Урматтуу, медиа уюмдар, журналисттер жана Баткендеги кырдаалга кайдыгер карабаган жарандар!
«Журналисттер» коомдук бирикмеси Баткендеги окуя башталганда баткендик кесиптештерге жардам чогултуу иретинде ЭЛСОМдон эсеп ачкан. Бүгүнкү күнгө чейин бул эсепке жалпысынан 26300 сом келип түштү. Ошондой эле уюмдун офисине келип акча берип кеткендер болду.
Акча которгондордун тизмеги:
- Мурат Жумакадыров – 500 сом
- Эльнура Төлөнбай кызы – 500 сом
- Турганбек Жунушалиев – 1000 сом
- Замир Асаналиев – 300 сом
- Хаким Юсупов – 1000 сом
- Нургул Шаршембиева – 1200 сом
- Койкол Айтпаева – 500 сом
- Турдубек Ишебаевич – 500 сом
- Гүлжамал Асанкадырова – 500 сом
- Урмиль Урманаев – 1000 сом
- Алтынай Рысбай Кызы – 1000 сом
- Айсулуу Бакыт Кызы – 500 сом
- Азамат Айтбаев 500 сом
- Гүлзат Газиева – 300 сом
- “Регион ТВ” – 3000 сом
- Ысымын атагысы келбеген жаран – 3000 сом
- Ысымын атагысы келбеген жаран – 195 сом
- Ысымын атагысы келбеген жаран – 980 сом
- Марс Тулегенов – 1000 сом
- Марат Токоев – 1000 сом
- Айсулуу Жумалиева – 1000 сом
- Рахат Саламатова – 500 сом
- Азамат Касыбеков – 200 сом
- Бактыяр Бердибек – 600 сом
- “Журналисттер” КБ – 5000 сом
- “Т Медиа групп” ТВ – 10000 сом
Ошондо чогултулган каражаттын жалпы суммасы 35 775 сомду түздү.
Кайдыгер калбай жардам көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Чогултулган акча–каражаттарга Баткендеги журналисттер үчүн 10 даанадан коргонуучу баш кийим, кол кап, чыканак менен тизени коргогон кап жана смартфонду колдонууда керек болгон 6 бекиткичи менен трипод сатып алынды.
20-майда аталган каражаттар жана да 10 миң сом баткендик журналисттерге тапшырылды.