Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Матраимовдордун ЖМКга каршы доо арызы боюнча соттук угуу болбой калды

Матраимовдордун ЖМКга каршы доо арызы боюнча соттук угуу болбой калды

Бишкектин Сверлов райондук сотунда Матраимовдордун үч ЖМКга – 24.kg, Kloop жана «Азаттык» жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча соттук угуу жылдырылды.

Бул доогер «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фондунун өкүлдөрүнүн бири Лейла Байдаеванын жыйынга келбегенинен улам болду. Ал соттук угууну жылдыруу боюнча келтирилген өтүнүчтө келбей калган себеби катары Түркияга иш сапарын көрсөткөн жана авиабилеттин көчүрмөсүн тиркеген.

Сот катышуучуларды бир сыйра сурап, жыйынды 11-декабрга жылдырууну чечти.

Эске салсак, бул иште Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Миновар Джумаева, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын аялы Ууулкан Тургунова, о.э. «Исмаил Матраимов атындагы фонд» КФ доогер болуп саналат.

Доогер тарап ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо үчүн «Азаттыктан» – 22,5 миллион, журналист Али Токтакуновдон – 10 миллион, Kloop редакциясынан – 12,5 миллион жана 24.kg басылмасынан – 15 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап, сотко кайрылган.

Окшош посттор