Өткөн жумада “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен кыргыз тилдүү журналистикабыздын учурдагы абалын аныктоо максатында жүргүзгөн сурамжылообуз аяктады. Жалпы жонунан өлкөбүздүн бардык аймаганынан 177 кыргыз тилдүү журналист биз сунуштаган суроолорго жооп беришти. Сурамжылоонун жыйынтыгын тыкыр иликтеп кийин сунуштамакчыбыз. Азырынча биз анын айрым жыйынтыктары менен тааныштырып кетмекчибиз.
Сурамжылоого катышкан 177 киши божомолубуз менен кыргыз тилдүү журналисттердин 10дон ашык пайзын түзөт (2013-жылы жүргүзгөн иликтөөбүз боюнча Кыргызстанда кыргыз, орус жана өзбек тилдүү 2000ге жакын журналист бар болчу). Биздин пикирибизде, бул сурамжылоонун жыйынтыктарынын чындыкка жакындыгын көрсөтөт.
Сурамжылоого катышкандардын жарыманан көбүнүн журналисттик тажрыбайсы 10 жылга чейинкилер түзөт экен.

Журналистикага башка кесиптен келгендер көп болгону менен, журналисттик кесипти учурда аркалап жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү ушул кесип боюнча жокорку окуу жайын бүткөндөр экенин сурамжылоо көрсөттү – 59%. Демек, начар кадрларды даярдап жатат деп жогорку окуу жайларыбызды канчалык сындабайлы, алар журналисттик кадрларыбыздын негизи булагы бойдон калууда.

Санариптик технологиялардын эбегейсиз тез өнүгүүсү менен журналисттерде билимин тереңдетип турууга, жаңы нерселерге үйрөнүүгө муктаждык жаралат. Журналисттердин дээрлик бардыгы кесиби боюнча жаңы окутуулардан өтүүнү каалайт. Бирок бардыгында эле ага мүмкүнчүлүк боло бербейт. Сурамжылоого катышкандардын жарымында жаңы нерсени окуп үйрөнүүгө шарты жок болсо, алардын 1/3 бөлүгүнө тил маселеси жолтоо кылат, ал эми 14% аларга жаккан окутууну таба алышпай келишет. Белгилей кетүүчү жагдай, сурамжылоого катышкандардын 4,5% “Учурдагы билимим жетиштүү, жаңы нерсеге үйрөнүүнүн кажети жок” деген жоопту тандашкан.

Журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу укуктарын жана милдеттерин да жакшы билүүсу чоң роль ойнойт. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы (48%) укуктук билимдери жетишсиз экенин билдиришкен, 30% бул багыттагы билими жетиштүү деген пикирде, ошол эле кезде 21,5% эмне деп жооп береээрин билишпейт.

Укуктук билиминен сырткары журналисттердин Этикалык кодекс менен тааныштыгын билүүнү максат кылганбыз. Жооп бергендердин 58% кодексти билээрин жана андагы нормаларды сактаганга аракет кылышаарын билдиришкен, дагы 20%га жакыны кодексти окуган экен, ал эми 21,5% кодекс тууралуу кабардар болгону менен аны менен тааныша элек экен. Бул кубандырбай койбойт. 2007-жылдын 8-декабрында кабыл алынып, 2009, 2012 жана 2018-жылдары бир катар түзөтүүлөр жана толуктоолор киргизилген Кодекс акырындан журналисттер арасына сиңе баштаптыр.

Белгилей кетүүчү жагдай, сурамжылоо журналисттердин арасында гана эмес, медиа менеджерлердин жана эксперттерди арасында да жүргүзүлгөн. Андан сырткары республиканын бардык аймактарында эмгектенген журналисттердин катышуусу менен 2 фокус топтук талкуу жүргүзүлгөн.