Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Өмүрбек Текебаев Адилет Айтикеевдин үстүнөн арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналист Адилет Айтикеевдин үстүнөн Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына арызданды. Буга журналисттин депутатты “мародер” деп атап, “Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын аппараттарын тартып алып, өзүнүн “Сентябрь” каналына жумшаган” деп гезитке жазган маалыматы себеп болгон.

Өмүрбек Текебаев Айтикеевге чара көрүүнү өтүнүп, милицияга кечээ кайрылганын “Азаттыкка” айтты:

– Айтикеев мага жалаа жаап жатат. Ошондуктан анын үстүнөн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жаздым. Алар үч күн ичинде кылмыш ишин козгошу керек. Айтикеевдин айткандары далилденсе, мен мыйзам алдында жооп берем. Эгер далилдей албаса, ал жооп берет.

Журналист Адилет Айтикеев Текебаевге байланыштуу маалыматты ишеничтүү булактардын негизинде жазганын, депутаттын өзүнө байланышып тактоого мүмкүн болбогонун, анын пикирине да гезит бетинен орун берүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда жалган маалымат тараткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам быйыл май айында кабыл алынган. Эгер журналист, саясатчы же кимдир бирөө туура эмес маалымат таратып, аны сот далилдесе, анда доого жыгылган тарапка 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же ал 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

«Азаттык»

Окшош посттор