Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым жасоону туура көрбөйт жана ЖМКны «өз жана жат» деп бөлбөйт

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым жасоону туура көрбөйт жана ЖМКны «өз жана жат» деп бөлбөйт

Бул жөнүндө президенттин милдетин аткаруучунун пресс-катчысы Галина Байтерек бир катар медиа уюмдардын Жапаровду журналисттердин кадырын кетирүүдөн жана жаман көрсөтүүдөн карманууга чакыруусуна карата билдирди.

Эске салсак, медиа коомчулук президенттин милдетин аткаруучунун ЖМК дарегине карата пикири боюнча билдирүү жасаган. Садыр Жапаров 3-ноябрда «Region» телеканалына берген интервьюсунда «Азаттык» радиосу жөнүндө өзүн «катуу сындап жана сөздөрүн бурмалап жатат» деген пикирин айткан. Ошол билдирүүдөн кийин коомдук түйүндөрдө «Азаттыктын» дарегине коркутуулар көбөйгөн.

Кыргызстандын медиа уюмдары президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан Басма сөз жана маалымат күнү «журналисттерге карата терс пикирди пайда кылууга жөндөмдүү жана ошонусу менен Кыргызстандагы эркин басма сөзгө коркунуч келтире турган» ачык билдирүүсү боюнча абдан тынчсыздануусун билдирген.

Медиа уюмдар президенттин милдетин аткаруучунун ЖМК дарегине тил тийгизүүсүнөн улам «журналисттер коомдук тармактарда жана октябрдагы нааразылык акцияларын чагылдыруу убагында коркутуулар жана куугунтуктоолор бутасына айланды» деп эсептейт. Бир катар ЖМК өкүлдөрүнө азыркы президенттин милдетин аткаруучунун тарапкерлери жактан ар кандай кысымдар көрсөтүлдү.

«Биз президенттин милдетин аткаруучуну эркин ЖМКнын демократиялык коомдогу ролун коомчулук алдында таанып жана тастыктоого жана журналисттерге сөз тийгизүүдөн карманууга чакырабыз. Маалыматка алда канча толук жана калыс жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн ЖМКга үзгүлтүксүз маалымат жыйындарын өткөрүүнү жана саясий фаворитизмден качууну сунушутайбыз», – деп медиа коомчулук белгилеген.

Галина Байтеректин айтымында, Садыр Жапаров «эркин басма сөздү демократиялык мамлекеттин ажырагыс бөлүгү жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн факторлорунун бири болуп саналат», – деп эсептейт.

«Ушуга байланыштуу айрым медиа уюмдардын кооптонуулары негизгиз болуп саналат. ЖМК бардык темаларды ачык-айкын чагылдырууга жана маалыматты коомчулукка калыс түрдө жеткирүүгө тийиш. Президенттин милдетин аткаруучу бир гана өңүткө – сөз эркиндиги менен катар дайыма жоопкерчиликтин дагы болушуна чакырат», – деп басма сөз катчысы белгилеген.

Ал 12-ноябрда Жапаров маалымат жыйынын өткөрө турганын, анда коомчулуктун бардык суроолоруна жооп берээрин кошумчалады.

Окшош посттор