Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналист Канат Каниметов алгачкы тергөөчүнүн аракетине арызданды

Журналист Канат Каниметов алгачкы тергөөчүнүн аракетине арызданды

24-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда журналист Канат Каниметов жана анын жактоочусунун Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнын алгач тергөөчүсүнүн аракетине карата арызы каралат. Бул тууралуу «Медиа институту полиси» билдирди.

Алгач тергөөчү Facebook социалдык тармагынан жарыялаган пост үчүн Каниметовго карата КР «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 119-беренеси боюнча (майда бейбаштык) жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын жарыялабоо жөнүндө тилкат алган.

Эске салсак, 2021-жылы 23-мартта журналист Канат Каниметовдун Facebook социалдык тармагына 2021-жылы 3-февралда блогер Юрия Барабинанын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүгө карата бийликти сындаган постуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ал жөнүндө ыкчам маалымат жыйноо чаралары көрүлгөн.

Айтсак КР ИИМ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнүн рапортунда, Каниметовдун жогоруда аталган посту «өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына» алып келиши мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

2021-жылы 12-майда Каниметов өз жактоочусунун көзүнчө Аламүдүн районун ИИБ кызматкери Калыбеков Азамат тарабынан суралган. Суракта Каниметов өзү жарыялаган постто эч кандай мыйзам бузуу жок экенин көрсөткөн, о.э. эгерде кызмат адамдарынын кимдир бирөө жарыяланган маалымат ар-намысына жана беделине шек келтирет деп эсептесе, анда алар белгиленген жарандык тартипте укуктарын коргоо үчүн сотко кайрыла алышаарын айткан. Өз пикирин жарыялоо – бул анын конституциялык укугу экенин белгилеген.

Сурактан кийин алгач тергөөчү сотко чейин өндүрүштүн маалыматтарын жарыялабоо жөнүндө тил катка кол коюуну сураган, бирок мындай тил кат алуунун себебин түшүндүрө алган эмес. Өз кезегинде Каниметов тил катка: «Макул эмесмин, даттанам» – деп жазган.

Алгач тергөөчү жактоочудан кол коюуну талап кылган эмес. Азыркы учурда РИИБдин алгач тергөөчүсүнүн иш-аракетине даттануу боюнча сотко материалдар даярдалып жатат.

«Алгач тергөөчүнүн иш-аракеттери Канат Каниметовдун ой-пикирин эркин билдирүүгө карата конституциялык укуктарын бузат жана Facebook социалдык тармагынан жарыялаган пост үчүн Каниметовго карата КР «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 119-беренеси боюнча (майда бейбаштык) жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын жарыялоону чектөөгө багытталган. Ушуга байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнын алгач тергөөчүсүнүн иш-аракетине карата даттануу берилди», – деп Медиа полиси институтунан жазышты.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБн
ын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор