Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Аймактагы маалыматтар элге жеткиликтүүбү?

Аймактагы маалыматтар элге жеткиликтүүбү?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында аймактарда болуп жаткан окуялар, элеттеги элдин жашоосу, көйгөйү жөнүндө маалыматтар азыраак экенин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү белгилешти.

Алай районунун алыскы Талды-Суу айылынын тургуну Батма Чотуева мектепте иштейт. Жергиликтүү жаӊылыктар жөнүндө көбүнчө райондук басылмалардан жана YouTube-каналдардан көбүрөөк кабардар болушарын айтат:

«Кандайдыр бир ишкананын ачылышы сыяктуу окуялар болгондо эле телевидениеден журналисттер келип видеого тартып кетпесе, биз жашаган жерге журналисттер көп эле келе беришпейт. Айылдагы көйгөйлөр жөнүндө Өкмөттөн же райондон өкүлдөр келсе айтып калабыз. Азыр айылдарда болуп жаткан окуяларды эл өздөрү эле видеого тартып, интернеттен таратып жатышпайбы. Биз көбүнчө өзүбүздөгү маалыматтарды Ютубдан көрөбүз. Кыргызстандагы жаӊылыктарды телеканалдардан көрөбүз. Бизде 11 канал тартат. Гезиттерди да окуйбуз. Почта аркылуу «Супер-инфо», «Алай таӊы», «Ош жаӊырыгы», мугалимдердин «Билим шамы», «Кут билим» гезиттери келип турат», – деди Батма Чотуева.

Анвар Кушубаков болсо дыйканчылык менен алектенет. Эрте жаздан кеч күзгө чейин талаада эмгектенгендер кечкисин телевизордон кабарларды көрүп, эс аларын айтат:

«Кечки жаӊылыктарды көрүү кадимки адатка айланган. Мен мамлекеттик жана менчик телевидениелерде маалыматтарды кантип берип жатканын салыштырып көрөм. Акыркы кезде бүт эле саясат болуп жатып калды. Бирок айылдардагы маалыматтар азыраак берилет. Биздин айыл чакан болгон үчүнбү, же бизде маанилүү жаӊылык болбой жатабы, айыл өкмөтүбүз жөнүндө деле маалыматты телевизордон көрө элекмин. Бирок айылдыктардын вотсап группасынан ким улак берип жатат, кимдин мааракеси өтөт, кайсы айылда ашар жүрүп жатат, ушул сыяктуу маалыматтарды угуп, окуп кабардар болуп турабыз. Анткен менен ал жерде дейди сөздөр да көп айтылат», – деди Араван районунун тургуну Анвар Кушубаков.

Ал эми Кара-Кулжа районунун тургуну, пенсионер Ыкыбал Алыбекова көбүнчө соцтармактарда тарап жаткан маалыматтардын чын-бышыгы ойлондурарын белгиледи:

«Мурдагыдай радио укпай калдык. Кыргызстандын жана Россиянын бир нече каналдарын көрөбүз. Аймактардагы жаӊылыктар аз берилет. Биздин айылга телеканалдан келгендер мадиний, чыгармачыл адамдар жөнүндө акчага тартып кетип жүрүшөт. Көйгөйлөр айтылбай эле калат. Айылдарда болуп жаткан окуялар райондук «Мезгил үнү» гезитине чыгат. Ошодон окуйбуз. Ал эми Интернетте болсо кырсыктар, бири-бирин жамандоолор, саясат жөнүндө маалымат көп. Кайсы чындык, кайсы жалган экенин ажыратуу кыйын», – деди Ыкыбал Алыбекова.

Ош болусунда аймактарды маалымат менен камсыздаган райондук басылмалар: Алайдын «Алай таӊы», Кара-Кулжанын «Мезгил үнү», Өзгөндүн «Өзгөн нуру», Аравандын «Достук», Кара-Суунун «Эмгек майданы» жана Ноокаттын «Ноокат таӊы» гезиттери чыгат. Республикалык каржылоодон чыгып, өзүн-өзү каржылоого өткөн гезиттер жазылуу жана жарнама аркылуу каражат таап, жашап келатышат.

Санариптешүү маалында маалыматтар ар түрдүү жол менен кенен тарап жатса да, гезиттин ролу дагы деле зор экенин айтат «Өзгөн нуру» гезитинин башкы редактору Жолдошбек Анашов:

«Биз айылдарга чыгып, маалымат топтоп, эл менен тыгыз байланышта болобуз. Гезитти өзүбүз таратып, жазылуу жүргүзүп, ошону менен бирге маалымат да топтойбуз. Мурда «штаттан сырт  кабарчы» деген болчу. Бизде азыр айылдардан кабар жазып тургандар бар. Алардын материалдарын биз оӊдоп, анан жарыялайбыз. Алардын кол жазмасын сактап коебуз.

Гезиттеги маалыматтар такталып гана берилет. Себеби, азыр сайттардагы такталбаган маалыматтарды оӊдоп, редакторллп, же такыр өчүрүп салса да болот экен. Гезит чыккандан кийин колуӊда далил болуп тура берет. Гезит грамматикалык сабаттуулук үчүн да маанилүү», – деди башкы редактор.

«Өзгөн нуру» гезити Бишкек шаарында түстүү болуп басылып, 8 бет менен айына эки жолудан жарык көрөт.

Такай аймактардагы жаӊылыктар, саамалыктар жөнүндө жазган «Турмуш» интернет-басылмасы да бар.

Анда кабарчылар ар бир регион, айыл өкмөттөр, жеке маалымат булактар менен тыгыз иштешерин «Турмуш» интернет-басылмасынын Оштогу редактору Адашгүл Акматова кабарлады.

«Ар бир айыл өздөрүнө тиешелүү болгон маалыматты окугусу келет. Кызыктуу рубрикаларыбыз бар: «Жеңеке», «Айыл турмушу», «Репортер» ж.б. Жашоочулар көйгөйлөрүн айтып кайрыла да алышат. Анонимдүү болсун дегендер үчүн купуялуулук сакталат. Болгон окуяны жазып же сүрөт-водеого тартып, сайтта жазылган номерлерге жөнөтүшөт. Редакторлор чын-төгүнүн билип, тиешелүү кызматтар аркылуу тактап, анан сайтка жарыялайбыз», – деди Адашгүл Акматова.

 

Аймактардагы маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кантип жакшыртса болот?

Сурамжылоо көрсөткөндөй, аймактарда жашагандар өздөрү жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) аз жарыяланарын, көбүнчө соцтармактарда тараган авторсуз маалыматтар, кыска видеолор аркылуу кабарларды угуп-билип турушарын айтышты.

Эл менен кайтарым байланыш кылуу абдан маанилүү экенин айтат «Турмуш» басылмасынын Оштогу редактору:

«Азыр интернеттин заманы. Мындан улам кайсыл айыл болсо да айыл тургундары, жаштары менен байланышып, маалымат алып, кайра өздөрүнө жиберип, кайтарым байланышты жакшыртып, сайтыбызда бөлүшүп турсак, тезирээк маалыматка ээ болуп, аларда да кызыгуу пайда болот», – дейт Адашгүл Акматова.

Бир нече жылдан бери Кыргызстандын аймактарында жамааттык радиолор жана мультимедиалык борборлор да иштеп баштаган.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин башкаруу кеӊешинин төрайымы Айзада Калканбекова жамааттык кабарчылар айылдардагы маанилүү маселелер жөнүндө ар тараптуу пикирлер менен кеӊейтилген материал кылып жарыялап жатышканын белгиледи:

«Айылдарда абал кандай, алыскы айылдарда эмне жаӊылыктар бар, аларда кайсы көйгөйлөр маанилүү, азыр болсо Ковид пандемиясы учурунда кары-картаӊ, аялдар, балдардын абалы жөнүндө материалдар даярдалууда. Жамааттык кабарчылар жергиликтүү бийликтер, айылдагы ар кандай уюмдар менен кызматташат, соцтармактардагы өздөрүнүн каналдары аркылуу элден маалыматтарды алып, ошолорду тактап, тууралап бергенге аракет кылышат. Жамааттык радионун кабарчылары алыскы аймактарга барышып, абал кандай, кандай чечимдер кабыл алынып жатат, ошолор жөнүндө көбүрөөк жазганга аракет жасайбыз», – деди Айзада Калканбекова.

Ош облусунда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында жана Куу-Майдан айылында жамааттык мультимедиа борборлору иштейт. Айылдагы болуп жаткан кабарларды өз сайтына жана www.kyrgyzmedia.kg платформасына жайгаштырышат. Маалыматтар кыргыз тилинде.

Айзада Калканбекова элдин ой-пикирин билип туруу абдан маанилүү экенин  кошумчалады:

«Жамааттык медиалар чакан айылдарда жайгашкан. Эл менен түздөн-түз иштешебиз. Мисалы, сурамжылоо жүргүзөбүз. «Эл кандай маалыматтарды уккусу, кайсы темаларда талкууларды кылгысы келет» деп. Жамааттык медиаларга айыл тургундары өздөрү да келип, талкууларды жүргүзүп турат. Эл программаларды жасоого катыша алат. Мисалы, учурда конституциялык кеӊешме, конституциялык реформа тууралуу талкуулар жүрүп жатат. Мультимедиалык борбордун кеӊсесине эл арасындагы активисттерди, айымдарды, улууларды, жаштарды чакырып алып, алардын ойлорун угуп, талкуулап жатышат. Рупор менен иштечү элек, пандемия башталгандан бери баары онлайнга өттүк – аймактарда да интернет байланышы жакшы болуп калды. Соцтармактар аркылуу түз эфирлерди уюштуруп, маалымат таратууга аракет кылып жатабыз», – деди Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин башкаруу кеӊешинин төрайымы Айзада Калканбекова.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Ош облусундагы өкүлү

Окшош посттор