Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Бийлик прессаны ооздуктайбы?

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 26-апрелде парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин көтөрдү.

Муну ал гезиттерде ушак-айыңдарга көп орун берилип, ал үчүн жоопкерчилик жок болуп жаткандыгы менен негиздеди.

Ошол эле күнү бийлик өкүлдөрүн сындаган макала басылган “Алиби” гезитинин кезектеги санын белгисиз бирөөлөр дүңүнөн сатып алып кеткен.

Гезит журналисттери мындай көрүнүш өткөн эки жылдан бери алгачкы жолу кайталанганын айтып коңгуроо кагышууда. Медиа чөйрөдө эркиндик менен жоопкерчиликтин ортосундагы талаш сөз эркиндигин кайрадан чектөөгө алып келбейби деген чочулоолор пайда болду.

Өкмөт башчы нааразы

Парламент өкмөттүн 100 күндүк ишинин жыйынтыгын угуу учурунда айрым депутаттар өкмөт башчысын гезит беттеринде курулай каралоо көбөйүп жаткандыгын белгилешти. Ал турсун Социал-демократтар фракциясынан депутат Акылбек Султанов өкмөт башчы Бабановдун беделине шек келтирген басылмаларга чара көрүүнү сунуштады:

– Ушуга окшогон ушактар менен ар кайсы гезит бетинде жүрөсүз. Муну окуган коомчулук чындыгында эле туура эмес пикирде болуп калышы мүмкүн. Мен да окуп алып, 200 пайызга башка пикирге өзгөрүп кете жаздадым. Сиз бул маселени жөн койбой, ошону баскан гезиттерди сотко берип, өзүңүздүн укугуңузду коргошуңуз керек. Бул жерде өтө катуу нерселер жазылган экен.

Парламенттеги мына ушуга окшогон депутаттардын колдоосуна таянган өкмөт башчысы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин көтөрдү. Муну ал басылмаларда ушак-айың көбөйүп, туура эмес коомдук пикирди калыптандыруу өнөкөтү күчөп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Айрыкча ал “казакстандык олигарх Булат Утемуратов менен телефондук сүйлөшүүнүн тексттик көчүрмөсү” деп алгач сайтка жарыяланып, андан гезиттер көчүрүп баскан материалды мисал келтирди.

Өмүрбек Бабанов анын саясий атаандаштары төбө чачты тик тургузган ушактарды гезиттерге жаздырып жатканына токтолду:

–  Мына ошол сайтка, анан гезиттерге чыккан материалдагыдай Утемуратов менен андай сүйлөшүү болушу мүмкүн эмес. Менин лексиконумда жок сөздөрдү кошуп алышып, ушундай деп жазып жатышат. Аны окуган адамдын чынында эле төбө чачы тик турат. Аны ким жаздырганын жана мына ошону тараткан сайттын ээси ким экенин силер өзүңөр баамдап жатсаңар керек.

“Алибини” дүңүнөн алып кетишти

26-апрель сөз эркиндигине байланышкан дагы бир урунттуу окуя менен коштолду. “Фридом Хаус” басмаканасынан чыккан “Алиби” гезитинин кезектеги санында президенттин иш башкармалыгына караган мекеме-ишканалардагы көмүскө жагдайлар чагылдырылган. Ошондой эле депутат Өмүрбек Абдрахмановду жана энергетика министри Аскарбек Шадиевди сынга алган макалалар жарыяланган. 27-апрелге караган түнү гезит базарга түшөөрү менен белгисиз бирөөлөр анын баарын дүңүнөн алып кеткен.

“Алиби” гезитинин башкы редакторунун орун басары Тынчтык Алтымышев мындай өнөкөт эки жылдан бери биринчи жолу кайталанганын белгиледи:

– Бакиевдин бийлиги тушунда гезитибизди бийликтин адамдары уурдай качкан окуялар болчу. 7-апрелден бери буга окшогон нерселер токтогон болчу. Бирок мына ушундай усулдун кайрадан башталганын көрүп, мурдагы бийлик режими кайрадан калыбына келтирилип жатабы деген суроо пайда болду. Анткени гезиттин таралышын каалабаган айрым бир бийлик өкүлдөрү аны дүңүнөн саттырып алышыптыр. Бул элге ошол маалыматтар жетпей калсын деген аракет болсо керек. Бирок биз ал материалдарды эмдигиде кайрадан басабыз.

Медиа талдоочулар болсо сөз эркиндиги кайрадан калыбына келтирилген эки жыл ичиндеги буга окшогон жагдайларды кооптонуу менен кабыл алышты. Мындан улам медиа чөйрөдө бийлик журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүү шылтоосу менен сөз эркиндигине басым көрсөтүүгө кайрадан жол береби деген санаркоолор пайда болду.

Маалымат булагы “Азаттык” үналгысы

Окшош посттор