Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында экономика, каржы темасын чагылдыруу аксайт

Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында экономика, каржы темасын чагылдыруу аксайт

Кыргызстандын аймактык маалымдоо каражаттарында экономика, каржы темалары дээрлик чагылдырылбайт. Эксперт-талдоочулар, адистер буга бир катар себептер барлыгын айтышат. Бирок азырынча бул абалды дароо эле оң жолго коюп, аталган темаларды чагылдырууну жакшырта салуу кыйын иш. Ага бир катар шарттар керек.

Ал эми эл аралык маанидеги массалык маалымдоо каражаттарында экономика, каржы маселелерин чагылдыруу негизги орундарда турат. Дүйнөлүк ири басылмалар Financial Times, The Wall Street Journal сыяктуу гезиттер, The Economist сыяктуу журналдар атайын ушул темага ылайыкташып, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө тараса, башка да ири телекомпаниялар, басылмалар, мультимедиялык маалымат булактары экономика жана каржы темасын активдүү чагылдыруу үчүн атайын берүүлөрдү жана рубрикаларды пайдаланышат.

Деги эле бул теманы чагылдыруунун кандай мааниси бар? Ал эмнеге керек? Биздеги начар абалдын себептери кайсылар? Эми мындай абалдан чыгуу үчүн эмнелерди жасоо керек? Ушундай суроолор менен адистерге, журналисттерге кайрылып, азыноолак жыйынтык чыгарууга аракет жасадык.

 

Абал жакшы эмес. Эмне үчүн?

Мындай суроого экономисттер, каржы адистери, журналисттер да дароо эле аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) экономика, каржы темаларын чагылдыруу дээрлик жокко эсе экенин айтышты. Мындай бир ооздон берилген терс баа аймактык ЖМКлардын бүгүнкү жалпы адистешүүсүнө, контенттик абалына сырткы реакцияны түшүндүрүп турат.

Жалал-Абаддык экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков бул теманы борбордук ЖМКлар азыноолак чагылдырса да, аймактык ЖМКларда абал жакшы эместигине көңүл бурат. Ошол эле кезде бул теманы чагылдырууну маанилүү деп эсептейт.

“Республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында экономика, каржы маселелери боюнча маалыматтар азбы-көппү берилип келет, бирок аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарында абал башкача. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Мен аймактык мааниде экономика, каржы маселелери боюнча маалыматтар кеңири берилиши зарыл, бул маанилүү нерсе деп эсептейм, – дейт ал. – Мындан бир нече жылдар мурун Жалал-Абадда бир сайт экономика, каржы тармагы боюнча кыскача маалыматтарды, анализдерди берип баштаган эле, бирок кийин сайт чыкпай калды. Азыркы тапта аймактык маанидеги маалымат булактарында бул теманы чагылдыруу жокко эсе. Албетте, анча-мынча ишкерлердин аракеттери же башка маалыматтар берилип жүрөт, бирок ал жетишсиз. Атайын берүүлөр, багыттуу программалар жокко эсе болуп жатат.

Ошол эле кезде Абдилбает Мамасыдыков экономика, каржы темаларын чагылдыруунун жакшырышына коомчулуктун өзүнүн да керектөөсү таасир этерин, муну унутууга болбостугун кыйытат.

“Балким, маалымат керектөөчүлөрү тарабынан да буга учурунда анчалык күчтүү талап болбой калды окшойт, ошого жараша бул маселелер азыраак чагылдырылып жатат көрүнөт. Ошонун натыйжасында ушул теманы терең талдаган, чагылдырган журналисттердин жоктугу, массалык маалымдоо каражаттарында атайын багыттагы программалардын болбой калышы, соцтармактарда атайын тайпалардын уюштурулбай калышы, тескерисинче элге, коомго зыян алып келсе да өзүнө көбүрөөк көңүл бурдура турган сенсациялык маалыматтарды тарката берген маалымат булактарынын пайда болушу келип чыкты. Булар да ошол экономика, каржы маселелерин чагылдырылбай калышына себеп болду окшойт, – деген пикирде А.Мамасадыков.

Жалал-Абаддык жеке ишкер Жеңиш Эрназаровдун пикири да ушундай эле. Ал да экономика, каржы темаларын чагылдырылбай жатканын айтат.

“Аймактык ЖМКларда бул темаларды чагылдыруу дээрлик жокко эсе, кайсы маалымат каражатын алба, баарында эле саясат, социалдык-маданий темалар жүрөт. Ал эми экономика, каржы темалары көрүнбөйт. Айрым аракеттер болуп жаткансыйт, бирок аларды теманы чагылдыруу деп атоого болбойт. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе, себеби рынок экономикасынын шартында калкка бул багытта маалыматтарды таркатып туруу, элди ушуга тарбиялоо – журналисттердин да милдети, – дейт ал.

Мындай сырттан берилген баа, пикирлерге журналисттер өздөрү да макул. Алардын оюнча, чынында эле аймактык ЖМКларда экономикалык теманы чагылдыруу жагы колго алынбаган. Бирок, муну оңдоо зарыл. Жалал-Абаддагы өзбек тилинде чыгуучу “Жаңы таң” областтык гезитинин редактору Абдумуктар Исраилов редакциялар тигил же бул тараптын ишмердигинин отчёттук материалдарын жарыялап коюу менен чектелишүүдө.

“Азыркы кезде аймактык массалык маалымдоо каражаттарында экономика, каржы темасын чагылдыруу өтө аксап жатканы чын. Теледе болсун, гезиттерде болсун, же маалымат сайттарында болсун негизинен саясат, социалдык-маданий турмуш көп чагылдырылат да, жогоруда аталган теманы чагылдыргандар дээрлик жок. Негизинен жергиликтүү бийликтердин отчёттук материалдарындагы маалыматтар, атап айтканда, өткөн айда, кварталда, жарым жылдыкта же жыл ичиндеги өсүштөр, кемчиликтер тууралуу маал-маалы менен чагылдырылат. Ошону менен бүттү. Бул, албетте, экономика же каржы темасы чагылдырылды дегенге жатпайт. Атайын рубрикаларда туруктуу иштеген журналисттер жок, теледе деле атайын берүүлөрдү көрбөйсүң”, – дейт ал.

Ош шаарындагы белгилүү журналист, медиа-машыктыруучу Гүлзат Газиеванын пикири деле ушундай. Ал аймактык ЖМКларда атайын программалар, рубрикалар жоктугуна көңүл бурат.

“Аймактык ЖМКларда каржы, экономика маселелери көбүнчө ошол тармактарда иштеген адистердин пикирлери, же маектери түрүндө берилип келет. Анда да дайымкы рубрикалар же атайын программалар менен эмес, кез-кездеги жасалчу материалдар катары. Бул абдан эле жетишсиз нерсе!”, – дейт Г.Газиева.

Ошентип, ЖМК өкүлдөрү да, сырткы керектөөчү-адистер да аймактык ЖМКларда экономика, каржы маселелеринин дээрлик чагылдырылбай жатканын белгилешет жана муну терс көрүнүш катары баалашат. Демек, аймактык, болгондо да керектөөчү аудиториясы көп кыргыз тилдүү ЖМКларда ушундай өксүк келе жатат. Мунун өзү жалпы эле коомдук аң-сезимди калыптандырууга, карапайым калктын жашоо-турмушундагы приоритеттерди калыптандырууга, жашоону жакшыртуу үчүн багыттарды аныктоого жана мотивациялоого омоктуу таасирин тийгизет. Балким, коомчулуктун ашкере саясатташып кеткенинин себептеринин бири да ушул болушу мүмкүн.

 

Абалды оңдоого болобу? Эмне кылуу крек?

Албетте, өксүктү толтуруу, кемчиликти оңдоо, оң жолго салуу зарылдыгы бар. Эмнеге мындай болуп жатат? Эми жакшыртуу үчүн эмнелерди жасашыбыз керек? Кайсы жакка кадам таштообуз керек? Мына ушундай суроолор менен кесиптештерге да, керектөөчү-адистерге да собол таштап, алардын пикирин билдик. Алар болуп жаткан абалдын себепетерин негизинен бирдей эле белгилешти.

Жалал-Абаддык ишкер Жеңиш Эрназаровдун пикиринде, негизги маселе – кадрларды даярдоо. Бизде экономика, каржы темасын чагылдырууга багыт алган адис-журналисттер жок. Демек, ушул жагын караш керек.

“Илгертен эле “Кадрлар баарын чечет” деп айтылып келе жатпайбы. Ошондуктан экономика жана каржы темасын чагып, чагылдыра ала турган, ушундай рубрикаларды алып бара ала турган адис кадрлар керек. Анан калса, бул экономика башка, каржы деген башка, ушуну да ажырата билиши шарт. Андай адистерди даярдаш керек, окутуп-үйрөтүү керек. Андан кийин теледе болобу же башкасындабы, темага байланышкан жакшы берүүлөрдү, рубрикаларды уюштурса болот, -дейт ал. – Эми бул багытта мамлекет да, бейөкмөт уюмдар тармагы да тийиштүү кызыкдар тараптар менен адистерди даярдоо, ушул багытта иштегендерге шарт жаратуу, мотивациялоо менен алек болушса, албетте, жыйынтык чыгат. Бул жагынан жеке менчик секторду (бизнесмендерди) да тартса болот, аларга да керек бул нерсе”.

Журналист Абдумуктар Исраилов деле ушундай пикирде, негизги себеп – адис кадрлардын жоктугу. Анткени жогорку окуу жайларында журналисттерди даярдап жатканда аларга экономика, каржы жаатында азыноолак болсо да билим берилбейт.

“Мунун негизги себеби – экономика, каржы темасын чагылдыра ала турган адис-журналисттердин жоктугу. Көпчүлүк журналисттердин экономика, каржы маселелери боюнча сабаты жок же өтө эле аз. Ошондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарында бул тема калып кетүүдө. Жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттеринде же кафедраларда журналисттерди ушул теманы чагылдыруу боюнча окутушпайт, атайын курстар жок экен. Ал эми журналисттерди ар кандай долбоорлордун алкагында тренингдер өткөрүлүп, окутуп жүрүшөт. Анда да экономика, каржы темасын чагылдыруу жагынан окутушканын уга элекмин. Кыскасы, журналисттерибиз бул теманы чагылдырууга даяр эместигинен аймактык ЖМКларда бул тема дээрлик чагылдырылбай калууда, – дейт ал. – Сөзсүз түрдө журналисттерди даярдоочу же кайра даярдоочу жайларда, курстарда экономика жана каржы маселелерин чагылдырууну окутуп-үйрөтүү зарыл. Себеби, экономика бардык алга өнүгүүнүн негизги пайдубалы эсептелет. Ошондуктан аймактык журналисттерди жер-жерлерде атайын курстар, долбоорлор аркылуу окутушса, жакшы болмок. ЖМКлардын да мазмундук сапаты, актуалдуулугу өсөт эле. Анан калса, жаш журналисттер да өздөрү аракет кылышса болот, мен азыр андай аракет, умтулууну көрбөй турам, – дейт А.Исраилов.

Ал эми медиа-машыктыруучу Гүлзат Газиева кайсы бир аракеттер барлыгын, бирок ал жетишсиз болуп жатканын айтат.

“Айрым ТВларда кез-кезде каржылык сабаттуулук, каржыны пландаштыруу сыяктуу кыскача сюжеттер да берилип жүрөт. Анткен менен аймактык редакцияларда экономика жаатында адистешкен журналисттер жокко эсе. Деги эле башка тармактар боюнча деле адистешкен журналисттер аз. Мисалы: укуктук, саясий, экологиялык, экономикалык ж.б. Айрым гана журналисттер кыска мөөнөттүү тренинг, окутуулардан өтүп, анан ушул темалардагы материалдарды даярдашат. Кээ бир ЖМКлар экономикалык маселелерди чагылдыруу үчүн ушул тармакта иштеген адистерди кызматташууга чакырып, боштукту толуктоого аракет кылышууда, – дейт Г.Газиева.

Бул маселеде доктор, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун пикири башкачараак. Ал журналисттер эмнеге көңүл бурбай жатканына маани берет. Журналисттер чындап далалат жасаса болот деген пикирде.

“Бул жерде керектөөчүлөрдүн аудиториясын аныктоо, аларга ылайыктап маалыматтарды берүү маанилүү нерсе. Маалымат колдонуучулар фокусун аныктап алуу керек да. Алардын саны канча, дислокациясы кандай, башка да критерийлер боюнча бөлүнүшү кандай, мына ушулар керек. Анан, албетте, буга кызыкдар, тилектеш, чогуу аракеттенгиси келгендерди топтоо керек. Андан ары, экономика, каржы багытында фундаменталдык билими бар, формулаларды, терминдерди, жоболорду жөнөкөй тил менен кагазга түшүргөн, сүйлөп бере алган, видеого салган, ар кандай графикалык чиймелер аркылуу элге чайнап берген, аудиторияны тартып, кызыктыра алган адистер жана берүүлөр, программалар керек. Ансыз максатка жетүү кыйын болот, – дейт А.Мамасадыков эмнелерди көңүлгө алуу зарылдыгын белгилеп.

Бирок, ошол эле кезде жогорудагы эксперттердин пикирине кошулуу менен кадр маселесин чечүүнүн ролун жогору коёт. Эгер андай болбосо, иш ордунан жылбастыгын баса белгилейт.

“Бул багыттагы кадрларды даярдоо өтө маанилүү нерсе. Коомубузда кол менен саналган жакшы адистерди, билимин кагазга түшүрө алгандарды, андай жөндөмү болсо да шарты жокторду, баарын бириктирип, курстарда, семинарларда окутуу, бышкан кадрларды аймактарга жөнөтүү аркылуу ишти жакшыртса болот. Буга бейөкмөт уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, долбоорлорду уюштуруу менен каражат тартуу жагын ойлонсо болот. Эң башкысы – зарыл кадрларды даярдоо маанилүү, ансыз эч нерсе ордунан жылбайт”, – дейт ал.

Демек, аймактык ЖМКларда экономика, каржы темасын чагылдыруу жагынан келип чыккан жетишпестиктер, көйгөйлөр негизинен бир себепке – адис-журналисттердин, экономика, каржы маселелерин азыраак болсо да түшүнө алган жана түшүндүрө алган кесипкөйлөрдүн жоктугуна барып такалат. Демек, мындай кадрларды даярдоочу окуу жайлары бизде жок. Эгерде ыраматылык совет бийлигинин мезгилинде Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасында “Айыл чарба ишканаларындагы экономикалык анализ”, “Өнөр жай ишканаларындагы экономикалык анализ” аттуу курстар атайын болочок журналисттер үчүн окутулуп келсе, эгемен жылдарында андай болбой калды. Журналисттер инфляция, өздүк нарк, пайда деген экономикалык терминдерди, алардын формуласын билишпейт жана билбеген себептүү аудиторияга да түшүндүрө алышпайт. Ошентип, журналисттердин бул өксүгү жалпы коомчулуктун өксүгүн пайда кылат. Өкүнүчтүү.

 

Коомчулукка бул тема канчалык маанилүү?

Бул эми жашоо үчүн курсак тойгузуу канчалык маанилүү экенин сураганга барабар. Себеби, рынок экономикасынын шартында жашаган элдин экономика, каржы маселелери боюнча канчалык сабаттуулугу, түшүнүгүнүн кенендиги жалпы коомдун өнүгүшү үчүн мааниси зор. Эгер биз бардык жагы төп келген инсанды калыптандырууда маалымат процессинин мааниси канчалык эбегейсиз экенин түшүнсөк, демек, ар кандай багыттуу маалымат таркатуунун маанисин да билип, түшүнүп турабыз. Бул жагынан биздин адис-керектөөчүлөр да, журналисттер да бирдей эле пикирде экен. Бул үмүт жандырган нерсе.

Жеке ишкер Жеңиш Эрназаров журналисттер ишканалардын отчётторун чагылдыруудан ары кетип, аймактык экономикалык маселелерге көңүл буруулары керек дейт.

“Массалык маалымдоо каражаттарында экономика, каржы маселелерин чагылдыруу абдан керек. Азырга чейин экономика маселеси деп эле шаар мэриясынын, район акимчилигинин, област бийлигинин квартал, алты айлык, жылдык иштеринин жыйынтыгын обзор катары маалымдап келишти. Аны отчёт даярдагандар эле түшүнсө, башкалары жакшы түшүнө да беришпейт. Андан башка элдин калың катмарына экономикалык, каржы абалы, тенденциялар же башка маалыматтар берилбейт. А чынында массалык маалымдоо каражаттарында чакан бизнестеги абал, экономиканы кантип көтөрүү, каржы абалын кантип жакшыртуу, кандай долбоорлорду ишке ашыруу жана башка толгон-токой маселелер боюнча ар кайсы тармактардын адистерин чакырып, талдап, анализдеп, ийине жеткире элге түшүндүрүп, калктын ушул багыттагы маалыматтык муктаждыктарын жеткирип турушса, атайын программаларды уюштурушса, туруктуу рубрикаларды иштетишсе, сонун болмок”, – дейт ал.

Илимдин доктору Абдилбает Мамасыдыков коомчулуктун ашкере саясатташып кеткенине өкүнүп, журналисттер эч болбогондо карапайым кишинин тапкан акчасын кантип жана кайда жумшаганды үйрөтүүсү зарылдыгын айтат.

“Кыргыздын жакшы макалы бар “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген. Кыргызстандагы калктын ашкере саясатташуусу, калктын ушул багыттагы көңүл чабыты, эч кимге пайда бербеген полемикалар элге керектүү нерселердин болушуна орун бербей жаткансыйт. Ал эми өндүрүш жагы унутта калып кеткендей. Мисалы, биздин негизги булагыбыз катары мигранттардын которгон акчаларын айтып жүрүшөт. Бирок, ал келген акчаны кантип пайдалануу, кантип натыйжалуу бөлүштүрүү, кайсы багыттарга жумшоо тууралуу жакшы маалыматтар элге берилбеди. Үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, башкаруу, бөлүштүрүү жана натыйжалуу чыгымдоо, киреше булактарын жакшыртуу жагын эч ким үйрөтпөдү. Азыркыдай социалдык тармактар аркылуу пайдасыз маалыматтарды таркатуу аракетиндей аракет ушул багытта да болгондо, балким азыр башка көрүнүш, абал болмок. Элибиздин экономикалык, каржы сабаттуулугу кыйла жогору болот эле”, – дейт ал.

Журналисттер да ЖМКлардагы бул темалардын чагылдырылышы маанилүү экенин айтышат. Журналисттер коомчулукту саясатка жетелеп кирип кетишкенин, эми абалды оңдоого учур келип жеткенин белгилешет. Журналист Абдумуктар Исраилов мунун өзү ЖМКлар үчүн да пайдалуу экенин кыйытат.

“ЖМКларда экономика, каржы темаларын чагылдыруу коомубуз үчүн маанилүү деп эсептейм. Себеби, бизде негизинен саясий темалар, социалдык маселелер көп чагылдырылат да, коомчулук өлкөнүн экономикасындагы абал, андагы ийгиликтер жана артта калуулар эмне үчүн жана кантип болгону, кандай болгондо өлкө кубаттуу болорлугу, анын себептери тууралуу коомчулук кабарсыз калууда. Биз коомчулукту саясатка жана социалдык чөйрөгө тартып кетип калдык. Жаштар экономикалык, каржы маселелеринде сабатсыз, кабарсыз болуп, бул деле коомго жакшылык алып келбейт. Болуп жаткан нерселердин түпкү себептерин түшүнбөстүк алардын ката ойлонууга, ката кадамдарды жасашына алып келет. Ошондуктан бул темаларды кеңири чагылдыруу, элге жеткирүү маанилүү”, – дейт ал.

Медиа-машыктыруучу Гүлзат Газиева калкка бюджеттик маселелер боюнча темаларды чагылдырып берүү, анда калкка түшүнүктүү тилди колдонуу зарылдыгына токтолот.

“Аймактык ЖМКларда каржы маселелерин чагылдыруу абдан маанилүү. Мисалы, бюджеттин бөлүштүрүлүшү, каржылык чыгымдоолор ж.б. жөнүндө жергиликтүү калкка түшүнүктүү, жеткиликтүү маалымат берүү зарыл. Деги эле ЖМКда калктын каржылык сабатын арттырууга арналган атайын программалардын, рубрикалардын чыгып турушу окурман, көрөрмандын да кызыгуусун жаратмак. Экономикалык маселелер боюнча адистин терминдер менен татаал түшүндүрмөсү эмес, кары-жаш тегиз түшүнгүдөй жатык тил менен даярдалган журналисттин маалыматы сиңимдүү болот. Ошондуктан да окутууларды көбүрөөк уюштуруп, адистешкен журналисттерди даярдоо зарыл. Муну сезип турабыз”, – дейт ал.

Ошентип, баары эле аймактык ЖМКларда экономика, каржы темасын чагылдыруунун активдүүлүгүн, натыйжалуулугун каалашат. Муну жалпы коомду өнүктүрүүнүн шарттарынын бири катары карашат. Демек, бул багытта: зарыл адис-кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, аудиторияны изилдеп, ага жараша маалыматтарды таркатуу, коомчулуктун экономикалык, каржы сабаттуулугун жана активдүүлүгүн жогорулатуу, ошол эле кезде ашкере саясатташууну басаңдатууга ушул жол менен аракет жасоо зарылдыгы алдыбызда көлдөлөң турат.

Албетте, зарылдыктар жана приоритеттер дайын. Бирок буга карата биринчи кадамды ким жана качан жасайт? Ушул жагы маанилүү.

Жалил Сапаров

_____

P.S. Экономика темасына кызыккан журналисттер үчүн бул китептер пайдалуу болот деген пикирдебиз:

“Каржы темалары массалык маалымат каражаттарында”

“Сандар бийлиги же сандар бийлик тууралуу. Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджет тууралуу кантип жазыш керек?”

 

Окшош посттор