Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“ЭлТР” коомдук телекомпаниясы 6 млн. сомго жабдыктарды сатып алат

“ЭлТР” коомдук телекомпаниясы 6 млн. (130 000 $) сомго жабдыктарды сатып алат. Бул туурасында  vb.kg  интернет сайты маалымдады.

Сынак туурасында кулактандыруу кечээ, 4-сентябрда жарыяланды деп мамлекеттик сатып алуу Бюллетенинде билдирилген.

“Телекомпания, 3х2 метр өлчөмүндөгү LED видео дубалын, сызыктуу эмес монтаж станциялары үчүн компьютер, жака жана кол микрофону менен радиосистема, программалык-аппараттык комплекс сатып алууну көздөөдө”,-деп маалымдайт vb.kg  .

Тендердин заявкалары 26-сентябрда Ош шаарында ЭлТРдин башкы кеңсесинде ачылмакчы.

Окшош посттор