Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналист Канат Каниметовго майда бейбаштык боюнча кылмыш ишин ачышты

Журналист Канат Каниметовго майда бейбаштык боюнча кылмыш ишин ачышты

Журналист Канат Каниметовго карата Аламүдүн райондук ИИБ Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материал каттатты.

Бул тууралуу Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо боюнча комитетинин» кызматкерлери билдиришти. Алар буга чейин журналисттин жакында УКМКга сурак бергенине, ошондой эле, анын туугандарына карата асылууларга байланыштуу Канат Каниметовдон интервью алышкан.

Интервьюдан кийин «Журналисттерди коргоо боюнча комитети» Кыргызстандын укук коргоо органдарына сурам жөнөтүп, күтүүсүз жооп алган.

Америкалык корреспонденттердин сурамына жооп катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Ж.Джоробеков, «жаран К.Каниметовго карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесине ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материал катталганын» кабарлаган.

Аталган Кодекске ылайык, 119-берене – бул «майда бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, буга тете эле мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолуучу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуучу атайылап жасалган аракеттер, – II категориядагы айып пул же болбосо эркиндикти II категориядагы чектөө түрүндөгү жазага алып келет (1 жылга чейин)».

Канат Каниметов өзү таң калганын жашырбайт. Ал ошол беренеге туура келе турган кандайдыр бир чекилик иш-аракеттерин дагы деле эстей алган жок.

«Мен акыркы жолу тогузунчу классымда мушташкам жана анда да утулуп калгам. Айран таң калып жатам! Эч нерсе түшүнүксүз. Иш качан козголгон? Эмне «күнөөм» үчүн? Арыз барбы?», – деп жазды журналист.

Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ысык-Көлдө журналист Канат Каныбеков мурда жашаган үйгө келишкен жана кайда жүргөнүнө кызыгышкан. Ага чейин Абдил Сегизбаевге карата ачылган кылмыш ишинин алкагында журналист УКМКда суракка алынган.

Азамат Касыбеков,
«Журналист
тер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Окшош посттор