22-февралда саат 17:00дө “Журналисттер” коомдук бирикмеси кыргыз тилдүү журналисттер үчүн интернет басылманы жылдыруунун сырлары тууралуу вебинар уюштурат.
Вебинарда журналист, Акылбек Орозматов интерент басылманы жылдыруу жолдорун айтып берет.
Вебинардын программасы:
1. Дагы бир маалыматтык сайт!?
– басылманын миссиясы
– аудиторияны изилдөө
2. Жаратуудан жайылтууга
-интернет үчүн кантип жазабыз
– маалыматты жайылтуу каналдары жана алардын өзгөчөлүктөрү
3. SMM – бул шилтемени “ыргытып” коюу эмес
– соцтармак жана журналист
– интерактивдүү ишмердүүлүк
4. Онлайн метрикалар
– Метрика деген эмне
– Метрика, аналитиканын жардамында контентти жакшыртуу, аудиторияны тартуу
Вебинар кыргыз тилинде, акысыз болот. Эгер катышууну кааласаңыз бул жерден катталсаңыз болот.
Уюштуруучулар: “Журналисттер” коомдук бирикмеси.
Суроолор боюнча: 0559 56 65 69 номуруна кайрылсаңыздар болот.