Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдырууга журналисттер арасында конкурс

Миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдырууга журналисттер арасында конкурс

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду миграцияга кабылган кыз-келиндердин позитивдүү ролун жана жамааттарды өнүктүрүүгө жана тынчтыкты жаратууга салымын мыкты чагылдырууга журналисттер арасында конкурс жарыялайт.

Конкурс Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ), БУУ-Айымдар жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) БУУнун Тынчтыкты жаратуу фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Коомдун инклюзивдик жана тынч өнүгүшү үчүн миграцияга кабылган кыз-келиндердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Конкурстун максаты өлкөнүн жана өз жамааттарынын өнүгүшүнө мигрант кыз-келиндердин позитивдүү салымын, ошондой эле алардын тынчтыкты жаратууга жана сактоого салымын кеңири чагылдыруу болуп саналат.

Конкурстук иштер төмөнкүдөй темалар боюнча берилиши мүмкүн: азыркы мигрант айымдын портрети; мигрант айымдардын экономикалык, интеллектуалдык жана инфраструктуралык салымдары; миграцияда жүргөн же мекенине кайтып келген кыз-келиндер тарабынан өз коомдоштугун өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү иш; ийгиликтүү мигрант эне, ийгиликтүү мигрант кыз; мигрант айымдар – тынчтыкты жаратуучулар; өз үй-бүлөсүн жана коомдоштугун (шаарын, айылын) өнүктүрүүдө жаш мигрант айымдардын позитивдүү салымы жана ролу; коомдоштукту өнүктүрүү жана тынчтыкты жаратуу боюнча мигрант кыз-келиндердин демилгелерин колдоодо үй-бүлө жана/же жергиликтүү бийлик тарабынан позитивдүү практика; миграцияда жүргөн кыз-келиндерге карата бүткүл жамааттын өнүгүшүнө терс таасир этүүчү жаманатты кылуулар; мигрант кыз-келиндердин үй-бүлө жана жамаат тарабынан бааланбаган салымы (үй-бүлөнү, коомду жана өлкөнү өнүктүрүүгө мигрант айымдардын салымынын масштабдары); айымдар миграциясы: тобокелдиктер жана коопсуз миграция; COVID-19дун Кыргызстанда таралышына каршы күрөшүүдө мигрант айымдардын салымы.

Конкурска төмөнкүдөй жанрдагы материалдар кабыл алынат: макала (макалалардын цикли); видео жана аудио сюжет (теле жана радио сюжеттердин, видеоблогдордун цикли).

Конкурска сунуш кылынган материалдар 2020-жылдын 1-декабрынан тартып 2021-жылдын 28-февралына чейинки мезгилде жарыяланууга, эфирге чыгууга тийиш.

Материалдын тили: мамлекеттик жана/же расмий тил.

Байгелүү орундар:

1-орун – 25 000 сом

2-орун – 18 000 сом

3-орун – 10 000 сом (эки орун).

Жана кызыктыруучу сыйлыктар.

Сиздер конкурс жөнүндө толук Жобо менен www.roza.kg (шилтеме) сайтынан тааныша аласыздар.

Конкурсту өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жана маалымдоочу маалыматты алуу үчүн байланыштар:

Телефон (WhatsApp гана): 0772855710, 0555850707

Жумуштагы телефон: +(996) 312 660 382

Электрондук почта: office@roza.kg

Facebook: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ«Мигрант аял-өнүгүүтүркүгү»

Жобо

Окшош посттор