Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Мониторинг

2021-жылдын февраль боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын февраль боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын февралында 6 маалымат катталган. 3 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 2 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, ал эми 1 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

04.02.2021

Блогер Юлия Барабинаны УКМК суракка алды

4-февралда УКМК блогер Юлия Барабинаны 8 сааттык сурактан кийин кое берди. Ал арада блогердин телефонуна эч ким алып алалбады. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Ошондой эле, блогер бир иш боюнча күбө катары өтүп жатканы да белгилүү болду.

Бул тергөө амалдарын жүргүзүүнүн себеби белгисиз. Бирок социалдык түйүндөрдө тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү жайылтылууда. Ал документтен иш 15-январда эле Кылмыштар менен жосундардын бирдиктүү реестрине катталганын билсе болот. Ал аймактык жана улут аралык араздашууну козутууга байланыштуу иш экени айтылды.

УКМК кызматкерлеринин көңүлүн Фейсбуктагы «Правдаруб.кг» социалдык тобунун ишмердүүлүгү бурган. Органдардын пикири боюнча, ал топто колдонуучуларды душмандык мүнөздөгү жана мыйзамсыз комментарийлерди жазуусуна түрткү берген чагымчыл материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып турган.

Атап айтканда: «Кытай изи», «Мамлекеттик резиденцияда зек жашайт», «Кыргызстан: эки псих бийликте», «Бакиевдер жана алардын саясаттагы реанимациясы. Бүйүр кызыткан маалыматтар», «Бакиевдер. Бийликтеги реванш» деп аталган макалалардын алдында чагымчыл мүнөздөгү пикирлер жазылган.

Улуттук коопсуздук органдары аныктагандай, топко А.Савченко, Ю.Барабина администраторлук кылат, ал эми дизайнердик иштерге О.Школьникова жооп берет. Ошону менен бирге баракчага Мээрим Асанова жана анын күйөөсү К.Мукашев жалпы координациялоо жүргүзөт.

Мээрим Асанова президенттик шайлоонун жүрүшүндө Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген. Ал эми А.Сегизбаев азыр камакта отурат. Ал жер тилкелерине байланышкан коррупциялык иштерге, ошондой эле, айтылуу «Белизгейт» ишин териштирүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

17.02.2021

Блогер Юлия Барабина УКМК сурагынан кийин чет өлкөгө чыгып кетти

Эске салсак, 3-февралда УКМК кызматкерлери блогер Юлия Барабинанын, ошондой эле, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова менен Нурзаада Токтогулованын үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүүдөн кийин Барабинаны, Токтогулованы жана Асанованын Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген күйөөсүн дагы УКМКга суракка алып кетишкен.

Блогер Барабина Kaktus.media басылмасына чет өлкөдөн интервью берген. Ал тинтүү жана сурактан кийин өзүн кандай сезип жатканы боюнча суроого мындай жооп берген:

«Мен өзүмдү моралдык жактан зомбулукка кабылгандай сезип жатам. Менин макаламдын алдына жазылган чоочун пикирлердин негизинде мени колдонуудагы Конституция кепилдеген башкы жарандык укуктардан ажыратышты. Көптөгөн чоочун адамдардын алдында кийимимди чечтиргендей эле болду. Ошону менен бирге, социалдык түйүндөрдөгү жеке баракчаларымды, туугандарым менен сүйлөшкөн баракчамды дагы алып алышты. Жашоомду уурдап алгандай эле сезилип жатат».

Анын сөзү боюнча, тинтүү убагында 160 миңдей акча (дачаны сатуудан түшкөн каражат), уюлдук аппараттар жана эки эски ноутбук алынган.

«Аларды кайтарып берүүнү эч ким ойлой элек. Мен эч качан мамлекеттик кызматкер болгон эмесмин, менин бардык активдерим – 46 чарчы метрлик атамдын батири жана жалпы суммасы 7 миң АКШ долларына бааланган эки чакан автоунаа», – деп жооп берген Барабина.

Блогер азырынча Кыргызстанга кайтып келүүнү ойлоно элек.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Ю.Барабинага байланыштуу кырдаал боюнча «Медиа Полиси Инстутуту» КФ кеңири түшүндүрүү берген «Имеет право обратиться в суд» — «Институт Медиа Полиси» об обыске в доме блогерки Барабиной (kloop.kg)

 

24.02.2021

«Слово Кыргызстана» гезитинде кызматкерлер мушташты

«Слово Кыргызстана» гезитиндеги мушташ боюнча милиция сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Эске салсак, 23-февралда «Слово Кыргызстана» гезитинин редакциясынын кеңсесинде эки аял кызматкер мушташкан. Андан басылманын коммерциялык директору Уматкуль Бралкеева жана башкы редактордун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова жабыркаган.

Аныкталган боюнча, милицияга Кифаят Аскерова жана Уматкуль Бралкеева дагы кайрылган. Учурда эки арыз ээсине тең соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын
Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

 

04.02.2021

Сот Матраимовдор жөнүндө материалдарды жарыялоого тыюу салууну колдогон жок

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн негизги доо арызы Свердлов райондук сотунда каралууда жана кезектеги жыйын 3-февралга белгиленген болчу.

Ошондой эле, Сверлов райондук соту доогер тараптын журналисттерге Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын жакындары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого тыюу салуу жөнүндө келтирген өтүнүчүн четке какты.

«Өтүнүчтү доогер тараптын өкүлдөрү келтирген – анда алар чындыкка дал келбейт деп эсептеген маалыматтар негизги иш сотто каралмайынча таратылбай турушу керектиги айтылган. Сот муну четке какты жана тиешелүү аныктама чыгарды, эми алар ошол аныктамага Бишкек шаардык сотуна арызданышты. Иш качан каралары белгисиз, процесс созулуп кетти. Себеби, ушул арыздар каралып бүтмөйүнчө негизги иш каралбайт», – деп түшүндүрдү «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргогон юрист Акмат Алагушев.

Райымбек Матраимовдун ысмы «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн КР бажы органдарындагы коррупциялык схемалар жөнүндө журналисттик иликтөөлөрдө аталган.

Ушул макаланын жарыяланышына байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Исмаил Матраимов атындагы фонд «ар намысты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө» доо арыз менен «Азаттык» радиосуна, «Kloop» жана «24.kg» басылмаларына, ошондой эле, журналист Али Токтакуновго жалпы 60 млн сомдук доо коюп, сотко кайрылышкан. Кийин доогер тарап 24.kg басылмасына карата доосун чакыртып алган.

2020-жылы октябрда Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды иликтөө жөнүндө иштин алкагында кармалган. Бирок ошол эле күнү сот анын мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга даярдыгы үчүн эч жакка кетпөө шарты менен бошоткон. Райымбек Матраимов 2020-жылдын соңуна чейин 1 млрд 400 млн сомду акчалай, кыймылсыз мүлк катары 600 млн сомдук бир соода борборун жана тогуз батирди мамлекеттин пайдасына өткөрүп берген.

2020-жылдын 9-декабрында АКШ Райымбек Матраимовду Магнитскийдин глобалдык тизмесине киргизгени маалым болгон. Сакцияларга анын жубайы Уулкан Тургунова дагы камтылган. Андан соң алар фамилиясын алмаштырганы белгилүү болду. Ал маалымат боюнча, Райымбек Матраимов – Исмаилов, ал эми аялы Уулкан Тургунова – Сулайманова болуп фамилиясын өзгөрткөн.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Комментарий

Жогоруда айтылгандай, жеке тараптын арызы каралганга чейин Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн доосу боюнча жарандык ишти кароо Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан токтотулган. Арызды Бишкек шаардык сот 23-мартта саат 10:00дө караштыра баштайт.

 

ЖМКнын жана интернет-басылмалардын таркатылуусуна негизсиз тоскоолдук кылуу

 

26.02.2021

Бишкек шаардык соту “Апрель ТВ” телеканалына эфирге чыгууга уруксат берди

Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун “Апрель ТВ” телеканалынын эфирге чыгуу укугу жөнүндө чечимине Аскердик прокуратуранын даттануусун карады.

Аталган соттук отурумда Аскердик прокуратуранын өтүнүчүн канаттандыруудан баш тартылды. Анда телеканалдын кызыкчылыгын “Институт Медиа Полиси” юристтери коргоду.

Мурда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Аскердик прокуратуранын «Цифровые технологии» ЖчКсы менен «Апрель ТВ» ЖчКга доосу боюнча экономикалык ишти кароо болуп өткөн.

Анда сот Аскердик прокуратуранын доосун канаттандыруудан баш тарткан. Андыктан прокуратура бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна арызданган.

Эске салсак, 2019-жылы ноябрда «Цифровые технологии» ЖчК жеке менчик телекөрсөтүү операторунун уюштуруучулары жалпы чогулушунда телеканалдын мүлкүнүн камакта экенине карабай «Апрелдин» эфирге чыгуусуна уруксат берүү чечимин кабыл алган. Бирок Аскердик прокуратура ал чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылган.

Телеканалдын берүүсү 2019-жылдын 7-август күнү кечинде Кой-Таш айлында күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы башталгандан бир саат өткөндөн кийин толкун таратуучу мунарадагы жабдуу бузулду деген шылтоо менен токтотулган. «Апрель» менен кошо ошол мунарадан көрсөткөн 10 телеканал дагы өчүрүлгөн.

Кийин «Апрель» телеканалы бир нече жолу эфирге чыгууга аракет кылды, бирок Аскер прокуратурасынын соттук дооматтарынан улам аны ишке ашырууга мүмкүн болгон жок.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнин Чүй обл. жана Бишкек шаарындагы өкүлү

Комментарий

Мурдараак, 2020-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өз чечиминде Аскердик прокуратура мындай доо арызы менен кайрыла албастыгын жана ал тийиштүү доогер болуп эсептелбесин белгилеген. Бул чечимди Бишкек шаардык соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы да тастыктап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО

Журналисттерге, ЖМКлар менен интернет-басылмаларга карата коркутуулар

 

10.02.2021

TMG телеканалы прокуратурага жана милицияга кайрылат

TMG телеканалынын жамааты 9-февралда алардын кеңсесине бастырып кирүүгө аракет кылган адамдардын иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылуу кылмай болду. О.э. журналисттик иликтөө даярдаган Ажибай Пайзидин уулу кесиптик ишине тоскоолдук болгону боюнча милицияга арыз даярдоодо.

“Биз “Медиа Полиси Институту” менен кеңештик. Кечээки факты боюнча юридикалык баа берүү боюнча прокуратурага кайрылуу кылабыз. Журналисттик ишмердикке тоскоолдук, коркутуп-үркүтүүлөр боюнча журналистибиз шаардык милицияга арыз жаза турган болду.

Журналисттин айтуусу боюнча, телеканал кеңсесине кирүүгө аракет кылгандар экинчи тарап – жерди сатып алгандар болушууда. “Биз жерди сатып алганбыз, силер эмнеге чыгарасыңар” деп коркутуп жатышат. Арасында айыл өкмөттө жүргөн адамдарды байкадым деп жатат журналист. Айыл башчы бир күн мурда келип, “каалаган суммаңарды берели” деген. Журналист андан баш тарткан: “Ал нерсе бизде болгон эмес жана болбойт дагы” деп. Анан коркутууларга өтүшкөн.“Эртең алдыңарга адамдар барышат, топтоп барабыз” деген аудиожазуулары бар экен”, – деди TMG телеканалынын жетекчиси Кубанычбек Жусанов.

Кечээ күнү (09.02.2021) Ош шаарында жайгашкан TMG телеканалынын имаратына 15тен ашуун адам кирип барууга аракет кылып, журналисттерди туура эмес маалымат таратууга айыптап жана түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Мурдараак Шарк айыл өкмөтүнөн 10 чакты адам кайрылып, пандемия учурунда бөлүнгөн гуманитардык жардамдар элге таратылбай эле, алардан кол койдуруп алынганын жана үлүш жерлер мыйзамсыз сатылып кеткени боюнча журналисттерге айтып беришкен.

“Биз алгач жердин сатылышы боюнча иликтөө баштаганбыз. Анан Шарк айыл өкмөтүндөгү Падаван айылынын башчысы Улукбек Султанов бир нече жолу акча сунуштады: “ишти жаап коелу, мусулманбыз” деп. Шарк айылдык кеңешинин депутаты Хусанбай Мусаев деген телефон чалып: “Мындай эле бүтүрүп коелу. Болбосо, каалаган нерсеми кылам, сага көрсөтүп коем…” деп коркутууга алды. Мурдагы күнү Падаван айылынын башчысы биздин кеңсеге келип, “материалды чыгарбай эле коелу, чыгарсаң биз да башкача сүйлөшөбүз, сен да камалып кетишиң мүмкүн” деп коркутушту”, – деди Ажибай Пайзидин уулу. Журналист пандемия учурундагы гуманитардык жардамдардын чоо-жайы жөнүндө дагы иликтөө даярдашарын кошумчалады.

Шарк айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз сатылып кеткен 30 гектар үлүш жер тууралуу материал кечээ күнү TMG телеканалынан эфирден берилди.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү

Комментарий

Мындай учурларда болгон коркутууларды бардыгын видеого тартып, аудиого жаздырып, сөзсүз жергиликтүү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу керек.

 

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө

Окшош посттор