Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттерге жоопкерчилик катаалдашпай калды

Журналисттер кыргыз медиасында туура жана так маалыматтарды таратуу боюнча көптөгөн мүчүлүштүктөр кетип жатканын моюнга алышат. Бирок, ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине каршы катаал мыйзамдарды колдонууга негиз жок деп эсептешет.

Кыргыз парламентиндеги Социал демократтар фракциясы атайылап жалган жалаа таратканы үчүн журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.

Анын негизги себебин коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн мындай демилгеге каршы чыкканы cебеп болду деп түшүндүрүшүүдө.

Өткөн аптада парламенттеги Социал демократтар фракциясы атайлап жалган маалымат тараткан журналистти кылмыш жообуна тартуу жана эркинен ажыратуу каралган долбоорду бир добуштан колдогон.

Бирок, ошондой болсо дагы мындай катаал эрежелерди киргизүү аракетинин өзү кыргыз журналисттеринин мындан ары так болууга үндөгөн ишарат болушу мүмкүн дешет саясатчылар.

Социал демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Би-Би-Сиге: “Биздин партия сөз эркиндигин кысууга башынан бери каршы. Андыктан, сунушту дүйшөмбү күнү өз ара талкуулап көрүп, артка чакыртып алууну чечтик”, – деди.

Мындан мурдараак Кыргызстандагы журналисттик уюмдар “Ачык сүйлөшөлү” аттуу жыйын өткөрүшүп, басма сөздөгү жалган жалаа үчүн жоопкерчиликти катаалдатууга каршы пикирлерин билдиришкен.

Журналисттер кыргыз медиасында туура жана так маалыматтарды таратуу боюнча көптөгөн мүчүлүштүктөр кетип жатканын моюнга алышат. Бирок, ошону менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине каршы катаал мыйзамдарды колдонууга негиз жок деп эсептешет.

Социал демократтар фракциясынын депутаты Галина Скрипкина сунуштаган мыйзам долбоорун журналисттерге укуктук колдоо көрсөткөн “Медиа полиси институту” аттуу уюм дагы сын алган эле.

Уюмдун айтымында, журналисттерди кылмыш жообу тартуу демилгеси Кыргызстандын баш мыйзамындагы эрежелерге каршы келген.

Жаңы Агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева Би-Би-Сиге маегинде: “Эгер мыйзам кабыл алынса, анда Кыргызстандагы журналисттер өзүн-өзү чектөөгө мажбур болмок. Анын арты өлкөдөгү сөз эркиндигинин чектелишине алып келиши мүмкүн эле”, – деп айтты.

Булак: Би-би-Си Кыргыз кызматы

Окшош посттор