Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

#МедиаКербен Ошто. Журналисттер жана медиа көп, бирок биримдик жок

#МедиаКербен Ошто. Журналисттер жана медиа көп, бирок биримдик жок

Ош облусу – күчтүү журналисттик салттары менен белгилүү. Так ушул Ош облусунда эгемендүүлүктүн башында биринчи көз карандысыз телекомпаниялар жана гезиттер пайда болгон. Ошто жыйырма жылдан ашык өлкөдөгү биринчи ЖМКнын ресурстук борбору ийгиликтүү иш жүргүзгөн, ал менчигинин түрүнө жана багытына карабастан өз айланасына бардык журналисттер менен медианы бириктирген. Кийин анын үлгүсүндө Жалал-Абадда жана Баткенде ошол сыяктуу Борборлор ачылган. Бирок, тилекке каршы, бүгүн бардык борборлор жабылып калды.

Ош облусу: түштүк форпост

Ош облусу Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен чектешет. Аймактын жалпы аянты 29 миң чарчы чакырымды, же өлкө аймагынын 15,5 пайызын түзөт.

Ош облусу 1939-жылы түзүлгөн. 1990-жылы анын курамынан Жалал-Абад облусу, ал эми 1999-жылы Баткен облусу бөлүнүп чыккан.

Ош облусунун курамына 7 район кирет: Алай (Гүлчө а.), Араван (Араван а.), Кара-Кулжа (Кара-Кулжа а.), Чоң-Алай (Дароот-Коргон а.), Кара-Суу (Кара-Суу а.), Ноокат (Ноокат ш.), Өзгөн райондору (Өзгөн ш.), ошондой эле, 88 айылдык аймак бар.

Облустун калкы 1 млн 368 миң кишиден ашык (2020-ж. маалымат). Ош облусу Кыргызстандагы калкы эң жыш жайгашкан облус. Тыгыздык дагы өлкө боюнча эң жогору, бир чарчы метрге 400 кишиге чейин туура келет. Улуттук курамы дагы ар түрдүү – облуста 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт.

 

Оштон сүйлөйбүз жана көрсөтөбүз

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтына ылайык, Ош облусунда 2021-жылдын январына карата 26 жалпыга маалымдоо каражаты катталган. «Журналисттер» КБ маалыматы боюнча, Ош облусунда 7 телекомпания, 3 радиостанция жана 14 басылма иштейт.

Ошто биринчи гезиттер 1932-жылдан чыга баштаган. Алар “Ош жаңырыгы”, “Эхо Оша” жана “Уш Садоси” мамлекеттик басылмалары болгон. Совет убагында алар башка аталыш менен чыгып турган. 1990-жылдан тартып Ошто үч тилде “Вечерний Ош” (“Ош шамы”) шаардык гезити чыгат. Бүгүнкү күнү бул басылма мэриянын жана Ош шаардык кеңешинин басма органы.

Ош облусунун медиа рыногунун өзөчөлүктөрүнүн бири – кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги медианын бардыгы болуп саналат. Мисалы, “Уш Садоси” облустук гезити, Араван районундагы “Дустлик” райондук гезити чыгат.

2005-жылы “Ош-3000” облустук телерадиокомпаниясынын базасында “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы түзүлгөн, негизги жамааты Ошто иштейт, ал эми жетекчилиги жарым-жартылай Бишкекте турат.

2011-жылы этностор аралык жана маданияттар аралык ынтымакты чыңдоо жана коомдук телерадиоберүүнүн ролун жогорулатуу максатында Ошто кыргыз жана өзбек тилдеринде обого чыккан “Ынтымак” Коомдук аймактык телерадиокомпаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

2022-жылы өлкөнүн эң улуу жеке менчик телеканалдарынын бири “Ош ТВ” Ош мэриясынын жана шаардык кеңешинин менчигине өткөрүлгөн. Бул тууралуу чечимди 10-февралда шаардык депутаттар кабыл алган. Телекомпаниянын жамааты буга каршы болгон.

Маалымат үчүн, “Ош ТВ” Кыргызстандагы эң биринчи жеке менчик телеканал. Ал 1991-жылдан тартып көрсөтөт. 2014-жылдан тартып мамлекеттин карамагына өткөн жана КР мамлекеттик мүлк фонду тарабынан башкарылып келген.

Жаңы форматтагы медиалардан Таир Турсуналиев атындагы журналистика мектебинен өсүп чыккан “Т-Медиа” компаниясын бөлүп айтууа болот. Бүгүн “Т-Медиа” өлкөнүн түштүгүндөгү курч репортаждары жана резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү болгон алдыңкы медиалардын бири.

 

Журналисттер көп, бирок биримдик начар

Иликтөөчү-журналист Болот Темировдун жана Kaktus Media онлайн-басылмасынын айланасындагы акыркы окуяларда журналисттердин катарындагы биримдиктин жоктугу боюнча журналист Гульзат Газиева кооптонууларын бөлүштү.

“Мен социалдык медиадан менин эле кесиптештерим өздөрүнүн эле кесиптештери иштеген башка медианы жабууга чакырганын көргөндө капа болдум. Алар посттордун алдына жагымсыз пикирлерди калтырышкан. Тилекке каршы, биздин арабызда ынтымак жок. Биз бири-бирибизди колдобойбуз”, – деди Гульзат Газиева.

“Журналисттер” КБ координатору Марат Токоев, тилектештиктин жоктугу бардык жерде байкалаарын моюнга алды.

Журналисттердин арасындагы кесиптештик тилектештиктин жоктугунун негизги себептеринин бири катары – алардын башын кошо алган медиа уюмдун жоктугу болжолдонот. Өлкөдөгү ар бир медиа уюм өз ишмердүүлүгүн Бишкек жана долбоордук милдеттер менен чектеп, өз жашоосу менен жашайт. Атүгүл журналисттердин эки союзу дагы мындай колдоосу менен мактана албайт, анткени алар аймактык журналисттердин жана медианын ишине кызыкпайт. Айрым журналисттер ошол союздардын бар экенинен таптакыр кабары жок.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында ЖМК ресурстук борборлорунун жабылышы бул аймактардагы журналистиканын өнүгүүсүнө терс таасир эткен. Бүгүн облустарда аймактык журналисттер өз ара пикир алмашып, кесиптик маселелерди талкуулоого чогулуп, окуудан өтүп жана өздөрүнүн укуктарын коргоо үчүн зарыл аянтчалар жок.

 

“Медиа уюмдар биздин муктаждык менен мүмкүнчүлүктөрдү эске албайт”

Аймактык журналисттер Бишкекте же башка жактарда өткөрүлгөн тренингдер менен семинарларга катышууга дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербей турганын айтышты. Өздөрү билдиргендей, гонорардык эмгек акыга көз каранды болгон көпчүлүк кесиптештер жумуштан бир күндөн ашык кете алышпайт. Анын үстүнө мамлекеттик медиадагы айлык акы айына 8 миң сомдон араң ашат.

“Эмнеге аймактык журналисттер арасында тренерлер үчүн тренинг өткөрүүгө болбосун? Биз окутуудан өтүп, жер-жерлерде ушундай эле окууну өтүлгөн темалар боюнча өткөрө алат элек. Биз алган билимибиз жана көндүмдөр жаңы кезинде кесиптештерге бере алабыз. Эмнеге мындай демилгени колдогонго болбосун?”, – деп журналисттердин бири сунуш кылды.

Мамлекеттик медиада иштеген журналисттер гранттык программаларга катышуудан жана кызматташуудан баш тартылган учурларды белгилешти, анткени формалдуу түрдө мамлекеттик органдар алар иштеген медианын уюштуруучулары болуп саналат. Бүгүнкү күнү аймактарда мамлекеттик эмес уюмдар ээлик кылган медиа абдан аз экени чындык.

 

Жарандардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу зарыл!

«Жакында мен дагы башка миңдеген биздин мекендештер сыяктуу эле Москвада миграцияда болдум. Ал жакта кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташты. Анан социалдык медиада жана мессенджерлерде чагымчыл мүнөздөгү ар кандай үн билдирүүлөрү тарала баштады. Колдонуучулар атүгүл анын кесепети жөнүндө ойлонуп да, маалыматтын тууралыгын текшерип да көрүшкөн жок. Жыйынтыгында, орусиялык бийликтер бардык тиешеси бар жактарды депортация кылды. Мындай мисалдар көп. Колдонуучулар фейк билдирүүлөрдү бөлүшкөн башка учурлар дагы бар. Мисалы, жакында Афганистандан келген эски видеону бизде болгон окуя катары бөлүшө башташкан. Андыктан жарандардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүү керек», – деп эсептейт оштук журналисттердин бири.

Журналисттер социалдык медиадагы троллдор арасында блогерлер жана журналисттер аз эмес экенин дагы моюнга алышты. Муну баары билет жана кадыресе көрүнүш болуп калды.

Алмаз Исманов,
атайын «Журналисттер» КБ үчүн

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор