Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттерди улак тартууга чакырышат

Атадан калган Көк бөрү оюнун жалпыга жайылтуу максатында ушу күздө парламент, өкмөт мүчөлөрү менен журналисттер арасында мелдеш өткөрүү болжолдонуп жатат.

Уюштуруучулар аттын кулагы менен тең ойногон, билегинде каруусу, оозунда азуусу бар журналист жигиттерди издеп жатышат. “Азыртадан даярдык көрүп, ат үстүндө улак тартып туралык”, – дешет алар.

Улакчылар, 0554 401-612 номурлуу уюк телефонго чалып кененирээк маалымат ала аласыңар.

Окшош посттор