан тартып мүчөлүк акы төлөйт», — дейт Донохью.

Текс билдирүүлөр кызматын акысыз көрсөткөн басылмалар катталуучулардын же жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн санына жараша баага Subtext лицензиясын алат. Ал эми катталуучулардан текст үчүн айлык акы алган басылмалар Subtext менен кирешенин үлүшүн бөлүшүүгө макулдашат, ошону менен бирге басылмалар кирешенин 80% алат.

Маалымат купуялыгы — Subtext платформасынын негизги прициптеринин бири. Катталуучулардын топтолгон кандай маалыматы болбосун (мисалы, телефон номерлери жана электрондук каттар) хостко таандык жана эгерде алар кызмат көрсөтүүсүн токтотсо экспорттоого тийиш.

Subtext ким жекече текст билдирүүлөрүн ачып жатканын көрүүгө мүмкүндүк бербейт, себеби бул маалымат уюлдук телефон операторунан кайра артка берилбейт, бирок алар орточо ачылуу ылдамдыгын көрсөтө алат. Донохью билдирүүлөрдүн 92 пайызы сөзсүз ачылаарын айтат, анын 85 пайызы билдирүү жөнөткөндөн кийин бир саат аралыгында ачылат. Жооптун ылдамдыгы – Subtext платформасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири, анткени катталуучу баарлашууну баштоо үчүн алынган билдирүүгө жетиштүү каражат салганын көрсөтөт.

Жаңылык агенттиги Subtext платформасын ар түрдүү колдонот. BuzzFeed News аны калкып чыкма терезе катары пайдаланат, бирок NPR сыяктуу башка жаңылык агенттиктери аны өзүнүн подкасттарын маалымдоо үчүн колдонот. Подкасттарды жакшы көргөндөр алып баруучуларга пикирлерин жаза алат жана кийинки чыгарылышта эмне уккусу келгенин билдире алышат.

The Arizona Republic басылмасынын аудитория инновациялары боюнча директору П. Ким Буй коронавируска байланыштуу суроолорго жооп бериш үчүн Subtext платформасын пайдаланган. Ганнет кызматкерлерди бошотуу жөнүндө жарыя кылганда Буй, алар эмне үчүн аны көп укпай калышканын билдирүү үчүн колдонуучуларга СМС жөнөткөн жана алардан гезитке жазылууну өтүнгөн.

Globe and Mail рецептерди таратуу үчүн Subtext платформасын колдонот. The Dallas Morning News текст билдирүүлөрүнө акы төлөнүүчү жана акысыз катталууну чогуу сунуштайт – колдонуучулар күндүн жаңылыктар топтомун акысыз ала алышат же Dallas Cowboys гезитинин репортерлоруна текст билдирүүлөр үчүн айына 3,99 доллар төлөшөт.

«Эгерде силер жамааттык топ түзгүңөр келсе, анда электрондук почта конверсиясын эмес, алакаларды жакшыртуу керек», – деп айтты Донохью. «Биз аянтты карайбыз (маалыматтык бюллетень) жана маалыматтык бюллетенди толук чыгарууга чейин жетебиз деп ойлойбуз. Биз андан ары кайда барабыз? Биз бирге аракеттенүүнүн жана коммуникациянын алда канча терең жана олуттуу аспабын чындап пайдалуу деп эсептейбиз».

Hanaa ‘Tameez, NiemanLab

Макаланын түп нускасы

Окшош посттор