4-февралда УКМК блогер Юлия Барабинаны 8 сааттык сурактан кийин кое берди. Ал арада блогердин телефонуна эч ким алып алалбады. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Ошондой эле, блогер бир иш боюнча күбө катары өтүп жатканы да белгилүү болду.
Бул тергөө амалдарын жүргүзүүнүн себеби белгисиз. Бирок социалдык түйүндөрдө тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү жайылтылууда. Ал документтен иш 15-январда эле Кылмыштар менен жосундардын бирдиктүү реестрине катталганын билсе болот. Ал аймактык жана улут аралык араздашууну козутууга байланыштуу иш экени айтылды.
УКМК кызматкерлеринин көңүлүн Фейсбуктагы «Правдаруб.кг» социалдык тобунун ишмердүүлүгү бурган. Органдардын пикири боюнча, ал топто колдонуучуларды душмандык мүнөздөгү жана мыйзамсыз комментарийлерди жазуусуна түрткү берген чагымчыл материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып турган.
Атап айтканда: «Кытай изи», «Мамлекеттик резиденцияда зек жашайт», «Кыргызстан: эки псих бийликте», «Бакиевдер жана алардын саясаттагы реанимациясы. Бүйүр кызыткан маалыматтар», «Бакиевдер. Бийликтеги реванш» деп аталган макалалардын алдында чагымчыл мүнөздөгү пикирлер жазылган.
Улуттук коопсуздук органдары аныктагандай, топко А.Савченко, Ю.Барабина администраторлук кылат, ал эми дизайнердик иштерге О.Школьникова жооп берет. Ошону менен бирге баракчага Мээрим Асанова жана анын күйөөсү К.Мукашев жалпы координациялоо жүргүзөт.
Мээрим Асанова президенттик шайлоонун жүрүшүндө Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген. Ал эми А.Сегизбаев азыр камакта отурат. Ал жер тилкелерине байланышкан коррупциялык иштерге, ошондой эле, айтылуу «Белизгейт» ишин териштирүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.
Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү