Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарын журналисттеринин маалымат алуудагы маселелери

Нарын журналисттеринин маалымат алуудагы маселелери

Нарын областында өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына карабастан жарандардын кыймылдарына катуу чектөөлөр киргизилүүдө. Натыйжада жергиликтүү кабарчылардын жана журналисттердин маалымат алуудагы мүмкүнчүлүктөрү да чектелүүдө.

Нарын областы ЖМКлар аз аймактардын катарына кирет. Анткени мамлекеттин каржылоодогу Нарын облустук медиа борбордон (НОМБ) сырткары облустук алкакка маалымат тараткан бир дагы жеке менчик теле берүү, гезит жана сайт дагы жок. Болгону республикалык айрым ЖМКлардын жана сайттардын аз сандагы өз кабарчылары эмгектенишет.

Бизде маалымат алууда эч кандай көйгөй жок, – деди НОМБдун башкы деректири Каныкей Жунусова айым. – Коронавирус боюнча Республикалык жана областтык штабдардан маалыматтарды үзгүлтүксүз алуудабыз. Ал эми тиешелүү адистер түз эфир аркылуу көрүүчүлөргө жооп беришүүдө. Жагдайга жараша департаменттин тапшырмасы боюнча “Теңир Тоо” гезити белгисиз мөөнөткө чейин жабылды. Сайттагы кызматкерлер үйлөрүнөн олтурушуп маалыматтарды беришүүдө. Бизге атайын сегиз комплект кийим келди. Хлор, бет каптардан жардамдар берилүүдө.

Бирок өз кабарчылар маалымат алууда кыйынчылыктарга тушугуп жаткандарын билдиришти.

“Кырдаал боюнча жеринен барып тактап маалымат алуу кыйынчылыгы бар. Айрыкча саламаттыкты сактоо тармагы менен иштешүү оор болууда. Мисалы, областтык үй-бүлөлүк медицина борборуна телефон чалганда бир эже алат. А киши, мен билбеймин, жетекчибиз жок дейт. Жетекчилери такыр телефонду алышпайт. Арга жок штабдан же областтык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан гана алар кандай дешсе, ошондой маалымат алууга аргасыз болуудабыз, – деген маселесин келтирди эл аралык “Sputnik Кыргызстан” маалымат агенттигинин Нарын областындагы өкүлү Максат Абдракунов. Ушундай эле пикирди “Азаттык” үналгысынын өз кабарчысы Мирлан Кадыров дагы тастыктады.

“Башка маалыматтарды алуу кадыресе эле көрүнүш. Анткени көбүнүн кызыкчылыктары бар. Бирок таажы чечек кара тумоо (коронавирус) боюнча маалымат алууда көйгөйлөргө кептелдик. Саламаттыкты сактоо тармактарындагы жетекчилер телефонду көтөрүшпөйт. Ошондуктан областтык штаб, өкүлчүлүк, мэрия берген маалыматтар менен гана чектелүүдөбүз, – деди М.Кадыров.

“Маалымат алууну жеңил деп айтыш кыйын. Мендеги оор кыйынчылык маршруткалардын дагы токтоп калгандыгынан улам жаралды. Себеби, үйүм шаардын батыш тарабында алыс орун алган. Арга кеткенде кээде маалыматтарды жеринен такташ үчүн велосипед тээп баруудамын. Көпчүлүк телефон аркылуу жооп бергенден жаа боюу качышат. Тактап, телефон чалайын деп коюшуп, кайра байланышпайт. Чалсаң телефондорун алышпайт, – деген жүйөөсүн айтты “АКИpress” маалымат борборунун жергиликтүү кабарчысы Алмаз Өмүрзаков.

Ал эми Өкмөт өкүлүнүн маалымат катчысы Назгүл Мүсүралиева соңку күндөрү өзү дагы ЖМК өкүлдөрүнө маалымат бере албай калгандыгын ачыктады: “Башында областтык штаб аркылуу жана мен дагы сураштырып маалыматтарды кайрылган журналисттерге берип турчумун. Бирок бир нече күндөн бери маалыматтарды Республикалык штаб бергенден кийин гана чыгара баштадык.

7-апрелге карата Нарын шаарында 5 адамда коронавирус дарты бар деп аныкталды.

Сүрөт https://kloop.kg/ сайтынан алынды.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областындагы
өкүлү

Окшош посттор