Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кыргызстандын медиа секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кайрылуусу

Кыргызстандын медиа секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кайрылуусу

2022-жылдын 22-январынан 23-январына караган түнү Бишкекте белгилүү иликтөөчү журналист, Teмиров Live YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров кармалган. Мурдагы жана азыркы бийлик төбөлдөрүнүн, саясатчылардын коррупциялык фактыларын иликтеген журналист кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү же террористтей кармалды.

Темиров Live командасынын офисинен компьютерлер чыгарылып кетти. Редакция жайгашкан имаратка бет капчан жана камуфляж кийген куралчан адамдар адвокаттарды, жарандык активисттерди жана журналисттерди киргизген жок. Журналистти кармаган адамдар офистин ичинде болуп жаткан окуялар тууралуу объективдүү маалымат алууга ар кандай жол менен тоскоолдук кылышты. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мындай жүрүм-туруму жазык-процессуалдык мыйзамдарда белгиленген ченемдерди так сактоону бузуп, күч органдары алдыдагы тергөөгө таасир эте турган аракеттерди жасай беришет тура деген ойду жаратат.

Укук коргоо органдарынын иш-аракеттери Болот Темировдун жана анын кесиптештеринин кесиптик ишмердигине байланыштуу, алар коомдо чоң резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, жогорку кызматтагы, анын ичинде укук коргоо органдарынын, ошондой эле мындай чиновниктерге тиешеси бар адамдардын коррупциялык жана кызматына кыянаттык кылуу фактыларын ашкерелеп келген. Буга чейин Болот Темировго кол салуу болуп, ал катуу сабалган. Кол салууга катышкандар кармалган, бирок укук коргоо органдары бул кылмышты жасоого буйрук бергендердин ким экендигин аныкташкан эмес. Журналистке кол салуу КР УКМКнын жетекчилигине байланыштуу иликтөө учурунда болгондугуна дал келиши таңгалычтуу. Учурда Темиров Live тобунун журналисттик иликтөөсү жана фактыларды чагылдыруусу КР Министрлер Кабинетинин мүчөсү, КР УКМК төрагасынын тууганы менен байланышы бар фирманын ишмердүүлүгү боюнча болгон.

Болот Темировго жана Темиров Live командасынын башка кызматкерлерине карата укук коргоо органдарынын аракеттери буларга карама-каршы келет:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары эркин, аларга маалымат алуу жана таратуу укугу жана өз оюн эркин билдирүү укугу кепилденет;

– Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү чыкканга чейин кылмыш жана/же жорук жасагандыгы үчүн күнөөсүз деп эсептелет; мыйзамды бузуу менен алынган далилдер айыпты негиздөө жана сот чечимин чыгаруу үчүн колдонулушу мүмкүн эмес;

Укук коргоо органдарынын аракеттери төмөндөгүлөрдү бузат:

– «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот;

журналист кесиптик милдеттерин аткарууда жеке кол тийбестиктин кепилдигинен пайдаланат;

мамлекет журналисттерди кесиптик ишинин жүрүшүндө коргоону камсыз кылат;

журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат;

– «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-беренесине ылайык:

журналист журналисттик иликтөө жүргүзүүгө укуктуу;

журналист өзүнүн кесиптик иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтууга, аларды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына ыктыярдуу түрдө берүүгө укуктуу;

журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттен алынган материалдар жана документтер сот тартибинде эле болбосо, тартып алынышы же текшерүүдөн өткөрүлүшү мүмкүн эмес.

Эске салабыз, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесине ылайык, буларга жоопкерчилик каралган:

– журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылууга;

– журналистке кысым көрсөтүү, анын кесиптик ишине кийлигишүү;

– журналисттин материалдарын жана керектүү техникалык каражаттарын мыйзамсыз алып коюу;

– журналисттин укуктарын бузуу, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү, коркутуу, зомбулук көрсөтүү жана анын кесиптик ишмердигине байланыштуу журналисттин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу биз Конституциянын кепилдиги болгон Кыргыз Республикасынын Президентин чакырабыз:

– Темиров Live командасынын журналисттерин укук коргоо кызматкерлеринин кысымынан коргоого;

– Болот Темировду кармоо, Темиров Live офисин тинтүү, жабдууларды жана техникаларды тартып алуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери боюнча териштирүү жүргүзүүгө.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун:

– Болот Темировду кармоо, Темиров Live офисин тинтүү жана жабдуулар менен техникаларды алуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине иликтөө жүргүзүү.

– укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка жарыялоого жана ишти сотко өткөрүүгө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрин:

– журналист Болот Темировду токтоосуз бошотууну!

Окшош посттор