Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Туура маалыматтын өксүгү…

Туура маалыматтын өксүгү…

Нарында, деги эле өлкөдө коомчулуктун ишенимине кирген жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) барбы? Болсо алар канчалык деңгээлде коомдо болуп жаткан бардык кабарларды, жагдайларды, окуяларды, маалыматтарды ачык-айкын, так жана аныктыкта жарыялашууда? Тек, ошол эле учурда социалдык медиаларда (соцтармактар) жыбырап жазылып жаткан ар кыл пикирлер ишенимдүү маалымат булагы катары сыпатталуудабы?

Оңдоо үчүн убакыт керек

Биз өткөн серептөөлөрүбүздө карапайым калк катмарынын маалыматтарды алуу жараяндарына баам салган элек. Бул жолкусунда өңчөй облустук, шаар жана райондук бийлик жетекчилеринин пикирлерин эшиттик. Анткени алар башкаруучу, жетектөөчү жана аткаруучу бийлик адамдары болуп саналышат. Эми белгилүү болгондой, калк катмарына кечээки ыраматылык “Кенеш Өкмөт” доорундагыдай ар бир үйгө гезиттер жеткирилбейт. Андагыдай бардык жарандар бир гана мамлекеттик телелерди көрүшүп, радиолорду угушпайт. Бийлик адамдары маалыматты кайдан алышат болду экен? Сурамжылоого Өкмөттүн облустагы өкүлү Сабыркул Ашымбаев баштаган бийлик эгелери тартылды.

“Мен маалыматтарды негизинен сайттардан алам. Азаттык радиосун угуп калам. КТРКдан жаңылыктарды көрөм. Гезиттерди болсо колго тийгенде эле окуп калдым. Эми салыштырып алганда, чындыгында, болгонду болгондой чагылдырган реалдуу бир дагы ЖМК жок. “Азаттыкка” ишенчү элек, алар дагы шартына жараша ооп калышчу болду. Биз салыштырып анан жыйынтык чыгарабыз. Себеби, мамлекеттик деле, менчик деле ЖМКлар так, туура нукка келе элек. Албетте, айрым туура жазган жеке журналисттер бар. Бирок алар аз санда болгондуктан үндөрү элге жетпей жатат. Менчикте иштегендер башчылардын айткандарын аткарышып жазышат. Мамлекеттик ЖМКларда болсо 20-30 жылдан бери иштегендер бир беткейлүүлүккө ыктап алышкан. Алар элдин көйгөйлөрүн жазышпайт. Эң өкүнүчтүүсү саясатташып калган. Эми буларды оңдоого убакыт керек экен”, – дейт С.Ашымбаев.

Анын пикирине өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров негизинен кошуларын билдирди:

“Реалдуу адам болбогондой эле, реалдуу ЖМКлар деле жок. Бирок менимче мамлекеттикпи, же менчикпи ЖМКларда теңме-тең, 50% чындыктар бар. Ошондуктан эки тарапты тең салыштырып, анан ортосунан жыйынтык чыгарам. Фейсбукка кирип калам. Бирок анда накта иштеген журналисттер жок болгондуктан, болгону маалыматтарды гана алам”.

 

Соцтармактар – билимсиздерди башкаруучу курал

КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Кадастр департаментинин Нарын филиалынын жетекчиси Султангазы Нурмамбетов учурда ЖМКларда Акаев, Бакиев доорундагыдай ашкере бир беткейлүүлүк жок деп эсептейт. Бирок жеңил-желпи маалыматтардан коом арыла албай жатат деген пикирде.

“Албетте, эл аралык ЖМКлар, мисалы “Азаттык” көбүнчө бурмаланбаган маалыматты берет. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттар дагы деле аксап жатышат. Мына биз канча жылдан бери Улуттук идеология деп айтып келе жатабыз. Бирок ал жасалган жок. Аны ким жасайт? Эң биринчиден, журналисттер. Тилекке каршы, мамлекеттик ЖМКларда салмактуу макалалар аз. Маңызы жок, супсак жана түшүнүксүздөр көп. Анан кантип эл ишенет. А мен болсо соцтармактарга кирбеймин, ар ким жазганга кантип ишенесиң. Бирок көпчүлүк ишенип, жыйынтыгында туура маалыматтар элге жетпей, карама-каршылыктар орун алууда”.

Мындай пикирге Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов кошулат:

“Менимче, азыркы учурда “Азаттык” деле мурункудай өз деңгээлине жетпей калды. Ал эми өкмөттүктөр бир жаңсыл көбүртүп жиберген адаттарынан арыла элек. Анан арга жок, мисалы, мен бир нече ЖМКлардан маалымат алып, ортодон бир жыйынтык чыгарганга аргасызмын”.

Улуттук Кызыл ай коомунун Нарын облусундагы өкүлү Максат Жолдошбеков социалдык медиалар башкаруучу куралга айлангандыгын белгилейт.

“Мен чындыгында гезит окубаймын. Облустук “Теңир тоо” гезити келет, бирок анда эч бир кызыктуу маалымат жок. Албетте, маалыматтарды сайттардан, анын ичинде эл аралык сайттардан алам. Эми болсо соцтармактар билимсиздердин башкаруучу куралына айланды. Ошондуктан коомдо көпчүлүк, айрыкча жаштар ооп кетишүүдө. Деги эле маалымат куралга айландырылып калды”, – дейт М.Жолдошбеков.

 

Мамлекеттик ЖМКлар тазаланашы зарыл

Серептөөгө кайрылганыбызда бир катар жетекчилер жалпы коомчулукту ынанымдуу маалымат менен камсыздоодо мамлекеттик каражаттан каржыланган ЖМКлардын ролу өтө зор экендигин белгилешти.

“Ачык, так жазылган жана кемчиликти бетке айткан маалыматсыз коом өнүкпөйт. Тескерисинче, жаап жашырып, мактай берүү акыры аңга түшүрөт. Мына биз ушул жол менен келе жатабыз. Ошондуктан мамлекеттик ЖМКларда күчтүү журналисттер иштеши керек. Аларга шарт түзүү зарыл. Эч ким басым кылбай, болгон нерсе болгондой жазыла баштаганда эл ишеним алат”, – дейт Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаев.

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров дагы ушундай пикирин билдирет:

“Биринчиден, мамлекеттик ЖМКларда иштеген журналисттердин көбү бир калыптуулукка көнүп алышкан. Алар маалымат берет деген ушул деп эле бийликти мактай беришет. Экинчиден, аларга бийликтергилерден дагы тапшырмалар берилип турат. Эми биз ачык айкын маалымат булагын коомчулукка жеткиребиз десек, башынан тартипке келтирилиши зарыл. Мамлекеттик ЖМКларга толук ачык айкындуулукту бермейин, туура маалымат эч качан болбойт”.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улан Аалиев маалыматтын нукура так эместигинен коом олуттуу коркунучка кептелип жаткандыгына кейиди:

“Мен эки эле мисалды айтайын, – деди У.Аалиев. – Биринчиси, Ат-Башыдагы логистикалык борбор маалыматтын жетишсиздигинен улам курулбай калды. Анткени элге так, туура маалымат жеткен жок. Экинчиси, учурда жайыттар талашка түшүп чырлар болууда. Ал тууралуу реалдуу маалыматтар жазылбай жатат. Демек мамлекеттик ЖМКлар аркылуу сындар, кемчиликтер, ачуу чындыктар жазылмайын калк арасында ар кандай маалыматтарга ишенүүлөр боло берет. Бирок анын кесепети кайра эле коомго тийет”.

Ал эми УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчиси Адилет Мураталиев калкка анык маалыматты акырындык менен социалдык медиалар аркылуу алып чыгуу керектигин сунуштайт:

“Азыр, чындыгында, гезиттерди элге окутуу кыйын, оор. Себеби жазылыш керек, сатып алууга туура келет. Телевизорду деле каалаган учурда көрө алышпайт. Ал эми сайттар, мисалы Фейсбук бардык жарандар үчүн даяр аянтча болуп жатпайбы. Кандай бош убактысы боло калганда телефонду алат да, сайттарга, соцтармактарга киришет. Натыйжада, булар алдыга чыгып, коомдогу туура маалыматтар артта калууда. Ошондуктан мамлекеттик ЖМКлар атайын 2-3 кызматкерди соцтармактар аркылуу иштетүүлөрү керек. Алар так, туура маалыматтарды ошол иштеген редакциялардан чагылдырылган материалдарын салып турушу абзел. Бара-бара коомчулук биздей болуп салыштырууга барышат. Эң башкысы ЖМКлар өздөрү ишенимге кирүүгө тийиш”.

 

Соңку кеп

Нарын дубанында мамлекеттик бир гана облустук медиа борбору (НОМБ) бар. Борбордун алдында теле көрсөтүүсү, “Теңир тоо” гезити жана сайты ачылган.

Теленин “Теңир тоо кабарлары” жаңылыктар редакциясынан такталбаган, туура аталбаган маалыматтар байма-бай айтыларын бир айдан ашык убакыт баам салганда эшиттик. Маселен, облустук билим берүү бөлүмү, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы ж.б. Ошону менен катар: милиция жыл жыйынтыгын чыгарды, Конституция боюнча референдум 10-январда өткөрүлөт дегендей туура эмес маалыматтар чагылдырылды. Соңку учурда болсо эл арасынан тынымсыз сурамжылоо жүргүзүлүп, негизинен бир беткей гана Президенттик бийлик керек деген пикирлерге орун берилүүдө. НОМБдун курамында чыга баштаган “Теңир тоо” гезити жаңыланмак түгүл, анда облустук алкактагы орчундуу маалыматтар жарыяланбай калды. Башкасын айтпаганда да, жер-жерлерден ар кандай буюм саткан дүкөнчүлөр, жер айдаган механизаторлор, түшүм алган дыйкандар ж.б. союздук ыкмадагы маалыматтар, кайталанма кабарлар жарыяланып турат.

“Азыркы учурда негизсиз бирөөнү жарнамалоо болбошу керек. Чындыгында, биз көрсөтүлүүчү материалдарды дыкат карап, такташыбыз керек. Гезитти болсо сапаттуу чыгарууну жолго салабыз”, – деп билдирди НОМБдун башкы деректири Каныкей Жунусова.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

Окшош посттор