Автор: Надежда Добрецова
Басма: Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу, Эл аралык жеке ишкердик борбору
Чыккан датасы: 2010
Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub
Китеп тууралуу:
Окуу колдонмо – Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу тарабынан ишке ашырылган «Журналисттер үчүн каржы сабаттуулугу» долбоорунун жүрүшүндө, кыргызстандык ири эксперттер тарабынан окулган лекциялардын топтомунун уландысы катары жарык көрдү. Аталган долбоор жеке ишкердикти колдоо эл аралык Борбору (CIPE) тарабынан каржыланат.
Колдонмонун ар бир темасы журналистке эң зарыл болгон глоссарийлер менен коштолуп, кээ бирлери макалалар жана аларга болгон комментарийлер менен жабдылган. Колдонмону ыкылас коюп окуу аркылуу, азыркы күндө иштеп жаткан жана болочокто иштей турган журналисттер каржы рыногунун иштөөсүнө байланышкан суроолорду жакшы түшүнө алышат. Ошондой эле, бул банктардын жана кредиттик капиталдын реалдуу экномикадагы ролу, фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, акча-кредит саясатынын, валюталык рыноктун жана мамлекеттик карыздардын аспекттери тууралуу материалдарды даярдоодо журналисттерге көмөктөшөт.