Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Мониторинг

2020-жылдын ноябрь жана декабрь айлары боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2020-жылдын ноябрь-декабрь айларында 21 маалымат катталган. 15 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 4 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, 2 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

 

06.11.2020

“Журналисттер” КБ “Кыргыз журналистикасынын азыркы абалы кандай?” изилдөөсүн даярдап бүттү

Бул изилдөө «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан «Кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик жана укуктук билимдерин жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул иликтөөнү жүргүзүүгө Элмурат Аширалиев тартылган.

Бул излдөөдө кыргыз журналистикасынын учурдагы абалы, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал ага кандай таасир тийгизгенин иликтөө аракети кылынды.

Изилдөө журналисттердин жана эксперттердин арасында онлайн-сурамжылоо жүргүзүү жана фокусттук эксперттик топтордун жыйындарын өткөрүү тууралуу ишке ашырылды.

Сурамжылоолор август-сентябрларда өткөрүлүп, анын айрым жыйынтыктары менен коомчулук тааныштырылган болчу. Эми изилдөө толугу менен сунушталып жатат. Аны бул жерден жүктөп алса болот.

 

10.11.2020

Медиаорганизации Кыргызстана призывают и.о. президента публично признать и подтвердить роль свободных СМИ в демократическом обществе

Медиаорганизации Кыргызстана выражают крайнюю обеспокоенность по поводу публичного заявления, сделанного и.о. президента Садыра Жапарова в день информации и печати, способного сформировать негативные стереотипные представления по отношению к журналистам, и тем самым представляющего собой угрозу для свободной прессы в Кыргызстане.

Пандемия КОВИД-19 доказала нам, что СМИ играют решающую роль в информировании граждан о существующих проблемах и распространении сведений о том, как власть реагирует на эти вызовы. Несмотря на тяжелые условия работы, стресс, усталость и риск заболеть журналисты все это время выполняли и продолжают выполнять свою функцию, информируя население о происходящих значимых событиях и явлениях.

Заявление, обвиняющее журналистов в искажении информации, не подкреплено конкретными фактами. Однако достаточно только взглянуть на группы в соцсетях в поддержку Садыра Жапарова, чтобы убедиться, что его слова его сторонники восприняли как сигнал: если критикуют Жапарова или его команду, значит этому СМИ нельзя доверять. Более того, эти оценочные суждения и.о. президента на СМИ привели к тому, что журналисты стали мишенью угроз и преследования в соцсетях. Учитывая, что во время освещения протестов в октябре в отношении представителей ряда СМИ, выполняющих свои профессиональные обязанности, оказывалось всяческое давление со стороны сторонников нынешнего и.о. президента, то такие его заявления крайне опасны и безответственны.

СМИ – это один из основных демократических институтов и такие заявления со стороны публичного лица высокого ранга представляют собой угрозу свободной прессе и подрывают право общества знать и понимать роль прессы в демократии. Такие заявления дискредитируют деятельность журналистов, значительно усложняя их работу по освещению общественно-значимых событий.

Мы призываем и.о. президента публично признать и подтвердить роль свободных СМИ в демократическом обществе и воздерживаться от дискредитации журналистов. Для обеспечения наибольшего равного и справедливого доступа к информации предлагаем начать проводить регулярные пресс-конференции для прессы и избегать политического фаворитизма.

Хотели бы отметить, что публичные лица и политики по своей воле становятся объектом пристального внимания со стороны журналистов и широкой общественности, а потому должны проявлять больше терпимости к критике. По сравнению с другими гражданами и.о. президента имеет ряд преимуществ, в том числе больший доступ к государственным и частным СМИ, где он может изложить свою точку зрения по разным вопросам.

Напоминаем, что именно свобода печати позволяет гражданам лучше узнать об идеях и позициях политических лидеров и сформулировать своё личное к ним отношение. Свободное обсуждение общественно-значимых вопросов очень важно для страны и общество должно осознавать важность защиты прав журналистов, чтобы они не переставали поднимать важные для общества вопросы.

Долг журналистов состоит в том, чтобы сообщать информацию и идеи по всем общественно-значимым вопросам. Передавать такую информацию и идеи – это задача СМИ, но с другой стороны и право общества получать их. Если бы было иначе, СМИ не смогли бы играть свою ключевую роль в построении демократического общества.

 

11.11.2020

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сөз эркиндигине кысым жасоону туура көрбөйт жана ЖМКны «өз жана жат» деп бөлбөйт

Бул жөнүндө президенттин милдетин аткаруучунун пресс-катчысы Галина Байтерек бир катар медиа уюмдардын Жапаровду журналисттердин кадырын кетирүүдөн жана жаман көрсөтүүдөн карманууга чакыруусуна карата билдирди.

Эске салсак, медиа коомчулук президенттин милдетин аткаруучунун ЖМК дарегине карата пикири боюнча билдирүү жасаган. Садыр Жапаров 3-ноябрда «Region» телеканалына берген интервьюсунда «Азаттык» радиосу жөнүндө өзүн «катуу сындап жана сөздөрүн бурмалап жатат» деген пикирин айткан. Ошол билдирүүдөн кийин коомдук түйүндөрдө «Азаттыктын» дарегине коркутуулар көбөйгөн.

Кыргызстандын медиа уюмдары президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан Басма сөз жана маалымат күнү «журналисттерге карата терс пикирди пайда кылууга жөндөмдүү жана ошонусу менен Кыргызстандагы эркин басма сөзгө коркунуч келтире турган» ачык билдирүүсү боюнча абдан тынчсыздануусун билдирген.

Медиа уюмдар президенттин милдетин аткаруучунун ЖМК дарегине тил тийгизүүсүнөн улам «журналисттер коомдук тармактарда жана октябрдагы нааразылык акцияларын чагылдыруу убагында коркутуулар жана куугунтуктоолор бутасына айланды» деп эсептейт. Бир катар ЖМК өкүлдөрүнө азыркы президенттин милдетин аткаруучунун тарапкерлери жактан ар кандай кысымдар көрсөтүлдү.

«Биз президенттин милдетин аткаруучуну эркин ЖМКнын демократиялык коомдогу ролун коомчулук алдында таанып жана тастыктоого жана журналисттерге сөз тийгизүүдөн карманууга чакырабыз. Маалыматка алда канча толук жана калыс жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн ЖМКга үзгүлтүксүз маалымат жыйындарын өткөрүүнү жана саясий фаворитизмден качууну сунушутайбыз», – деп медиа коомчулук белгилеген.

Галина Байтеректин айтымында, Садыр Жапаров «эркин басма сөздү демократиялык мамлекеттин ажырагыс бөлүгү жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн факторлорунун бири болуп саналат», – деп эсептейт.

«Ушуга байланыштуу айрым медиа уюмдардын кооптонуулары негизгиз болуп саналат. ЖМК бардык темаларды ачык-айкын чагылдырууга жана маалыматты коомчулукка калыс түрдө жеткирүүгө тийиш. Президенттин милдетин аткаруучу бир гана өңүткө – сөз эркиндиги менен катар дайыма жоопкерчиликтин дагы болушуна чакырат», – деп басма сөз катчысы белгилеген.

Ал 12-ноябрда Жапаров маалымат жыйынын өткөрө турганын, анда коомчулуктун бардык суроолоруна жооп берээрин кошумчалады.

 

12.11.2020

КР журналисттер бирикмеси тексттеги «кастык тилдин» болушун текшерүү үчүн сейрек аспап сунуштады

Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз биримдиги (КР ККЖБ) 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ЖМК, интернет-басылмалар жана коомдук тармактарда кастык тилинин колдонулушуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгынын бет ачарын жарыялады.

КР журналисттер биримдиги, маалыматты жыйноонун жана талдоонун IТ ыкмаларын колдонуу менен Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун катышуучулары тарабынан «кастык тилин» колдонуусуна карата мониторинг жүргүзгөн жана партиялар менен талапкерлердин коомдук медиадагы көрсөтүлүшүн талдоого алган.

Анда «Медиа Диалог» долбоорунун алкагында Кыргызстандагы алда канча таанымал коомдук медиаларга, анын ичинде Twitter, Facebook, Instagram сыяктуу жана шайлоону чагылдыруу жана агитациялык материалдарды жайгаштыруу үчүн КР БШК аккредитациялаган 40тан ашык медиа порталдардын булактарына мониторинг жүргүзүлгөн. Автоматтык парсинг ыкмасы менен бардыгы болуп Кыргызсандагы интернет-басылмалардын 3016 макаласы каралган.

Кастык тилинин пайдаланылышы боюнча мониторингдин негизинде даярдалган талдоо материалы жарыяланган hatespeech.kg сайты түзүлгөн. Кыргызстан журналисттеринин көз карандысыз биримдиги веб-платформа түзүү жана эркин жеткиликтүү кылуу менен жарандардын саясий күрөштүн терс ыкмалары тууралуу маалымдуулук деңгээлин жогорулатууну максат кылууда.

Мындан тышкары Кыргызстандын журналисттер бирикмеси кеңири коомчулукка сейрек аспап дагы сунуштайт. Сайтта бардык жарандарга, өзгөчө журналисттерге жардам катары атайын «Текшерүү» функциясы түзүлгөн. Бул КРККЖБ демилгеси жана техникалык тапшырмага кирбейт. Ал функция сайттагы атайын аянтка ар кандай тексттерди көчүрүп салуу менен кастык тилинин болушун текшерүү мүмкүндүгүн берет. Текшерүүдөн кийин тексттин бир багыттуулугун тастыктаган сөздөрдүн тизмеси дагы чыгарылат.

Бул жарандык коомго жана редакцияларга бир кыйла тең салмактуу жана ойлонулган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары партиялар гана эмес, ЖМК, ӨЭУ жана социалдык тармактардын колдонуучулар мындай маалыматты таратуудагы жоопкерчиликти түшүнүүгө тийиш. Мамлекеттик органдар өз кезегинде жер-жерлерде кыска мөөнөттүү келечекте кастык тилинин колдонулушун кыскартуу жана тобокелдиктер менен коркунучтарды төмөндөтүү, ал эми узак мөөнөттүү келечекте андан толук баш тартуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

«Акыркы жылдары журналисттер коомунда жана дегеле кыргызстандыктар арасында «кастык тили» көп колдонулган баарлашуу тилине айланганын айта кетүү керек. Бул терс тенденция биздин кесиптик бирикмени тынчсындандырат. Көпчүлүгү «кастык тили» сыяктуу жол берилгис коммуникация формаларын колдонууга өтүүдө. Мындай жорук коомдогу туруксуздукка, ишенбөөчүлүктүн өсүшүнө жана коомдогу кырдаалдын курчуп кетишине алып келет», – дейт КР ККЖБ төрагасы Азамат Касыбеков.

 

14.11.2020

Кыргызстанда сөз эркиндигинде каршы багытталган мыйзамдарды кабыл алууга мораторий киргизилет

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри 13-ноябрдагы журналисттик жыйын убагында билдирди. Ошондой эле, ал маалыматтык саясаттын концепциясын тааныштырды.

Министр Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бул документке мамлекеттик органдар менен ЖМК ортосундагы кызматташтык, сөз эркиндигин колдоо, мамлекеттик басылмаларды реформалоо негиз болуп саналат.

Аны менен бирге сөз эркиндигине каршы багытталган мыйзам долбоорлоруна мораторий киргизүү каралууда. «Бул мораторий убакыт менен чектелбеш керек. Сөз эркиндиги конституциялык эмес, түпкүлүктүү укук болуп саналат», – деп белгиледи Н.Кадырбеков.

Концепция алкагында журналисттерди коргоого багытталган сунуштар демилгеленет. Ошондой эле, Жазык кодексине журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу үчүн жаза караган беренени кайтаруу сунушталууда. Маданият министринин пикири боюнча, мындай берене журналисттер менен баарлашууда өзүнүн кызмат абалынан пайдалангысы келген мамлекеттик кызматкерлерге бөгөт болуп калышы керек.

Кыргыз парламенти чуу пайда кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна буга чейин добуш бергенин айта кетүү керек. Эске салсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Гульшат Асылбаева жана КСДП фракциясынан депутат Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген. Журналисттик коомчулук «бул документ сөз эркиндигине коркунуч келтирет» – деп эсептейт. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбоорун парламентке кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарып берген.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалыматтык саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгууну баштады. Мамлекеттик кызматкерлер баса белгилегендей, концепциянцын принциптери журналисттер коомчулугу менен талкууланат жана толук иштелип чыгат.

 

27.11.2020

Маалымат берүү милдетинен качкан маморгандар

Журналисттер кесиптик ишинде айрым мамлекеттик органдардан маалымат алуу татаалдыгына көп туш болуп жатышканын айтышууда. УКМК, прокуратура, сот, бажы кызматы, каржы полициясы журналисттер үчүн дээрлик жабык мекемелер. Журналисттик иликтөө, аналитика менен алектенген журналисттер гана атайын суроо-талап менен кайрылбаса, жаӊылыктар менен иштеген кабарчылар, дээрлик суроо-талап жазышпайт.

“Клооп” сайтынын кызматкери Хамидулло Узаков жакын арада болгон окуялар боюнча маалыматтарды дароо алуу журналист үчүн маанилүү экенин белгиледи:

“Мындан 1-2 жыл мурдагы окуялар боюнча, же кандайдыр бир архивдик документтерди суроодо запрос жөнөтүп, анын жообун күтүү негиздүү эле. Бирок, Улуттук коопсуздук кызматы жакында эле болуп өткөн окуя боюнча маалымат сурасаӊ деле, “запрос жөнөт” дешет. УКМКнын Оштогу пресс-кызматы Бишкек жооп берет деп айтат. Бир жолу УКМКдан бир маалыматты тактоо үчүн кайра-кайра чалып, ала албадым. Кийин билсем, менин номуруму кара тизмеге киргизип коюптур.

Мисалы, милициядан телефон чалып, дароо эле маалымат алууга болот. Ал эми прокуратурадан маалымат сурасаӊ,” ага чал”, “буга чал” деп, бири-бирине оодарышат. Ал эми Финполициянын пресс-кызматы болсо кээде такыр жооп бербей да коет. Ошондой башаламандык”, – дейт Хамидулло Узаков.

Журналист-оператор Жусупбек Кошмат уулу жеке менчик ишканалардан да маалымат алуу татаал экендигин белгиледи:

“Курулуштар боюнча материал даярдоодо жеке менчик ишканаларга кирүүгө уруксат алуу, тасмага тартуу, маалымат үчүн интервью алуу татаал. Ал эми мамлекеттик органдарда, прокуратурада маалыматты берүүдө бири-бирине шылтап, убара кылышат, интервью такыр бериштейт. Кайсы бир маалыматты тактоо үчүн кайрылганда да оӊойчулук менен жооп беришпейт.

Мен күнүмдүк жаӊылыктарды даярдаганым үчүн дайым эле запрос жазып, анын жообун күтө албайм. Иш тажрыйбамда мыйзамсыз курулуштар боюнча материал даярдап жатканда экотехинспекцияга 2-3 жолу запрос менен кайрылдым”, – деди Жусупбек Кошмат уулу.

Ал эми Арген Нуров иликтөө макалаларын даярдап жүргөн журналист. Ал өзгөчө коррупция темасын иликтөөгө зарыл болгон маалыматтарды маморгандардан алуу абдан татаал экенин белгиледи.

“Жерлердин мыйзамсыз сатылышы, кайсы бир кландардындын жерлерди мыйзамсыз сатып алып, турак-үйлөрдү кургандыгы, тендерлердин мыйзамсыз өтүшү ж.б. боюнча иликтөөлөрдү жасоого аракет кылдык. Мисалы, А.Шакиров көчөсүнө асфальт басуу боюнча тендерди Жолдор башкармалыгы өткөргөн. Жолду “Тасико” деген фирма курган экен. Тендер боюнча порталды карасак, 3-4 бөлүм менен өткөн тендерлердин баарын ошол фирма утуптур. Мисалы, жолго асфальт төшөөдөн сырткары жолдон өткөн канализация түзүмүн оӊдоо, арыктарын оӊдоо боюнча миллиондогон сомдук тендерлер өткөн. Башка фирмалар да бул тендерлерге катышкан, бирок кайра эле “Тасико” фирмасы ута берген. Миллиондук тендерлердин артында кимдер турат, коррупциялык кандай байланыштар бар, мунун түбүнө жете албадык. Эмне үчүн жете албадык? Прокуратурага, мэрияга кайрылганыбызда бизге толук малыматты бербей коюшкан. Коррупцияны кайсы органдар билет? Капиталдык курулуш башкармалыгы, Ош мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы, прокуратурадан маалымат ала албайбыз”, – деди Арген Нуров. Ал суроо-талап жөнөтүп, анын жообун эки апта күтүү, эгер жооп берилбесе, ал маморган менен соттошуу журналисттен убакытты жана майтарылбас эркти талап кыла турганын кошумчалады. Арген Нуров “ТMG” телеканалынын кызматкери.

“Спутник” сайтынын кабарчысы Зульфия Тургунова да тендерлерге байланыштуу маалыматтарды алууда татаалдыктарга туш болгон:

“Биздин башкы кеӊсе Бишкекте болгондуктан, жазуу жүзүндө суроо-талап даярдап, ага мөөр коюлуп, борбордон келгенче убакытты алат. Сайт болгондуктан, материалды чыгарууда оперативдүүлүк талап кылынат да. Ошондуктан, оозеки түрүндө маалымат суралат.

Мисалы, Ош шаарында жаӊы жылдык балатыны “Турар” ЖЧКсы бир катар жыл бою орнотуп келген. Тендерге башка фирмалар да катышканы менен, бир гана ушул фирма утуп турган. Тендердин өтүшү, жол-жобосу боюнча Муниципалдык менчик башкармалыгынан такыр маалымат ала алган эмесмин. Жетекчиси Ашым Семетеевге бир нече жолу телефон чалып, ал телефондон да жооп берген жок.

Ош шаардык жана облустук прокуратура да журналисттер үчүн дээрлик жабык мекемелер. Ал жерде журналисттерге маалымат бере турган жооптуу адис жок. Эгер прокуратурадан маалымат алуу зарыл болсо, ал материалыӊ чыкпайт дегенге эле тете. Кароолчудан ары кире албайсыӊ. Же “маалымат бере турган жетекчи жумуш ордунда эмес эле” деген жоопту угабыз”, – деди Зульфия Тургунова.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу көпчүлүк ЖКМ кызматкерлери күнүмдүк темалар менен алектенгени үчүн маалымат алууда суроо-талап менен кайрыла бербегенин белгиледи:

“Суроо-талапты кантип жазганды, маалымат алуу үчүн кантип кайрылуу керектигин эл аралык уюмдар үйрөтүп келет. Суроо-талапты, негизинен, иликтөө, тереӊдетилген аналитикалык материал даярдаган журналисттер жазышат. Күнүмдүк кабарлар менен иштеген журналисттерге күнүмдүк маалыматтарды алуу көп деле тоскоолдуктарды жаратпайт. Бирок, толук эмес, кыска гана маалыматтарды берген учурлары да болот. Ошол болсо да пайдаланууга туура келет. Анткен менен, прокуратурадан, сот органдарынан кээде маалымат алуу абдан татаал. Бюрократтык мамиле кылып, суралган маалыматты аныкталуу бир адам берет дешет, ал адам башка бирөө берет деп, бири-бирине оодаруу боло берет”, – деди журналист.

Дастан Үмөтбай уулу журналисттерге, ЖМКларга ачык маморгандарды да белгилеп өттү:

“Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынан маалыматты ыкчам алууга болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да маалыматка ачык, сайты да улам жаӊыланып турат. Ош шаардык мэриясынын пресс-кызматынан маалыматтарды кайсы учурда болсун алууга мүмкүн. Пандемия учурунда түзүлгөн республикалык штабдын телеграмм каналы ЖКМлар үчүн гана эмес, бардык жарандарды да маалымат менен камсыздоодо. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү да телеграмм каналын ачкан. Айрым маморгандар маалымат алууга ыӊгайлуулук түзүүдө”, – деди Дастан Үмөбай.

Маалыматты мыйзам негизинде сурап, алса болот

Кыргызстанда журналисттер гана эмес, ар бир жаран жергиликтүү жана мамлекеттик органдардан маалыматтарды алып, таанышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясыннын 33-беренесинде көрсөтүлгөндөй:

“… Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу…

Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу…

Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат…”

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү үчүн журналист же жаран суроо-талап менен кайрылса болот. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга маморган эки жума аралыгында жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде бул мөөнөттө суроо-талапка жооп даярдоо мүмкүн болбосо, кийинкиге жылдыруунун себебин көрсөтүү менен суроо-талап жиберген адамга билдириши шарт. Эгер белгиленген мөөнөттө жооп берилбесе, же жооптун мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарланбаса, суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат. Бул учурда маалымат берүүдөн баш тартууга мыйзам негизинде даттанууга болот. Анткен менен, суроо-талапка толук жооп бербеген мамлекеттик органдын үстүнөн арыз менен кайрылгандар дээрлик жокко эсе.

Гүлзат Газиева,
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү

 

29.11.2020

“Медиа Өнүктүрүү Борбору” КФ баткен журналисттерине мобилдик пресс борборду тапшырды

“Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондусу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Баткен областы боюнча өкүлү Нургазы Жайнаковго мобилдик пресс-борбордун сертификатын тапшырды. Тапшыруу аземи 28-ноябрда өткөн Media landscape KG 2920 форуму учурунда болду.

Аталган коомдук фонддун жетекчиси Нургүл Абдыкеримованын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында араздашуулар, чыр чатактар көп болот, аларды чагылдырып жаткан журналисттер өз ишмердүүлүгүндө көп кыйынчылыктарды баштарынан кечиришет.

“Журналисттер ачык талаада көпкө туруп калып, текстти жазганга, даяр материалды редакцияга жибергенге, бир аз отуруп эс алып алганга мүмкүнчүлүктөрү болбой кыйналган учурлары көп болот. Мобилдик пресс-борбор ушул нерселерге шарт түзүп берет”, – дейт Н.Абдыкеримова.

Мобилдик пресс борбордун курамына 20 чарчы метрлик аянтка эсептелген палатка, керектүү эмеректер менен техникалык жабдыктар кирет. Аталган пресс-борбор Deutsche Welle Akademie каржылоосундагы “Кыргызстан менен Тажикстан журналисттеринин ортосундагы байланышты бекемдөө” долбоорунун алкагында тапшырылды. Мобилдик пресс-борбор жакында жеткирилип берилмекчи.

 

29.11.2020

Кыргызстандын журналисттерине онлайн чабуулдар биздин өлкөдөгү демократияга доо кетирет!

Кыргызстандык журналисттер менен активисттердин интернетте куугунтукка алынышына байланыштуу басма сөз эркиндигине жаңы масштабдуу коркунуч жаралды. Бул боюнча Кыргызстандын медиа коомчулугу өзүнүн тынчсыздануусун билдирет. Биз мындай аракеттер: «өлкөдөгү альтернативдүү пикирди басууну көздөйт жана биздин демократияга олуттуу доо кетирет» – деп эсептейбиз.

Акыркы жылдары Кыргызстандын журналисттери, юристтери жана укук коргоочулары ар түрдүү коркутууларга улам көбүрөөк кабылууда, айрыкча журналист аялдарга олуттуу коркунуч жаралып жатат. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, куугунтуктун бул формасы адаттагы кандайдыр бир «хейтерлик» (кандайдыр бир адамга жек көрүү сезими), же акчага иштеген «троллдор армиясынын», же болбосо саясий же бийлик түзүмдөрү менен бириккен онлайн-жалданмалар катышкан чабуулдар болушу мүмкүн. Мындай онлайн коркутуулар журналисттердин жеке коопсуздугуна коркунуч келтирген тобокелдикке өсүп жетиши толук ыктымал. Ошондуктан онлайн чабуулдар көчөдө кол салуу сыяктуу кесепеттер менен коштолот. Ошол себептүү биз мындай көрүнүштөрдү «ой-пикирди эркин билдирүүгө карата чыныгы коркунуч» катары карайбыз.

Кыргызстанда 2019-жылы журналисттерге карата жасалган онлайн чабуулдарга алардын кыргыз бажысындагы коррупция жөнүндөгү иликтөөсү себеп болгон. Ушул жылдын сентярь айында журналисттерди коркутуулар уланган – бул алдыда турган парламенттик шайлоого жана партиялар менен алардын лидерлери тууралуу сын материалдардын чыгышына байланыштуу болду. Азыр болсо кыргызстандык журналисттер менен активисттерге интернет тармагындагы куугунтуктоо алда канча масштабдуу жана агрессивдүү болуп калды, буга кол салууга коркутуулар да кирет. Бул жолу журналисттердин дарегине чабуулдарга – Конституциянын жаңы редакциясын сындоо же Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү процессиндеги жол-жоболордун бузулушуна жол берүүлөр жөнүндө коомчулукка маалымдоо себепкер болуп жатат.

Ошентип учурда Конституциянын жаңы редакциясын сындаганы үчүн журналисттер Канышай Мамыркулова, Айзада Касмалиева, Назира Айтбекова, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева жана башкалар онлайн коркутууларга кабылган. Журналисттер жана активисттер өлкөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө ойлорун эркин айтпай, оозун басып, унчукпай калышы үчүн жекече коркутууларга, мазактоого, дискредитацияга дуушар болушууда,

Өзгөчө белгилей кетсек, айрым саясий ишмерлер тармакта журналисттерди куугунтуктоодо түрткү берүүчү ролду аткарууда: анткени алар түздөн түз мындай чабуулдарга көкүтүп, же болбосо ошол чабуулдарды айыптабастан, жалпы жазасыз калуу ишенимин жаратууга көмөкчү болуп жатат. Ушуга байланыштуу биз саясий лидерлерди өздөрүнүн конституциялык укуктарын колдонуп жана өз пикирин мыйзамдуу билдирип жаткан журналисттерди жана башка жарандарды мазактоодон карманып жана өз тарапташтары тарабынан болуп жаткан онлайн коркутууларды жана журналисттер менен активисттерге кол салууларды коомчулук алдында сөзсүз түрдө айыптоого чакырабыз.

Биз жалпы таанылган адам укуктарынын принциптерин сактаган нукура укуктук мамлекеттик куруу үчүн бардык саясий күчтөр Конституциянын талаптарын, эл аралык укуктун ченемдерин катуу сактап жана бардык жарандарга башка инсандардын укугун сыйлоонун алкагында өлкөдөгү саясий жараяндар боюнча өз пикирлерин билдирүүгө тоскоолдук кылбашы керек деп эсептейбиз. Өз кезегинде укук коргоо органдары дагы журналисттерге онлайн кол салууларга байланыштуу иштерди иликтөөгө кошулууга тийиш.

 

29.11.2020

Комментарий медиасообщества Кыргызстана к проекту конституции

Мы, медиасообщество Кыргызстана, выражаем крайнюю обеспокоенность редакцией проекта новой Конституции. Проанализировав нормы данного проекта, опубликованного на сайте Жогорку Кенеш КР 17 ноября 2020 года, мы констатируем: предлагаемое конституционно-правовое регулирование свободы слова, выражения и доступа к информации не отвечает принятым Кыргызстаном на себя обязательствам в рамках ратифицированных международных договоров.

Некоторые значимые права человека и гарантии их защиты, содержащиеся в действующей Конституции Кыргызской Республики, подтверждающие объявленный государством курс на демократизацию, не отражены в новом проекте. Отдельные нормы расплывчаты, неоднозначны, имеют внутренние противоречия и абсурдны по своему содержанию, дают возможность правоприменителю устанавливать «двойные стандарты», которые могут серьезно навредить правам граждан на свободу слова и выражения мнений в стране.

Мы предлагаем ознакомиться с детальным комментарием, подготовленным представителями медиасообщества, по отдельным статьям проекта изменений в Конституцию, касающимся свободы слова и выражения мнений. Вместе с тем обращаем внимание общественности на ряд допущенных серьезных нарушений действующего Основного закона страны и других нормативных правовых актов и просим инициаторов проекта новой редакции Конституции отозвать проект и не будоражить общество в столь нелегкое время.

Неконституционность процедуры назначения референдума.

Согласно статье 114 действующей Конституции КР допускается только внесение изменений в редакцию Конституции. То есть, в 2010 году на референдуме народ сделал свое волеизъявление, выбрав курс демократического развития, указал, что в Конституцию можно вносить только изменения. В Конституционном законе КР «О референдуме» также не предусмотрена возможность инициирования депутатами Жогорку Кенеша КР нового проекта Конституции. Согласно действующей редакции Конституции КР у депутатов Жогорку Кенеша КР прописан исчерпывающий перечень полномочий, среди которых отсутствует право инициирования нового проекта Конституции.

Но в нарушение данной нормы, 17 ноября 2020 года была предложена новая редакция Конституции, где в качестве инициаторов были указаны фамилии 80 депутатов, из числа которых в последующие дни свои подписи отозвали несколько депутатов. О том, что они не ставили под этим документом свои подписи заявили в средствах массовой информации 4 депутата Жогорку Кенеша КР – А. Карашев, А. Бешимбаева, Э. Токтошев, И. Омуркулов.

Данный инцидент вводит в заблуждение народ Кыргызстана и требует незамедлительного служебного расследования на предмет наличия процедурных нарушений при подписании проекта новой Конституции.

Таким образом, нарушена норма действующей Конституции КР, где указано, что для внесения изменений в Конституцию, необходимо наличие 80 подписей депутатов Жогорку Кенеша КР, поддержавших эту инициативу. И соответственно, проект Конституции вынесен на общественное обсуждение незаконно, поскольку в действительности, инициирующих депутатов было меньше двух третей.

Для проведения широкого обсуждения вносимых поправок общественностью и определения возможных социально-правовых, экономических последствий принятия этих изменений, национальное законодательство предусматривает следующее: организацию общественных обсуждений, проведение парламентских слушаний, получение заключения Конституционной палаты Верховного суда, соответствующие разумные сроки для назначения референдума. Однако, устанавливая дату проведения референдума на 10 января 2021 года, все эти требования законодательства нарушаются.

Отдельный вопрос возникает по созданию и деятельности конституционного совещания по обсуждению концепции совершенствования основ конституционного строя, указ о котором был подписан 20 ноября текущего года исполняющим обязанности Президента.

Согласно нормам действующей Конституции, Президент имеет исчерпывающий перечень полномочий, среди которых отсутствует право создавать конституционное совещание. Тем более таких прав не предусмотрено у исполняющего обязанности Президента. Остается открытым вопрос, согласно какого принципа были отобраны члены конституционного совещания.

Принятие изменений в столь спешном порядке, без каких-либо обоснований и с грубыми нарушениями конституционного законодательства, приведет к расколу общества, к риску двоевластия. Как только все нарушения станут достоянием общественности, часть народа перестанет верить принятой новой редакции конституции. Это приведет к обострению социально-экономической ситуации в стране, нарушению баланса политических сил, а также к нарушению прав человека.

24 ноября 2020 года кандидат в Президенты С. Жапаров высказался, что конституционному совещанию можно предоставить время 1, 2 месяца для обсуждения, а на референдум вынести только вопрос о форме правления в Кыргызской Республике. Но необходимо иметь ввиду, по словам члена ЦИК референдум по внесению изменений в Конституцию потребует дополнительно 120 миллионов сомов. В этой связи, можно ли ставить такие вопросы на референдум в условиях крайнего дефицита бюджета. Причем вопросы, ответы на которые не решают ровным счетом ничего, то есть ответ на поставленный вопрос в любом случае не меняет законодательство страны, в таком случае для чего тратить деньги в условиях дефицита и проводить референдум?

Проект конституции противоречит нормам международного права.

Как известно, современное понимание прав человека и принятие обязательных международных стандартов защиты человеческого достоинства возникло после окончания Второй Мировой войны. В 1976 году вступил в силу основной международный договор по правам человека – Международный пакт о гражданских и политических правах (МПГПП). По состоянию на август 2017 года, Пакт является международным договором и имеет обязательную силу для 172 государств-участников. Этот договор был ратифицирован Киргизской ССР сначала в составе СССР, и затем, после обретения независимости, в 1994 году Кыргызская Республика Постановлением Жогорку Кенеша КР № 1406-XII ратифицировала Пакт. С тех пор Кыргызстан обязан соблюдать его нормы, которые требуют от государств-участников уважать гражданские и политические права людей, включая право на жизнь, свободу религии, свободу слова, свободу собраний, избирательные права, права на надлежащую правовую процедуру, справедливое судебное разбирательство и т. д.

Статья 11 проекта конституции предлагает:

«1. Представителям средств массовой информации гарантируется право доступа к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления, свободно печататься, выражать и отражать различные взгляды через средства массовой информации и иным способом.

2. В Кыргызской Республике цензура не допускается. Средства массовой информации свободны и осуществляют свою деятельность в соответствии с законом.

3. Ограничения в доступе и распространении информации устанавливаются только законом».

Медиасообщество обращает внимание, что в общепризнанных международных правовых документах право искать, получать и распространять всякого рода информацию принадлежит каждому человеку. Так, согласно пунктов 1, 2 статьи 19 Международного пакта о гражданских и политических правах каждый человек имеет право беспрепятственно придерживаться своего мнения. Каждый человек имеет право на свободное выражение своего мнения; это право включает свободу искать, получать и распространять всякого рода информацию и идеи, независимо от государственных границ, устно, письменно или посредством печати или художественных форм выражения или иными способами по своему выбору.[7] Предлагаемый проект Конституции не включает право каждого на поиск, получение и распространение информации, что не отвечает требованиям международных стандартов.

Предлагаемая в проекте формулировка, по сути, исключает право каждого на доступ к информации, сужая круг получателей информации – «представителями СМИ». Вместе с тем, в действующей редакции Конституции это право прописано четко и однозначно и предоставлено всем без исключения. Так, в статье 33 действующей Конституции КР установлено, что каждый имеет право свободно искать, получать, хранить, использовать информацию и распространять ее устно, письменно или иным способом. Более того, согласно нормам части 1 статьи 41 нашей действующей Конституции каждый имеет право на обращение в органы государственной власти, органы местного самоуправления и к их должностным лицам, которые обязаны предоставить обоснованный ответ в установленный законом срок.

Это заложенное в Конституции право предоставляет возможность каждому гражданину страны получить необходимую информацию о деятельности органов государственной власти и местного самоуправления, их должностных лиц, а также юридических лиц с участием государства и финансируемых из республиканского и местных бюджетов.

И это правильно, поскольку гражданин, оплачивая налоги, вправе знать, как решился или решается тот или иной вопрос в государственном, муниципальном органе или в организациях, финансируемых из республиканского и местных бюджетов.

Так, благодаря этой норме действующей Конституции, каждый гражданин вправе получить от государственных органов сведения в таких областях, как политика, социальное обеспечение, безопасность, охрана здоровья, образование, окружающая среда, узнать больше информации о запрашиваемых государством кредитах и грантах. В результате, каждый человек имеет право получать информацию по этим вопросам, как в целом, так и конкретно. Очевидно, что, если гражданин не будет знать о том, что делает государство в этих сферах жизни, он не сможет полноценно реализовать собственные права.

Имея в наличии конституционное право каждого на доступ, поиск информации и свободу выражения мнения, любой гражданин страны может выразить свое мнение в СМИ и социальных сетях. С принятием новой редакции Конституции, это право каждого находится под угрозой. В 21 веке сужение круга правообладателей гарантированного доступа к информации, находящейся в ведении госорганов, является откатом назад. Напротив, важным направлением развития конституционного регулирования свободы информации может стать возведение до уровня основополагающего права каждого на доступ к сети Интернет и закрепление соответствующих гарантий со стороны государства, направленных на обеспечение этого обязательства.

Предлагаемая редакция ограничивает круг получателей данной информации – «представителями СМИ». Видимо авторы проекта надеялись, что упомянув слово «СМИ», они смогут ввести в заблуждение своих граждан, тем самым лишив их важного конституционного права на доступ к информации, находящейся в ведении органов государственной власти и местного самоуправления, их должностных лиц, а также юридических лиц с участием государства и финансируемых из республиканского и местных бюджетов.

Частью 3 статьи 11 проекта конституции прописывается, что ограничения в доступе и распространении информации устанавливаются только законом. Однако, данная формулировка не отвечает нормам международного права и должна быть установлена в соответствие с п. 3 ст. 19 Международного пакта о гражданских и политических правах, согласно которому ограничение свободы выражения мнения, в том числе права на доступ к информации, могут быть ограничены только если эти ограничения установлены законом и являются необходимыми:

a) для уважения прав и репутации других лиц;

b) для охраны государственной безопасности, общественного порядка, здоровья или нравственности населения.

Согласно замечанию общего порядка № 34 Комитета по правам человека ООН ограничения могут устанавливаться исключительно при соблюдении особых условий, предусмотренных в пункте 3: ограничения «должны быть установлены законом»; они могут устанавливаться лишь на основаниях, предусмотренных в подпунктах a) и b) пункта 3, и должны строго отвечать требованию необходимости и соразмерности.

Проектом конституции вводится цензура

Статья 23 проекта Конституции устанавливает необоснованный запрет на распространение в СМИ информации и содержания, которое может нанести «вред нравственности и культуре народа Кыргызстана». Такие общие формулировки предоставляют должностным лицам чрезмерную свободу действий в отношении толкования различий между законным и противоправным поведением и наделяют их возможностью злоупотреблять с целью подавления свободы выражения политических взглядов и устранения инакомыслия.

Статья 23 проекта конституции предлагает:

«1. В Кыргызской Республике запрещаются печатные издания, в том числе издания на электронных носителях, зрелища и общественные мероприятия, противоречащие общепризнанным нравственным ценностям, традициям народов Кыргызстана, а также международным стандартам.

2. Распространение в средствах массовой информации сведений, содержание которых может нанести вред нравственности и культуре народа Кыргызстана, ограничивается или запрещается в соответствии с законом.»

Следует обратить внимание, что нормы, предлагаемые в проекте Конституции, противоречат друг другу. Исходя из смысла статьи 23 проекта Конституции свобода слова может быть ограничена, если имеется противоречие «общепризнанным нравственным ценностям, традициям народов Кыргызстана, а также международным стандартам».

Во-первых, налицо внутреннее противоречие в тексте проекта Конституции, поскольку в части 2 статьи 11 проекта говорится, что в Кыргызской Республике цензура не допускается и средства массовой информации свободны и осуществляют свою деятельность в соответствии с законом. Однако, в рассматриваемой статье четко устанавливается цензура на любые публикации и общественные мероприятия. Не ясно, кто будет определять соответствует ли издание, зрелище, общественное мероприятие «общепризнанным нравственным ценностям, традициям народов Кыргызстана, а также международным стандартам». Данную норму следует охарактеризовать как установление необоснованного ограничения права на свободу слова.

Во-вторых, нормы основополагающего закона должны быть конкретными и четко сформулированными, поскольку на основании основного закона- Конституции принимаются все другие законы. Однако, употребляемые термины, как «общепризнанные нравственные ценности» слишком расплывчаты и не имеют ни определения, не обладают характерными признаками, свойство которых может быть определено или измерено. Размытые, общие формулировки предоставляют должностным лицам чрезмерную свободу действий в отношении толкования относительно различий между законным и противоправным поведением и наделяют их возможностью злоупотреблять с целью подавления свободы выражения политических взглядов и устранения инакомыслия.

В-третьих, «нравственные ценности» – категория живая и динамичная. И все зависит от сложившихся обстоятельств или происходящих процессов в обществе, и даже от конкретной жизненной ситуации. К примеру, традиция кражи невесты «ала качуу», ранее была обыденной для народа, а сейчас является уголовно-наказуемым преступлением.

В-четвертых, противопоставлять свободу слова «общепризнанным нравственным ценностям» недопустимо. В Кыргызской Республике более 80 народностей и в каждой из них свои традиции и обычаи. Традиции существуют даже среди социальных групп и коллективов. Они имеют свойства меняться с учетом современных реалий жизни и постоянно обогащаются новым опытом человеческих взаимоотношений. И поэтому вполне очевидно, что дозволено в традициях сообщества одного народа, может быть неприемлемо для другого. Соответственно, свобода слова не может и не должна быть привязана к традициям народов Кыргызстана. Об этом говорится и в Замечаниях Общего Порядка № 22 ООН, что «понятие нравственности складывается на основе многих общественных, философских и религиозных традиций, и, следовательно, установление ограничений […] в целях защиты нравственности не должно основываться на принципах, вытекающих исключительно из одной единственной традиции».[10] Любые подобные ограничения должны рассматриваться в контексте универсального характера прав человека и принципа недопущения дискриминации».

Исключена декриминализация клеветы и оскорбления, вводится преследование за оскорбление человека

В редакции проекта Конституции исключены такие основополагающие гарантии как запрет: на рабство, торговлю людьми, на эксплуатацию детского труда, на произвольное лишение жилища, право обращаться в международные органы по правам человека за защитой нарушенных прав и свобод и, наряду с этим, на уголовное преследование за распространение информации, порочащей и унижающей честь и достоинство личности.

При этом, согласно части 2 статьи 27 проекта Конституции предлагается установить, что «человеческое достоинство в Кыргызской Республике абсолютно и неприкосновенно. Оскорбление достоинств человека преследуется по закону.»

Данная норма несет в себе явную и реальную угрозу всем гражданам, осуществляющим свое конституционное право на свободу слова и выражения мнения. Международные стандарты гласят, что государственные должностные лица могут быть подвергнуты критике в СМИ в отношении исполнения своих обязанностей, поскольку это необходимо для обеспечения гласного и ответственного исполнения ими своих полномочий. Более того, политические деятели самим своим выдвижением на высокие должности соглашаются стать объектом общественной политической дискуссии и критики в СМИ. В этой связи они более других должны быть открыты для освещения своих слов и поступков.

Однако, как следует из истории нашей страны, именно политические деятели и государственные должностные лица имеют крайне низкую терпимость к критике в свой адрес. Даже достоверную информацию они могут называть ложной, а оценочные мнения или шутливые посты – оскорбительными, и прилагают все свои властные полномочия, чтобы воспрепятствовать ее распространению, в том числе через запугивание и давление на их источники. К примеру, во время эпидемии коронавируса медиков принуждали извиняться за распространение ими информации об отсутствии средств индивидуальной защиты. Или вызовы на допросы граждан, осмелившихся по причине смерти от коронавируса или болезни родных и близких, высказать горькую правду в связи с отсутствием надлежащей помощи в больницах.

Кроме того, существует проблема квалификации состава оскорбления, главная причина – сугубо оценочный характер абсолютно всех признаков общего состава оскорбления, в особенности его способа (неприличная форма). В условиях отсутствия в Уголовном кодексе соответствующей нормы за клевету и оскорбление, правоохранительные органы под разными предлогами приглашали граждан в здание органов внутренних дел, ГКНБ для проведения незаконных допросов и «профилактических бесед» только за реализацию гражданами конституционных прав на свободу выражения мнения, в том числе за критику власти, сатирические высказывания в адрес власть имущих. Данное обстоятельство свидетельствует о том что, наличие такой статьи и вовсе значительно усугубит ситуацию незаконного преследования граждан за свободу выражения мнения.

Основным способом защиты чести и достоинства человека является право на судебную защиту. Это право, как процессуальная гарантия защиты всех прав и свобод, а также как действенное средство для защиты чести и достоинства человека, закреплено в части 4 статьи 29 и в части 1 статьи 40 Конституции Кыргызской Республики. Способы защиты чести и достоинства личности указаны в статье 18 Гражданского кодекса Кыргызской Республики.

Из текста проекта Конституции следует, что в Кыргызской Республике могут возобновить уголовное преследование за клевету и оскорбление, как это было до 2010 года.

В действующей редакции Конституции КР установлено, что «не подлежат никаким ограничениям установленные настоящей Конституцией гарантии запрета на уголовное преследование за распространение информации, порочащей честь и достоинство личности» (пункт 6 части 4 статьи 20). Также согласно части 5 статьи 33 Конституции КР предусмотрено, что «никто не может быть подвергнут уголовному наказанию за распространение информации, порочащей или унижающей честь и достоинство личности». На основании чего, 11 июля 2011 года статья 127 Уголовного Кодекса КР, предусматривающая ответственность за клевету была признана утратившей силу. Кроме того, решением Конституционной палаты Верховного суда КР статья 128 Уголовного Кодекса Кыргызской Республики («оскорбление») признана противоречащей Конституции Кыргызской Республики.

Стоит отметить, что за время независимости депутаты Жогорку Кенеша четырежды отклоняли (1997, 2001, 2003, 2007) законодательную инициативу о декриминализации клеветы, несмотря на то, что ее необходимость в нашем праве неоднократно доказывало государство по заявлениям должностных лиц и политических деятелей, преследуя уголовно журналистов, критикующих власть. Этому свидетельствует череда примеров:

– 1995 год. Редактор газеты «Республика» Замира Сыдыкова приговорена судом Ленинского района г. Бишкек по статье 127 УК РК («клевета») к 18 месяцам лишения свободы условно и к запрету заниматься журналистикой на тот же срок за публикацию статьи «Дайте дом бездомному» о том, что у Аскара Акаева есть вилла в Швейцарии. В течение некоторого времени она состояла на учете в правоохранительных органах.

– 1995 год. Заместитель редактора газеты «Республика» Тамара Слащева приговорена судом Ленинского района г. Бишкек по статье 127 УК РК («клевета») к 1 году лишения свободы условно и к запрету заниматься журналистикой на тот же срок за публикацию статьи «Дайте дом бездомному». В течение некоторого времени она состояла на учете в правоохранительных органах.

– 1996 год. Арестован в апреле 1996 г. журналист газеты «Республика» Ырысбек Омурзаков. В августе этого же года уже осужден Нарынским областным судом по статье 127 УК РК («клевета») на 2 года лишения свободы по обвинению в распространении листовок, «порочащих честь и достоинство Президента» в ходе избирательной кампании в 1995 году. Провел 4 месяца в СИЗО, освобожден в зале суда в связи с изменением меры наказания на условный срок.

– 1997 год. Журналист Омурзаков Ырысбек был вторично арестован 21 марта 1997 года. Новое дело было возбуждено в связи с заявлением директора Фрунзенского автомобилестроительного завода Парышкура М., которого Омурзаков критиковал в своей статье в газете «Республика» (14.01.97), за плохие условия жизни в заводском общежитии. 21 мая этого же года дело было направлено на доследование. 21 июня 1997 года был освобожден из-под стражи под поручительство.

– 1997 год. Первомайский райсуд г. Бишкек приговорил Сыдыкову Замиру к полутора годам лишения свободы и 6 месяцам исправительных работ за публикацию статей, в которых глава государственного золотодобывающего концерна «Кыргызалтын» Дастан Сарыгулов обвинялся в расхищении золотого запаса страны. Вместе с ней осуждены еще трое журналистов: Александр Алянчиков, Марина Сивашева, Бекташ Шамшиев. Все они приговорены к штрафу в размере 112 долларов каждый и к запрещению заниматься журналистской деятельностью в течение 18 месяцев.

– 2010 год. По статье 127 УК КР «клевета» был вынесен приговор политическому обозревателю кыргызкоязычной газете «Ачык саясат» Сабыру Муканбетову. Он получил тюремное заключение сроком на один год. Однако, журналист Муканбетов С. не был лишен свободы, поскольку после трагических событий в апреле в 2010 года в Кыргызстане состоялся всенародный референдум и была принята новая Конституция Кыргызской Республики, которая установила, что «Не подлежат никаким ограничениям установленные настоящей Конституцией гарантии запрета: на уголовное преследование за распространение информации, порочащей честь и достоинство личности».

Честь и достоинство человека могут быть полностью защищены посредством применения норм гражданского права, без необходимости установления уголовных санкций. Когда речь идет о клевете, в конфликт вступают два личных интереса: заинтересованность одного лица в том, чтобы защитить свою репутацию, заинтересованность второго – опубликовать и проинформировать общество. В решение данного конфликта государство не должно вмешиваться. Способы разрешения являются исключительно гражданскими, так как вред можно нанести только личным интересам, а не обществу в целом.

Уголовное наказание как вид ответственности за распространение журналистами недостоверной, порочащей информации, заключенной в слове, перестает быть «необходимым в демократическом обществе». Суды во всем мире отходят от применения уголовных санкций, а законодатели в разных странах меняют законодательство в сторону гуманизации. Эта тенденция поддерживается международными органами по правам человека, которые неоднократно заявляли, что клевета не должна наказываться тюремным заключением, так как превышает преследуемую законную цель. Санкции, предусмотренные нормами гражданского права, являются вполне достаточными для пресечения возможных злоупотреблений свободой слова и массовой информации. Вместе с тем уголовное наказание за критику в адрес правительства или государственных должностных лиц крайне негативно сказывается на свободе прессы и свободе слова, представляющих собой краеугольный камень демократии.

Наказание за критику в адрес правительства или государственных должностных лиц является одним из видов цензуры, которая препятствует участию общества в обсуждении значимых вопросов государства и, соответственно, реализации права на свободу слова. И поскольку преследование осуществляется правоохранительными органами, то именно государство будет решать, кто будет признан виновным в распространении порочащих сведений в отношении власть имущих. В этой связи свобода печати неосуществима, если журналистов заключают в тюрьмы или в их адрес поступают угрозы уголовного наказания за профессиональную деятельность.

В заключение, следует отметить, что не было проведено никаких аналитических исследований, рекомендующих внесение столь серьезных изменений. В течение десяти лет с момента принятия новой редакции Конституции КР со стороны граждан не было такого рода предложений либо проявления недовольства. Возмущения граждан возникали только по причине недобросовестного исполнения государственными чиновниками или политическими деятелями своих функций. В таких случаях политики и высокопоставленные чиновники должны осознавать, что одним своим выдвижением на высокие должности они уже соглашаются стать объектом общественной политической дискуссии и критики в СМИ.

Принимая во внимание внесение в проект Конституции норм, которые существенно ограничивают основные демократические принципы: свободу прессы, слова и выражения мнения, а также учитывая допущенные нарушения процедур по внесению изменений в Конституцию и отсутствие обоснования о крайней необходимости принятия новой редакции Конституции, призываем депутатов Жогорку Кенеша КР отозвать проект Конституции.

 

07.12.2020

Аймактагы маалыматтар элге жеткиликтүүбү?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында аймактарда болуп жаткан окуялар, элеттеги элдин жашоосу, көйгөйү жөнүндө маалыматтар азыраак экенин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү белгилешти.

Алай районунун алыскы Талды-Суу айылынын тургуну Батма Чотуева мектепте иштейт. Жергиликтүү жаӊылыктар жөнүндө көбүнчө райондук басылмалардан жана YouTube-каналдардан көбүрөөк кабардар болушарын айтат:

«Кандайдыр бир ишкананын ачылышы сыяктуу окуялар болгондо эле телевидениеден журналисттер келип видеого тартып кетпесе, биз жашаган жерге журналисттер көп эле келе беришпейт. Айылдагы көйгөйлөр жөнүндө Өкмөттөн же райондон өкүлдөр келсе айтып калабыз. Азыр айылдарда болуп жаткан окуяларды эл өздөрү эле видеого тартып, интернеттен таратып жатышпайбы. Биз көбүнчө өзүбүздөгү маалыматтарды Ютубдан көрөбүз. Кыргызстандагы жаӊылыктарды телеканалдардан көрөбүз. Бизде 11 канал тартат. Гезиттерди да окуйбуз. Почта аркылуу «Супер-инфо», «Алай таӊы», «Ош жаӊырыгы», мугалимдердин «Билим шамы», «Кут билим» гезиттери келип турат», – деди Батма Чотуева.

Анвар Кушубаков болсо дыйканчылык менен алектенет. Эрте жаздан кеч күзгө чейин талаада эмгектенгендер кечкисин телевизордон кабарларды көрүп, эс аларын айтат:

«Кечки жаӊылыктарды көрүү кадимки адатка айланган. Мен мамлекеттик жана менчик телевидениелерде маалыматтарды кантип берип жатканын салыштырып көрөм. Акыркы кезде бүт эле саясат болуп жатып калды. Бирок айылдардагы маалыматтар азыраак берилет. Биздин айыл чакан болгон үчүнбү, же бизде маанилүү жаӊылык болбой жатабы, айыл өкмөтүбүз жөнүндө деле маалыматты телевизордон көрө элекмин. Бирок айылдыктардын вотсап группасынан ким улак берип жатат, кимдин мааракеси өтөт, кайсы айылда ашар жүрүп жатат, ушул сыяктуу маалыматтарды угуп, окуп кабардар болуп турабыз. Анткен менен ал жерде дейди сөздөр да көп айтылат», – деди Араван районунун тургуну Анвар Кушубаков.

Ал эми Кара-Кулжа районунун тургуну, пенсионер Ыкыбал Алыбекова көбүнчө соцтармактарда тарап жаткан маалыматтардын чын-бышыгы ойлондурарын белгиледи:

«Мурдагыдай радио укпай калдык. Кыргызстандын жана Россиянын бир нече каналдарын көрөбүз. Аймактардагы жаӊылыктар аз берилет. Биздин айылга телеканалдан келгендер мадиний, чыгармачыл адамдар жөнүндө акчага тартып кетип жүрүшөт. Көйгөйлөр айтылбай эле калат. Айылдарда болуп жаткан окуялар райондук «Мезгил үнү» гезитине чыгат. Ошодон окуйбуз. Ал эми Интернетте болсо кырсыктар, бири-бирин жамандоолор, саясат жөнүндө маалымат көп. Кайсы чындык, кайсы жалган экенин ажыратуу кыйын», – деди Ыкыбал Алыбекова.

Ош болусунда аймактарды маалымат менен камсыздаган райондук басылмалар: Алайдын «Алай таӊы», Кара-Кулжанын «Мезгил үнү», Өзгөндүн «Өзгөн нуру», Аравандын «Достук», Кара-Суунун «Эмгек майданы» жана Ноокаттын «Ноокат таӊы» гезиттери чыгат. Республикалык каржылоодон чыгып, өзүн-өзү каржылоого өткөн гезиттер жазылуу жана жарнама аркылуу каражат таап, жашап келатышат.

Санариптешүү маалында маалыматтар ар түрдүү жол менен кенен тарап жатса да, гезиттин ролу дагы деле зор экенин айтат «Өзгөн нуру» гезитинин башкы редактору Жолдошбек Анашов:

«Биз айылдарга чыгып, маалымат топтоп, эл менен тыгыз байланышта болобуз. Гезитти өзүбүз таратып, жазылуу жүргүзүп, ошону менен бирге маалымат да топтойбуз. Мурда «штаттан сырт  кабарчы» деген болчу. Бизде азыр айылдардан кабар жазып тургандар бар. Алардын материалдарын биз оӊдоп, анан жарыялайбыз. Алардын кол жазмасын сактап коебуз.

Гезиттеги маалыматтар такталып гана берилет. Себеби, азыр сайттардагы такталбаган маалыматтарды оӊдоп, редакторллп, же такыр өчүрүп салса да болот экен. Гезит чыккандан кийин колуӊда далил болуп тура берет. Гезит грамматикалык сабаттуулук үчүн да маанилүү», – деди башкы редактор.

«Өзгөн нуру» гезити Бишкек шаарында түстүү болуп басылып, 8 бет менен айына эки жолудан жарык көрөт.

Такай аймактардагы жаӊылыктар, саамалыктар жөнүндө жазган «Турмуш» интернет-басылмасы да бар.

Анда кабарчылар ар бир регион, айыл өкмөттөр, жеке маалымат булактар менен тыгыз иштешерин «Турмуш» интернет-басылмасынын Оштогу редактору Адашгүл Акматова кабарлады.

«Ар бир айыл өздөрүнө тиешелүү болгон маалыматты окугусу келет. Кызыктуу рубрикаларыбыз бар: «Жеңеке», «Айыл турмушу», «Репортер» ж.б. Жашоочулар көйгөйлөрүн айтып кайрыла да алышат. Анонимдүү болсун дегендер үчүн купуялуулук сакталат. Болгон окуяны жазып же сүрөт-водеого тартып, сайтта жазылган номерлерге жөнөтүшөт. Редакторлор чын-төгүнүн билип, тиешелүү кызматтар аркылуу тактап, анан сайтка жарыялайбыз», – деди Адашгүл Акматова.

Аймактардагы маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кантип жакшыртса болот?

Сурамжылоо көрсөткөндөй, аймактарда жашагандар өздөрү жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) аз жарыяланарын, көбүнчө соцтармактарда тараган авторсуз маалыматтар, кыска видеолор аркылуу кабарларды угуп-билип турушарын айтышты.

Эл менен кайтарым байланыш кылуу абдан маанилүү экенин айтат «Турмуш» басылмасынын Оштогу редактору:

«Азыр интернеттин заманы. Мындан улам кайсыл айыл болсо да айыл тургундары, жаштары менен байланышып, маалымат алып, кайра өздөрүнө жиберип, кайтарым байланышты жакшыртып, сайтыбызда бөлүшүп турсак, тезирээк маалыматка ээ болуп, аларда да кызыгуу пайда болот», – дейт Адашгүл Акматова.

Бир нече жылдан бери Кыргызстандын аймактарында жамааттык радиолор жана мультимедиалык борборлор да иштеп баштаган.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин башкаруу кеӊешинин төрайымы Айзада Калканбекова жамааттык кабарчылар айылдардагы маанилүү маселелер жөнүндө ар тараптуу пикирлер менен кеӊейтилген материал кылып жарыялап жатышканын белгиледи:

«Айылдарда абал кандай, алыскы айылдарда эмне жаӊылыктар бар, аларда кайсы көйгөйлөр маанилүү, азыр болсо Ковид пандемиясы учурунда кары-картаӊ, аялдар, балдардын абалы жөнүндө материалдар даярдалууда. Жамааттык кабарчылар жергиликтүү бийликтер, айылдагы ар кандай уюмдар менен кызматташат, соцтармактардагы өздөрүнүн каналдары аркылуу элден маалыматтарды алып, ошолорду тактап, тууралап бергенге аракет кылышат. Жамааттык радионун кабарчылары алыскы аймактарга барышып, абал кандай, кандай чечимдер кабыл алынып жатат, ошолор жөнүндө көбүрөөк жазганга аракет жасайбыз», – деди Айзада Калканбекова.

Ош облусунда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында жана Куу-Майдан айылында жамааттык мультимедиа борборлору иштейт. Айылдагы болуп жаткан кабарларды өз сайтына жана www.kyrgyzmedia.kg платформасына жайгаштырышат. Маалыматтар кыргыз тилинде.

Айзада Калканбекова элдин ой-пикирин билип туруу абдан маанилүү экенин  кошумчалады:

«Жамааттык медиалар чакан айылдарда жайгашкан. Эл менен түздөн-түз иштешебиз. Мисалы, сурамжылоо жүргүзөбүз. «Эл кандай маалыматтарды уккусу, кайсы темаларда талкууларды кылгысы келет» деп. Жамааттык медиаларга айыл тургундары өздөрү да келип, талкууларды жүргүзүп турат. Эл программаларды жасоого катыша алат. Мисалы, учурда конституциялык кеӊешме, конституциялык реформа тууралуу талкуулар жүрүп жатат. Мультимедиалык борбордун кеӊсесине эл арасындагы активисттерди, айымдарды, улууларды, жаштарды чакырып алып, алардын ойлорун угуп, талкуулап жатышат. Рупор менен иштечү элек, пандемия башталгандан бери баары онлайнга өттүк – аймактарда да интернет байланышы жакшы болуп калды. Соцтармактар аркылуу түз эфирлерди уюштуруп, маалымат таратууга аракет кылып жатабыз», – деди Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин башкаруу кеӊешинин төрайымы Айзада Калканбекова.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Ош облусундагы өкүлү

 

08.12.2020

Туура маалыматтын өксүгү…

Нарында, деги эле өлкөдө коомчулуктун ишенимине кирген жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) барбы? Болсо алар канчалык деңгээлде коомдо болуп жаткан бардык кабарларды, жагдайларды, окуяларды, маалыматтарды ачык-айкын, так жана аныктыкта жарыялашууда? Тек, ошол эле учурда социалдык медиаларда (соцтармактар) жыбырап жазылып жаткан ар кыл пикирлер ишенимдүү маалымат булагы катары сыпатталуудабы?

Оңдоо үчүн убакыт керек

Биз өткөн серептөөлөрүбүздө карапайым калк катмарынын маалыматтарды алуу жараяндарына баам салган элек. Бул жолкусунда өңчөй облустук, шаар жана райондук бийлик жетекчилеринин пикирлерин эшиттик. Анткени алар башкаруучу, жетектөөчү жана аткаруучу бийлик адамдары болуп саналышат. Эми белгилүү болгондой, калк катмарына кечээки ыраматылык “Кенеш Өкмөт” доорундагыдай ар бир үйгө гезиттер жеткирилбейт. Андагыдай бардык жарандар бир гана мамлекеттик телелерди көрүшүп, радиолорду угушпайт. Бийлик адамдары маалыматты кайдан алышат болду экен? Сурамжылоого Өкмөттүн облустагы өкүлү Сабыркул Ашымбаев баштаган бийлик эгелери тартылды.

“Мен маалыматтарды негизинен сайттардан алам. Азаттык радиосун угуп калам. КТРКдан жаңылыктарды көрөм. Гезиттерди болсо колго тийгенде эле окуп калдым. Эми салыштырып алганда, чындыгында, болгонду болгондой чагылдырган реалдуу бир дагы ЖМК жок. “Азаттыкка” ишенчү элек, алар дагы шартына жараша ооп калышчу болду. Биз салыштырып анан жыйынтык чыгарабыз. Себеби, мамлекеттик деле, менчик деле ЖМКлар так, туура нукка келе элек. Албетте, айрым туура жазган жеке журналисттер бар. Бирок алар аз санда болгондуктан үндөрү элге жетпей жатат. Менчикте иштегендер башчылардын айткандарын аткарышып жазышат. Мамлекеттик ЖМКларда болсо 20-30 жылдан бери иштегендер бир беткейлүүлүккө ыктап алышкан. Алар элдин көйгөйлөрүн жазышпайт. Эң өкүнүчтүүсү саясатташып калган. Эми буларды оңдоого убакыт керек экен”, – дейт С.Ашымбаев.

Анын пикирине өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров негизинен кошуларын билдирди:

“Реалдуу адам болбогондой эле, реалдуу ЖМКлар деле жок. Бирок менимче мамлекеттикпи, же менчикпи ЖМКларда теңме-тең, 50% чындыктар бар. Ошондуктан эки тарапты тең салыштырып, анан ортосунан жыйынтык чыгарам. Фейсбукка кирип калам. Бирок анда накта иштеген журналисттер жок болгондуктан, болгону маалыматтарды гана алам”.

Соцтармактар – билимсиздерди башкаруучу курал

КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Кадастр департаментинин Нарын филиалынын жетекчиси Султангазы Нурмамбетов учурда ЖМКларда Акаев, Бакиев доорундагыдай ашкере бир беткейлүүлүк жок деп эсептейт. Бирок жеңил-желпи маалыматтардан коом арыла албай жатат деген пикирде.

“Албетте, эл аралык ЖМКлар, мисалы “Азаттык” көбүнчө бурмаланбаган маалыматты берет. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттар дагы деле аксап жатышат. Мына биз канча жылдан бери Улуттук идеология деп айтып келе жатабыз. Бирок ал жасалган жок. Аны ким жасайт? Эң биринчиден, журналисттер. Тилекке каршы, мамлекеттик ЖМКларда салмактуу макалалар аз. Маңызы жок, супсак жана түшүнүксүздөр көп. Анан кантип эл ишенет. А мен болсо соцтармактарга кирбеймин, ар ким жазганга кантип ишенесиң. Бирок көпчүлүк ишенип, жыйынтыгында туура маалыматтар элге жетпей, карама-каршылыктар орун алууда”.

Мындай пикирге Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов кошулат:

“Менимче, азыркы учурда “Азаттык” деле мурункудай өз деңгээлине жетпей калды. Ал эми өкмөттүктөр бир жаңсыл көбүртүп жиберген адаттарынан арыла элек. Анан арга жок, мисалы, мен бир нече ЖМКлардан маалымат алып, ортодон бир жыйынтык чыгарганга аргасызмын”.

Улуттук Кызыл ай коомунун Нарын облусундагы өкүлү Максат Жолдошбеков социалдык медиалар башкаруучу куралга айлангандыгын белгилейт.

“Мен чындыгында гезит окубаймын. Облустук “Теңир тоо” гезити келет, бирок анда эч бир кызыктуу маалымат жок. Албетте, маалыматтарды сайттардан, анын ичинде эл аралык сайттардан алам. Эми болсо соцтармактар билимсиздердин башкаруучу куралына айланды. Ошондуктан коомдо көпчүлүк, айрыкча жаштар ооп кетишүүдө. Деги эле маалымат куралга айландырылып калды”, – дейт М.Жолдошбеков.

Мамлекеттик ЖМКлар тазаланашы зарыл

Серептөөгө кайрылганыбызда бир катар жетекчилер жалпы коомчулукту ынанымдуу маалымат менен камсыздоодо мамлекеттик каражаттан каржыланган ЖМКлардын ролу өтө зор экендигин белгилешти.

“Ачык, так жазылган жана кемчиликти бетке айткан маалыматсыз коом өнүкпөйт. Тескерисинче, жаап жашырып, мактай берүү акыры аңга түшүрөт. Мына биз ушул жол менен келе жатабыз. Ошондуктан мамлекеттик ЖМКларда күчтүү журналисттер иштеши керек. Аларга шарт түзүү зарыл. Эч ким басым кылбай, болгон нерсе болгондой жазыла баштаганда эл ишеним алат”, – дейт Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаев.

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров дагы ушундай пикирин билдирет:

“Биринчиден, мамлекеттик ЖМКларда иштеген журналисттердин көбү бир калыптуулукка көнүп алышкан. Алар маалымат берет деген ушул деп эле бийликти мактай беришет. Экинчиден, аларга бийликтергилерден дагы тапшырмалар берилип турат. Эми биз ачык айкын маалымат булагын коомчулукка жеткиребиз десек, башынан тартипке келтирилиши зарыл. Мамлекеттик ЖМКларга толук ачык айкындуулукту бермейин, туура маалымат эч качан болбойт”.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улан Аалиев маалыматтын нукура так эместигинен коом олуттуу коркунучка кептелип жаткандыгына кейиди:

“Мен эки эле мисалды айтайын, – деди У.Аалиев. – Биринчиси, Ат-Башыдагы логистикалык борбор маалыматтын жетишсиздигинен улам курулбай калды. Анткени элге так, туура маалымат жеткен жок. Экинчиси, учурда жайыттар талашка түшүп чырлар болууда. Ал тууралуу реалдуу маалыматтар жазылбай жатат. Демек мамлекеттик ЖМКлар аркылуу сындар, кемчиликтер, ачуу чындыктар жазылмайын калк арасында ар кандай маалыматтарга ишенүүлөр боло берет. Бирок анын кесепети кайра эле коомго тийет”.

Ал эми УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчиси Адилет Мураталиев калкка анык маалыматты акырындык менен социалдык медиалар аркылуу алып чыгуу керектигин сунуштайт:

“Азыр, чындыгында, гезиттерди элге окутуу кыйын, оор. Себеби жазылыш керек, сатып алууга туура келет. Телевизорду деле каалаган учурда көрө алышпайт. Ал эми сайттар, мисалы Фейсбук бардык жарандар үчүн даяр аянтча болуп жатпайбы. Кандай бош убактысы боло калганда телефонду алат да, сайттарга, соцтармактарга киришет. Натыйжада, булар алдыга чыгып, коомдогу туура маалыматтар артта калууда. Ошондуктан мамлекеттик ЖМКлар атайын 2-3 кызматкерди соцтармактар аркылуу иштетүүлөрү керек. Алар так, туура маалыматтарды ошол иштеген редакциялардан чагылдырылган материалдарын салып турушу абзел. Бара-бара коомчулук биздей болуп салыштырууга барышат. Эң башкысы ЖМКлар өздөрү ишенимге кирүүгө тийиш”.

Соңку кеп

Нарын дубанында мамлекеттик бир гана облустук медиа борбору (НОМБ) бар. Борбордун алдында теле көрсөтүүсү, “Теңир тоо” гезити жана сайты ачылган.

Теленин “Теңир тоо кабарлары” жаңылыктар редакциясынан такталбаган, туура аталбаган маалыматтар байма-бай айтыларын бир айдан ашык убакыт баам салганда эшиттик. Маселен, облустук билим берүү бөлүмү, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы ж.б. Ошону менен катар: милиция жыл жыйынтыгын чыгарды, Конституция боюнча референдум 10-январда өткөрүлөт дегендей туура эмес маалыматтар чагылдырылды. Соңку учурда болсо эл арасынан тынымсыз сурамжылоо жүргүзүлүп, негизинен бир беткей гана Президенттик бийлик керек деген пикирлерге орун берилүүдө. НОМБдун курамында чыга баштаган “Теңир тоо” гезити жаңыланмак түгүл, анда облустук алкактагы орчундуу маалыматтар жарыяланбай калды. Башкасын айтпаганда да, жер-жерлерден ар кандай буюм саткан дүкөнчүлөр, жер айдаган механизаторлор, түшүм алган дыйкандар ж.б. союздук ыкмадагы маалыматтар, кайталанма кабарлар жарыяланып турат.

“Азыркы учурда негизсиз бирөөнү жарнамалоо болбошу керек. Чындыгында, биз көрсөтүлүүчү материалдарды дыкат карап, такташыбыз керек. Гезитти болсо сапаттуу чыгарууну жолго салабыз”, – деп билдирди НОМБдун башкы деректири Каныкей Жунусова.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы өкүлү

 

18.12.2020

Нарында журналисттер мектеби каалгасын ачты

Нарын шаарындагы «Салымбеков ишкер мектеби» (СИМ) декабрь айынан тарта кызыкдар жаштарга журналистиканын негизги багыттарын үйрөтүүнү баштады. Студенттер жана 16-18 жаш курактагы окуучулар арасындагылардан учурда болочоктогу алгачкы калемгерлер билим алышууда.

СИМдин Нарын шаарындагы филиалы 2 жылдан бери иштеп келет. Анда тил, компьютер жана комплекстүү багыттарда билим берилет. Филиалдын жетекчиси Бекжан Орозобеков.

“Эми алардын катарына “Журналисттер мектеби” кошулду. Максатыбыз болочокто журналист болуучу жаштардын шыгын өстүрүү, кесипке багыт берүү жана фейк маалыматтарды жокко чыгаруу болуп саналат”, – дейт Б.Орозобеков.

Анын айтымында, ноябрь айынын аягында коомдук тармактар аркылуу жарыя берилген. Жазылган 13 кишинин ичинен ар түрдүү себептерге жараша жетөө билим ала башташты. Аларды журналист Болот Шайлообеков окутуп жатат.

“Мен негизи видео жана сүрөт боюнча ыкчам аракеттеги ыкмаларды балдарга үйрөтүп баштадым. Эми атайын программа да иштеп чыкмакчымын. Бара-бара окуучулар теориядан тажрыйба алууга өтүшөт”, – дейт Б.Шайлообеков.

Нарын районундагы Жерге-Тал айылында өсүп чоңойгон Айжамал Сапаралиева “Журналисттер мектебинде” билим алып жаткан окуучулардын бири. Учурда Нарын мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин биринчи курсунун студенти.

“Мен негизи педагог болууну самаймын. Эми кийин мугалим болуп каламбы же журналисттиканы тандаймынбы, аны мезгил көрсөтөт. Бирок Нарын шаарында ушундай мектеп ачылгандыгын бир агайымдан угуп, анан келип жазылып, окуй баштадым. Анткени биздин айылдагы мектепте радио тармак бар болчу. Мен 3 окуучунун бири катары ал жерде ыктыярдуу иштеп, айылдагы жаңылыктарды, окуяларды атайын meki деген порталга жайгаштырчубуз. Ошондо маалымат берүүдөгү кыйынчылыктарды билдим жана кээде ката да кетирчүмүн. Эми бул мектеп мага эң сонун табылга болду. Сабактар кызыктуу өтүп жатат. Айылдагы мектептеги катачылыктарды оңдоп, анан мен дагы мүмкүнчүлүктөр болгондо кайра айылдан радио тармакка барып жардам берсем деген оюм бар”, – дейт А.Сапаралиева.

Студенттер өзүнчө, 16-18 жаштагы окуучулар өзүнчө топ болушат жана алардын саны ондон ашырылбайт. Бир аптада 2 сааттан 5 күн билим алышат.

“Эгер кызыккандар көбөйсө, талапка жараша экинчи, үчүнчү жана андан ары да топторго кабыл ала беребиз. Ага мүмкүнчүлүктөр бар. Жакындан тарта Бишкектен атайын медиа адистер келишет. 2 айлык мөөнөттөн кийин атайын сертификат берилет. Эми соцтармактардан өзүнчө канал ачуу башталды”, – деп кошумчалады Б.Орозобеков.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусу боюнча өкүлү

 

18.12.2020

Аймактык маалыматтар жетишсиз. Эмне себеп жана эмне кылуу керек?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет сайтарда, социалдык тармактарда да Жалал-Абад областынын аймактарынан алынган жаңылыктар жеткиликтүү эмес, анын сапаты да жакшыртууну талап кылат. Мындай пикирлерин жарандык коомдун өкүлдөрү да, журналисттер да, бийлик структураларынын кызматкерлери да билдиришүүдө. Алардын пикиринде, мындай абалга кептелүүнүн айрым себептери бар жана андан чыгуунун жолдору да жок эмес.

Атуулдар аймактардан маалымат жетишсиз дешет

Жарандык коомдун өкүлдөрү, карапайым окурмандар, көрөрмандар жана угармандар ар кайсы аймактардагы калктын жашоосунда эмнелер болуп жатканы, кандай окуялар жүз бергени, карапайым жарандын жашоосунда эмне өзгөрүүлөр барлыгы, жергиликтүү бийлик органдары эмне иш жасап жатышканы, элет жашоосунун күңгөйү менен тескейи тууралуу маалыматтар аз болуп жатканын, журналисттер, маалымат таркатуучулар ушул маселеге азыраак көңүл буруп, негизинен эле саясий темалар көптүгүн айтышууда.

Сузак районунун тургуну Абдурасул Дарманов маалымат таркатуучулар саясий жаңжалдарды таркатуудан башкага азыраак көңүл буруп жатышкандарынан тажаганын айтат.

“Мен телевизорду аз көрөм, негизги маалыматтарды интернеттен алам. Бирок, интернетте саясат жана жаңжалдар эле көп чагылдырылып, коомдун турмушу, аймактардагы калктын жашоосу, жергиликтүү бийликтердин ишиндеги ийгилик менен кемчиликтер тууралуу өтө аз берилет. Мен, мисалы, алыскы Чаткалда же Токтогулда эмне болуп жатканына кызыгам, бирок ал жактар тууралуу маалымат жок. Кала берсе биздин районубуздун аймагындагы жаңылыктарды билбей калабыз. Журналисттер аймактардагы жашоо тууралуу аз чагылдырышат. Менимче, Жалал-Абад облусунун бардык аймактары тууралуу интернетте бат-бат чагылдырып турушса, баары үчүн жакшы болот эле. Элибизге да, бийликтерге да”, – дейт А.Дарманов.

Ноокен районунун тургуну Илясбек Камалов да ушундай эле пикирде. Аймактык жана борбордук жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү калктын турмушуна тиешелүү жаңылыктарды аз чагылдырып жатканына кейийт. Баары эле саясий темадан алыстай алышпайт деп эсептейт.

“Жергиликтүү аймактар тууралуу маалыматтарды аймактык жана борбордук маалымдоо каражаттарынан, интернет булактардан алып турам. Чынында аймактардагы кырдаал тууралуу маалыматтар өтө жетишсиз, кайсы бир райондордо, шаарларда эмне иштер болуп жатканы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Баары эле саясатты чагылдырып жатышат. Жергиликтүү телеканалдардан берилген аймактык жаңылыктар да жетишсиз, аз, деңгээли да орто же төмөн. Адамдар өз районунда, кошуна аймактарда, област аймагында эмне болуп жатканын жакшы билиши керек деп ойлойм. Бул жерде журналисттердин орду бар, бирок жакшы болбой жатат”, – дегей оюн айтты И.Камалов.

Журналисттер болсо маалымат таңкыстыгынын себептерин айтышат

Аймактардан маалыматтардын аз болуп жатканын бир гана карапайым тургундар эмес, журналисттер өздөрү да айтып, моюнга алышат. Алардын пикиринде, чынында эле ар кайсы аймактардан алынган кабарлар, ар кайсы маалыматтар жетишсиз. Мунун өзү маалымат таңкыстыгын пайда кылат, коомдун жана карапайым адамдын өнүгүшүнө жакшы шарт түзө албайт.Деген менен буга бир катар себептер бар, алар аймактык кабарлардын көп болушуна жолтоо болуп жатышат.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, ардагер журналист Нурмамат ажы Сапарбаев дегеле журналисттердин азыркы маалымат таркатуу ишине ичи чыкпай атканын, баары саясатташып кеткенин, таркатылган маалыматтын сапатынын начарлыгын айтат.

“Мен мурдатан журналистикада иштеп калгандыктан, маалыматты бардык булактардан алууга аракет кылам. Бирок, маалымат таркатуу жагынан эч бир ичим чыкпай жүрөт. Жергиликтүү телеси деле, гезити деле, интернети деле саясатты чагылдырышат, башка темалар өтө аз. Көбүнесе “мэр шайланат экен”, “аким дайындалыптыр” деген эле материалдар көп, бирок элдин, аймактардын жашоосун кабарлаган, талдаган материалдар жокко эсе. Тиги же бул аймакта кырдаал кандай, эл эмне менен алек, жергиликтүү бийликтер кантип атышат, булар тууралуу анализдеп, таасын көрсөткөн материалдарды көрбөйсүң. Темалар майда, орчундуу, жүк көтөргөн маселелер көтөрүлбөйт. Себеби азыр бизде журналистер эле көбөйүп кетишти, баары сабатсыз, жазса ката кетиришет, жөндөп сүйлөй да алышпайт. Анан ошолор кантип калкка ар тараптуу, толук кандуу маалымат жеткиришет?, – дейт ал. – Дагы бир нерсе, өкмөткө караган маалымат булактары өкмөттү, жеке менчиктер өз ээсин мактап, ошонун таламын талашып отура беришет. Качан элдин көйгөйүн, жашоо-шартын, ийгиликтери менен жетишпестиктерин көрсөтүшөр экен? Мен кээде Өзбекстандын телесин көрүп калам, аларда саясат дээрлик аз, элдин турмушу, кубанычы-кайгысы, ар кандай окуялар тууралуу жакшы анализдерди беришет. Жеке адамдардын ийгиликтерин көп чагылдырышат, а бизде андай жок. Үйрөнүшүбүз керек да”.

“7-каналдын” журналисти Руслан Калматовдун пикирине караганда, мындай таңкыстыкка бир катар себептер бар. Негизинен аймактык медиа-инфраструктуранын начарлашы менен аймактагы жаңылыктар азыраак таркап жатат.

“Ал жок жерден эле чыга калган көйгөй эмес, анын бир катар себептери болушу мүмкүн. Мисалы, мурда жер-жерлерде аймактык гезиттер, ар кандай бюллетендер чыгып турчу. Азыр алардин бирөөсү да жок, анысы аз келгенсип райондук гезиттерди да жоюп салышкан. Райондук гезиттерден карапайым калк бир катар маалыматтарды алып турушчу, алардын өз окурмандары бар эле. Биздин оюбузча, райондук гезиттерди жойбой эле, аларды электрондук форматка өткөргөн дурус болчу. Бул натыйжалуу болмок. Эми аларды жоюп, областтык Медиа-борборго кошуп салган соң, калкка аймактардагы маалыматтарды жеткирүү жакшырып кетпеди. Саясат темасы, борбордон алынган маалыматтар үстөмдүк кылып жатат да, айылдарыбызда эмне болуп жатканы тууралуу маалымат жокко эсе. Буга кошумча жергиликтүү бийликтер, кызмат адамдары да калктын кеңири маалымат алып турушуна анчалык кызыкдар болбой жатышкансыйт. Өздөрү жасап жаткан иштер тууралуу калкка жеткирүүгө аракеттери байкалбайт”, – дейт Р.Калматов таңкыстыктын себептерин талдап.

Жалал-Абад областында азыркы тапта өкмөттүн маалымат саясатын областтык Медиа-борбор алып барат. Областтагы эң чоң медиа жамаат да ушул эсептелет. Андан башка эки жеке менчик телеканал жана эки-үч жеке менчик маалымат сайттары иштеп турат. Аталган областтык Медиа-борбордун “Акыйкат” гезитинин редактору Арстанбек Якубов да аймактардан алынган маалыматтар аз экенин моюндап, буга бир катар себептер барлыгын айтат.

“Биздин областтык Медиа-борбор башка маалымдоо каражаттарына, айталы, жеке менчик каражаттарга салыштырмалуу аймактардагы жашоо-турмушту көбүрөөк чагылдырабыз. Бирок, бизде жетишпестиктер бар, мисалы, алыскы Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча атайын тележурналист, операторубуз болгону менен ошондой эле алыскы Токтогул, Үч-Терек, Кара-Көл аймактарында жок, штаттык орун жетишпейт. Медиа-борбордун областтын аймактарын күн сайын толугу менен камтыганга штаттык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү да жок. Ошого карабастан биздин жамааттын чыгармачыл топтору болушунча элге толугураак, кененирээк маалымат берүү аракетин жасап жатышат”, – дейт ал.

Эми эмне кылуу керек?

Биз жарандык коомдун өкүлдөрүнө да, журналисттерге да, бийлик органдарына иштеп жаткан жетекчилерге да ушундай суроо берип көрдүк. Чынында эле эмне кылуу керек? Кандай кылсак абал жакшырат? – деген суроо салдык. Алардын пикирлери ар кандай болду.

Мисалы, Ноокен районунун тургуну Илясбек Камаловдун пикиринде, муну жергиликтүү райондук администрациялар, шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөр колго алышса болот.

“Албетте, журналисттер саясатка эмес, аймактардагы жашоо-турмушка, маселелерге көбүрөөк көңүл бурушса, аракет кылышса, абал өзгөрөт. Бул турган сөз. Анан дагы жергиликтүү бийликтер аракет кылышы керек да. Мисалы, жергиликтүү бийликтер: шаар мэриялары, райондук мамлекеттик администрациялар менен айыл өкмөттөрү өз аймактарындагы маалыматтарды атайын сайттарды иштетүү, социалдык тармактар аркылуу таркатууну активдүү колго алышса, жакшы болмок. Тилекке каршы, мындай нерсе бардык эле жерде бирдей эмес, көпчүлүк аймактарда пассивдүү десек жаңылышпайбыз”, – дейт ал.

Областтык Медиа-борбордун өкүлү Арстанбек Якубов да ушундай эле пикирде. Эгер жергиликтүү бийликтер өз аймагындагы калкка маалымат таркатуу жагын колго алышса, эл үчүн жакшы иш болмоктугун айтат.

“Менимче, жергиликтүү бийликтер атайын адис дайындап, социалдык тармактардан, сайттар аркылуу өз иши тууралуу көбүрөөк маалымат берип турушу керек болуп калды. Эгер алар ушундай аракет кылышса, биз да кошумча маалымат булагына ээ болуп, аймактык маалыматтарды таркатууну күчөтүүбүзгө жардам болот эле”, – дейт А. Якубов.

Ал эми “7-каналдын” журналисти Руслан Калматов жергиликтүү бийликтердин аракетин арттыруу менен эле чектелбей областтык Медиа-борбордун иштөө концепциясын да өзгөртүү зарыл дейт. Айрыкча, жергиликтүү бийликтерде пресс-катчы кызматынын жоктугун баса белгилейт:

“Абалды оңдосо болот. Мисалы Медиа-борборлордун иштөө концепциясын өзгөртүү, жакшыртуу керек болот. Аларда элеттин жашоосун үзгүлтүксүз чагылдырып туруу мүмкүндүгүн арттыруу керек. Экинчиден, жергиликтүү бийликтер, мисалы, ошол эле райондук акимдиктер менен айыл өкмөттөрү же шаар мэриялары бүгүнкү интернет технологияларынан кеңири пайдаланып, маалымат саясатын активдүү жүргүзүүлөрү керек. Алар бир эсе маалымат булагы да, бир эсе маалымат таркатуучу да боло алышат. Муну жасоого аларда толук шарттар бар. Социалдык тармактарда, жеке сайттары аркылуу аймактагы калкка тынымсыз маалымат таркатууга болот. Муну басма сөз кызматы, же коомчулук менен байланышуу кызматы аркылуу жасашы абзел. Ошондо жалпыга маалымдоо каражаттары да алар менен оңой жана натыйжалуу иштеше алар эле. Тилекке каршы, азыр андай эмес, пресс-катчылардын штаты да жок”.

Журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикирине жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери да макул. Алар да аймактык маалымат таңкыстыгын сезип жатышат жана аны оңдоо зарылдыгын түшүнүшөт. Мисалы, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бакыт Козуев ушул багытта аракет кылып жатышканын айтат:

“Жер-жерлерде абдан көп иштер аткарылууда, аракеттер болууда, кыйынчылыктар жүз берүүдө, ошонун баары тууралуу калк кабарсыз калып жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында саясат маселеси көптүгүнөн элибиз деле тажады окшойт. Элдин баары азыр маалыматтарды социалдык тармактардан издеп калды. Албетте, бир тараптуу эле журналисттерди же жалпыга маалымдоо каражаттарын айыптабаш керек, алардын да өз кыйынчылыгы бар. Ушундай учурда аймактарда сутка бою же андан азыраакпы, айтор ар жарым саат сайын жаңылыктарды берип турган атайын телеканал ачылса, элеттин, аймактардын турмушун кеңири чагылдырып турса дейм. Анан биз да өзүбүз активдүүрөөк болсок. Биздин райондо жер-жерлердеги иштер тууралуу элге маалымат берели деп Фейсбукта аккаунтту, атайын баракчаны ачып, иштетип жатабыз. Анан атайын маалыматтык сайтыбыз да бар. Эл кызыгып окуп жатат, пикрилерин да айтып жатышат, кыскасы, жандуу байланыш түздүк. Бирок, жетиштүү эмес, себеби бизде басма сөз катчыбыз жок, өкмөттөн бизге андай штаттык бирдик берилген эмес”.

Жалпысынан алганда, Жалал-Абад областы өнөр жайлуу, кайра иштетүү тармагы өнүккөн, айыл чарбалуу ири аймактардан. Областтагы 8 район, 5 шаарда, айыл аймактарында тынымсыз иштер, окуялар, жаңылыктар болуп турат. Ошол эле кезде жогоруда айтылгандай, аймактык маалымат таңкыстыгы күч. Анын себептери журналисттердин саясат, бүйүр кызыткан темаларга жакындыгы, даярдалган материалдардын сапатынын төмөндүгү, материалдык-техникалык жетишпестиктер, райондордогу гезиттердин жоюлуп кетиши жана жергиликтүү бийликтердин маалымат саясаты багытында иштебей жаткандыгы экенин жогоруда айтылган пикирлерден билдик. Башкасын айтпа, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пресс-катчынын орду дээрлик бир жылдан бери бош турат. Демек, маалымат саясатын жүргүзүү жаатында жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгы жок.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү

 

25.12.2020

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер тарабынан “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимге” кол коюлду

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенттигине 14 талапкер жана талапкерлердин өкүлдөрү өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү үчүн жарандык укуктарды жана эркиндиктерди, сөз эркиндигин жана пикирлердин плюрализмин коргоонун жана жайылтуунун негизги ролун белгилөө үчүн медиа сектордун, жарандык коомдун жана кесиптик жамааттардын коалициясынын өкүлдөрү менен жолугушууга катышты. Коалициянын өкүлдөрү жарандык укуктар менен эркиндиктерди илгерилетүү принциптерин камтыган “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимди” сунушташып, келечектеги президенттерди ушул принциптерди жайылтууга жана колдоого чакырышты.

Макулдашууну 30дан ашуун ЖМКнын, жарандык коомдун, кесиптик жамааттардын жана коомдук уюмдардын өкулдөрүнөн турган коалициянын өкүлдөрү даярдашты. 11 талапкер залда “Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө келишимге” кол коюп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого милдеттеништи. Дагы үч талапкер аймактардан кайтып келгенден кийин кол коюуга даяр экендигин билдиришти.

“Бийликтегилердин манипуляция кылуунун эң жогорку формасы – бул элдин талабына жана салттарга шылтоолоп эркиндикти чектөө боюнча өзүнүн же башка адамдардын аракеттерин актоо болуп саналат. Адам укуктарынын концепциясы эки негизги баалуулукка негизделген: адамдын кадыр-баркы жана теңдик. Демек, башкаруучулардын ушул эки баалуулукту урматтап, карманышы маанилүү. Мен талапкерлерди президент болуп шайланса да, шайланбаса да адам укуктарынын жана эркиндиктеринин чыныгы коргоочулары болууга чакырам”, – деди “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын эксперти жана жарандык активисти Динара Ошурахунова.

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Президенттикке талапкерлерге кайрылып, Конституция президентке бийлик бербейт деди:

“Конституция, социалдык келишим катары, тескерисинче, президенттин бийлигин чектеп, ага чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз сиздерди Конституцияны урматтоого чакырабыз”, – деп кайрылды.

Эркин журналист Анна Тимофеенко төмөнкүлөргө токтолду:

“Ким гана президент болбосун, ал жарандардын сөз эркиндигине жана сөз эркиндигине болгон укугун камсыз кылышы керек. Биз альтернативдүү көз карашты ачык айта алышыбыз керек, анткени конструктивдүү сын – бул, биринчи кезекте, президенттин жардамчысы. Социалдык тармактардагы куугунтуктоо, жасалма маалыматтарды жана аккаунттарды колдонуу, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алуу, жарандык коомдун жана медиа сектордун өкүлдөрүн куугунтуктоо жана коркутуу жол берилбеш керек”.

“Баштан Башта” жарандык кыймылынын лидери Улан Үсөйүн өлкөдөн көптөгөн жаштар кетип жаткандыгын айтты:

“Кыргызстанда жашап, өссө болот. Бирок өз амбициясын өз элинин жыргалчылыгынан жогору койгон адамдар өлкөнү башкарып жаткандыгынан улам, чемоданын даярдап өлкөдөн чыгып кетем деген жаштар аябай көп. Президент, биринчи кезекте, элдин өкүлү жана кызматчысы”.

Келишимге кол коюу КР Президенттигине талапкердин чечим кабыл алуу процессинин жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын; укук үстөмдүгү, мыйзамдуулук жана укуктук тартип принциптеринин сакталышын; адам укуктары жана негизги эркиндиктери, анын ичинде сөз эркиндиги корголушун жана илгерилешин; сөз эркиндигинин жарандардын негизги укугу жана медиа ишмердиктин, анын ичинде Интернеттеги медиа ишмердигинин негизги шарты катары сакталышын колдоп, илгерилете тургандыгын күбөлөйт.

 

28.12.2020

Баткен: Чек ара окуяларын чагылдырууда тоскоолдуктар көбөйүүдө

Акыркы учурларда журналисттер чек ара окуяларын чагылдырууга тоскоолдуктардын түрлөрү көбөйүп жатканын айтышууда.

Буга чейин расмий булактар ыкчам маалымат берүүдө убакыт создуктуруп келген болсо, азыр ачык эле “эки тараптуу макулдашууга ылайык маалымат берилбейт” деп чыгышты. Эки тараптуу дегенибиз кошуна Тажикстан менен болгон бийлик өкүлдөрүнүн жолугушууларында чырдын себептери аныкталып, чечилмейин алдын ала маалымат берилбеши керек деген келишим түзүлгөн. Тактап айтканда Ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим баштаган өкүлдөр менен 2020-жылдын 14-январындагы чек арадагы жолугушуусунда 6 пунктан турган келишимге кол коюлган. Анын 6-пунктунда кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылган. Бүгүнкү күндө мына ушул макулдашуу себептүү чек арадагы кандай гана окуя болбосун аны жарыялоо кыйынчылыктарды жаратууда.

“АкиПресс” маалымат агенттигинин Баткен облусундагы журналисти Арзыгүл Галымбетова чек арадагы такталбаган аймакта тажик жарандары суу түтүктөрүн тартып жатканы боюнча маалымат берүү үчүн барган. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү расмий маалымат бермек турсун сүрөткө тартканга да уруксат бербегенин айтат. Окуяга күбө болгон тургундар да күч түзүмдөрүнөн чоочулап калгандыктан маалымат берүүдөн качышкан.

“25-октябрдагы окуяны чагылдыруу үчүн барганбыз. Үч-Дөбө айылындагы тактала элек аймакта тажик тарап суу түтүктөрүн тартып жатышкан экен. Ал жерге чек ара кызматынан да өкүлдөр барышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Тилекке каршы өз учурунда расмий булактардан маалымат алууга мүмкүн болбоду. Эртеси күнү гана сүйлөшүүлөр бүтүп, социалдык түйүндөр аркылуу маалымат тарап кеткенден кийин гана бизге жергиликтүү бийликтен, чек ара кызматынан маалымат беришти. Бул албетте журналисттин маалыматка жетүү укугун бузуу болуп саналат”, – дейт А.Галымбетова.

Жергиликтүү маалымат каражаты болгон “Салам Медианын” жетекчисинин орун басары Гүлбарчын Амирова болсо, чек ара окуяларын жарыялоо машакаттуу иш экенин айтты. Ошол себептүү журналисттерди чек ара аймагына жибербей деле калыптыр. Анткени, окуянын күбөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына сүйлөп берүүдөн баш тартышат дейт.

“Чек ара окуяларын чагылдыруу үчүн журналисттерге тапшырма беребиз. Бирок алар бул тапшырманы аткара алышпастыгын айтышат. Окуя катталган жердеги тургундар интервью беришпейт экен. Буга чейин теле-радиолорго чыгып сүйлөп койгон адамды укук коргоо кызматкерлери суракка чакырып, убара кылышкан экен. “Камерага тартпай өзүнчө сүйлөшүп турсаң баарын төкпөй-чачпай айтышат. Жаздырып алайын десең эле качышат”- дейт менин кызматкерлерим. Ошондуктан бул тууралуу маалыматтарды даярдоо биз үчүн өтө машакатту”, – дейт Г.Амирова

Ушул сыяктуу эле көрүнүшкө туш болгон “Азаттыктын” журналисти Жеңиш Айдаров облустук акимчилик айрым учурда эки тараптуу макулдашууга ылайык маалымат берилбейт деп жооп алган учурларыбыз да болот дейт.

“Мындайда Кыргызстандагы сөз эркиндигине доо кетип жатат. Кандай гана макулдашуу болбосун кыргыз тарап өз мыйзамдарын башкы орунга коюшу керек. Мисалы, тажик тарап Ак-Суу дарыясынан келишимден ашыкча суу буруп алганы боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, мыйзамсыз аракеттерге барышканы үчүн дарыя жээгин кайра калыбына келтиришкен. Бул маалыматты расмий тараптан жообу менен элге жеткирүүгө мүмкүн болгон жок. Анткени Тажикстандын жергиликтүү бийлиги биздин бийлик өкүлдөрүбүзгө маалыматты жарыялабоону өтүнүшкөн экен. Ошол себептүү облустук акимчиликтен интервью беришкен жок”, – дейт Ж.Айдаров.

Облустук акимчиликтин маалымат катчысы Чолпон Бердикулова айрым учурларда жарыяланып кеткен маалыматтар чек ара маселелерин эки тараптуу чечүүгө келгенде терс таасири тийип калышы мүмкүн дейт.

“Мындан улам өлкө кызыкчылыгы үчүн бул жаатта бир аз кармана турганыбыз да ашыкчалык кылбайт. Ошол эле учурда расмий маалымат берүүгө өкмөттө түзүлгөн атайын жумушчу топтун гана укугу бар. Жергиликтүү бийликтер өз алдынча иш алып бара албайт”, – дейт ал.

Нургазы Жайнаков,
“Журналисттер” КБнын Баткен облусу боюнча өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

Жарыяланган айрым маалыматтарга байланыштуу ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча талаптар

 

14.11.2020

Матраимовдордун ЖМКга каршы доо арызы боюнча соттук угуу болбой калды

Бишкектин Сверлов райондук сотунда Матраимовдордун үч ЖМКга – 24.kg, Kloop жана «Азаттык» жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча соттук угуу жылдырылды.

Бул доогер «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фондунун өкүлдөрүнүн бири Лейла Байдаеванын жыйынга келбегенинен улам болду. Ал соттук угууну жылдыруу боюнча келтирилген өтүнүчтө келбей калган себеби катары Түркияга иш сапарын көрсөткөн жана авиабилеттин көчүрмөсүн тиркеген.

Сот катышуучуларды бир сыйра сурап, жыйынды 11-декабрга жылдырууну чечти.

Эске салсак, бул иште Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Миновар Джумаева, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын аялы Ууулкан Тургунова, о.э. «Исмаил Матраимов атындагы фонд» КФ доогер болуп саналат.

Доогер тарап ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо үчүн «Азаттыктан» – 22,5 миллион, журналист Али Токтакуновдон – 10 миллион, Kloop редакциясынан – 12,5 миллион жана 24.kg басылмасынан – 15 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап, сотко кайрылган.

Комментарий

Доогердин бир өкүлүнүн жоктугуна байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу мыйзам бузуу болуп эсептелбейт, мындай практика көп колдонулат. Анан да отурумдун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу арызга доогердин өкүлү өлкөдөн сырт жатка болгондугун күбөлөгөн авиабилет тиркелген.

 

17.12.2020

Ысык-Көлдө журналистке 5 миллион сом доо коюшту

Фрилансер жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун басма сөз катчысы Алена Хоменкону сотко беришти. Каракол шаардык сотуна доо арыз менен Пристань-Пржевальск конушунун жашоочусу Фатима Тагаева кайрылган. Ал А.Хоменкону алдамчылыкка айыптоодо жана андан 5 млн сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Сотка кайрылууга Фейсбукта жарыяланган пост себеп болгон. Мурда Хоменко жер талашы жөнүндө соттук жараянды чагылдырган жана тараптардын биринин өкүлү катары чыккан. Экинчи тарап Ф.Тагаева болгон.

А.Хоменко Фейсбуктагы постунда тараптардын биринин сөзүнө таянып, талаш-тартыштын себептери жана соттук жараян кандай өткөнү жөнүндө жазган. Постто ысымдар жана фамилиялар көрсөтүлгөн эмес, алардын баш тамгалары гана берилген. Пост чыккандан кийин Ф.Тагаева А.Хоменкону «жалаа жапты» деп айыптап сотко кайрылган, ошондой эле, Өнүктүрүү фондуна А.Хоменконун алдамчылыгы жана анын мурда соттолгондуугу жөнүндө кат менен кайрылган.

Сот бул кайрылууну кароого кабыл алды. Биринчи жыйынды жаңы жылда өткөрүү пландалды.

А.Хоменкого Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат алып барганга туура келген.

«Биз азыр Тагаеванын катыштыгы бар Пристань-Пржевальск конушундагы кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы жөнүндө журналисттик иликтөө жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле ага шаардын жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменин кызмат адамдары аралашкан. Азыр жыйынтыгын айтууга эрте. Бирок Тагаева биз утуп алган жер талашы үчүн мага ачууланып жүрөт», – деп билдирди А.Хоменко.

Ал эми Ф.Тагаеванын айтымында, анын эч кандай алдамчылыкка тиешеси жок, тескерисинче, социалдык объекттерди мамлекетке кайтарып берүүгө жардам берип жүрөт.

«Ал (Хоменко) мага эч ким эмес. Мени билбей туруп, ал мени Фейсбукта «улутчул жана алдамчы» деп жалаа жапты. Мен сотко Хоменкодон 5 млн сом өндүрүп берүүнү жана посту өчүрүүсүн сурап кайрылдым», – деди Ф. Тагаева.

Ф.Тагаеванын аракетин А.Хоменко ээн баштык жана алдамчылык катары баалайт. Ал ШИИБге жалаа жабуу боюнча каршы арыз жазды.

Нургуль Шаршембиева,
«Журналисттер» КБнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү

Комментарий

Кезектеги макаладан кийин КР Жарандык кодексинин 18-беренесине ылайык ар намысты жана кадыр-баркты коргоо тууралуу доо арыздын жана ошол эле кодекстин 16-беренесине ылайык моралдык чыгымды өндүрүү суранычынын берилиши (бул жолу 5 млн сом) көнүмүш адатка айлынып деле калды. Соттор ушуга окшош иштерди карап жатып калыстык жана акылга ылайыктык принциптерин карманышы зарыл. Мындан сырткары автор доогердин ысымы аталбастан, анын инициалдары гана бергендигин, б.а. автордун каарманы ким экендиги «айтылбагандыгын» эске алуу керек. Ошондой эле фактыларды пикирлерден бөлүп кароо зарыл, анткении талаш-тартыштын объектиси бул жерде «соттук репортаж».

 

ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын укуктук абалын аныктай турган мыйзамдык өзгөртүүлөр жана өзгөртүүлөр долбоорлору

 

14.12.2020

КР медиа коомчулуктун өкүлдөрү «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды кароого каршы чыгууда

14-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюна комитети «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата президенттин каршы пикирин карайт.

Медиа коомчулук, бул мыйзам долбоору парламенттин кийинки чакырылышы тарабынан каралууга тийиш деп эсептейт. Медиа эксперттер эске салат: бул курам бир катар мыйзамдарды кабыл алууда бардык процедураларды орой бузуулары жана коомчулуктун пикирин эске албастыгы менен өзүн дискредитация кылды.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору өзүндө манипуляциялоо боюнча зор мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Автордун идеясы боюнча, бул ченемдик-укуктук акт бузуулар болгон учурда мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жалган же анык эмес белгилери бар маалыматка жеткиликтүүлүктү сотко чейин эле чектей алышы үчүн багытталган.

Башкача айтканда, Кыргызстандын аймагында каалаган веб-порталдын ишин соттун чечими жок эле токтотуп коюуга болот. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан сайттарга бөгөт коюу мумкүндүгү, бийликте тургандардын ылайыксыз иш-аракеттеринин бетин ачкан басылмаларды, алар үчүн ыңгайсыз бардык маалыматты тосмолоп салууга шарт түзөт. Башкача айтканда, жазалоо бийлик үчүн ыңгайсыз маалыматты тараткандарга гана тандап колдонулат», – деп айтылат медиа коомчулуктун кайрылуусунда.

Ушул мыйзам мындай маалыматтарды тараткан жактарды, ошондой эле, андай маалыматтарды жайылтууга тоскоолдук кылбаган сайттарды жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган сотсуз жана тергөөсүз эле бул же тигил маалыматтын тууралыгын аныктай алат.

2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында бул мамлекеттик органдарга социалдык түйүндөрдүн контентин көзөмөлдөөгө, тосмолоого жана алардын кадыр-баркына коркунуч келтиргендердин бардыгын жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет.

Юристтер өлкөдө мыйзам тарабынан тыюу салынган маалыматтарды (улуттук, диний кастыкты пайда кылган, экстремисттик материалдар) тараткан жактарды жоопкерчиликке тартуу үчүн жетиштүү мыйзамдык база, ошондой эле, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын ресурстары бар экендигин белгилешет.

Мындан тышкары, Facebook, Instagram сыяктуу жана башка ири социалдык түйүндөрдүн зыяндуу маалыматтарды таратууга каршы күрөшүү боюнча өздөрүнүн саясаты бар.

Кыргыз Республикасы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга (ЖСУЭАП) кошулганы белгиленет. Ал сөз эркиндигин чектөө: башка жактардын укугун жана кадыр-баркын; улуттук коопсуздукту; коомдук тартипти; калктын ден соолугун; моралдык баалуулуктарды коргоо үчүн гана мүмкүн экенинин аныктайт.

Эгерде чектөөлөр ЖСУЭАП 19-беренесиндеги үч чен-өлчөм (үч бөлүктүү тест) деп аталган тесттин талаптарына толук туура келсе мыйзамдуу болуп саналат:

«…мыйзам менен каралган…» деген тест. Чектөөлөр мыйзамда же юридикалык күчкө ээ башка актыда көрсөтүлгөн болууга тийиш. Ошону менен бирге адамдар өздөрүнүн иш-аракеттеринин жыйынтыгын көрө билиши үчүн мыйзам аныктык жана тактык стандарттарына шайкеш келүүгө тийиш. Бүдөмүк жазылган сүйлөмдөр, мыйзамдуу колдонуу чөйрөсү айкын жазылбаган беренелер ушул стандарттарга туура келбейт, ошондуктан алар легитимдүү эмес. Бул мыйзам түшүнүксүз терминдерге жана сүйлөмдөргө толгон, мисалы «интернеттеги баракчанын ээси» же «таратылган маалыматтын жалган мүнөзү жөнүндө тастыктоо» жана башкалар.

«…мыйзамдуу максат… деген тест». Сөз эркиндигин жана ой-пикирин билдирүүнү чектөөнүн мыйзамдуу максаттары болушу керек. Мыйзамдуу максаттардын тизмеси толук болууга тийиш. Мисалы бийликте отургандарды коргоо каалоосу сөз эркиндигин чектөөгө негиз боло албайт. Сөз эркиндигин чектөөнүн максаты, анын багыты жана ошондой чектөөдөн боло турган таасири жагынан легитимдүү болушу зарыл. Ыйгарым укуктуу органга маалыматтын анык эместигин же жалгандыгын чечүү укугун берүү менен ошол мыйзам иш жүзүндө мамлекетик органдарга өздөрүн сындагандарды куугунтукка алууга укук берет.

Чектөөгө «…зарылдык…» деген тест. Ой-пикирин эркин билдирүүгө карата кайсыл чектөө болбосун, ал атүгүл так жана айкын мыйзамга ылайык келсе жана легитимдүү максаттарга жетүүгө кызмат кылса дагы чындап зарыл болууга тийиш. Эгерде чектөө зарыл болбосо аны киргизип эмне кереги бар? Чаралар ой-пикирди эркин билдирүү укугун минималдык түрдө чектеши керек. Чектөө чараларынын таасири пропорциялуу болушу зарыл жана өз пикирин билдирүү эркиндигин чектөөдөн пайда болгон зыян анын пайдасына ашып кетпөөгө тийиш. Кимдир бирөөнүн кадыр-баркын жарым-жартылай коргогон, бирок ой-пикирин эркин билдирүү укугунун баалуулугун олуттуу начарлаткан ошол мыйзам долбоору пропорциялуу болуп саналбайт.

Корутунду: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам сөз эркиндигине болгон укукту чектөө менен Конституцияга каршы келет, ошондой эле, жарандык жана саясий укуктарды коргоо боюнча КР алган эл аралык милдеттенмелерди дагы бузат, бул түздөн-түз биздин мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизет.

 

14.12.2020

ЖК чуу жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамын кароону кийинкиге калтырды

ЖК Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюна комитети «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата Президенттин каршы пикирин кароону кийинкиге жылдырды.

Комитет башчысы Гүлькан Молдобекова белгилегендей, Президенттик аппараттан аны күн тартибинен алып салуу өтүнүчү түшкөн. Депутаттар ал кайрылууну колдошту.

Эске салсак, 2020-жылдын 26-июнь күнү парламент депутаттары резонанс жараткан документти жактырган. Ал үчүн Жогорку Кеңештин 79 депутаты добуш берген. Жарандык активисттер, ата мекендик жана эл аралык укук коргоочулар Сооронбай Жээнбековдон Гүльшат Асылбаеванын республикадагы сөз эркиндигине коркунуч жараткан мыйзам долбоорун алып салууга вето коюуну талап кылышкан. Бирок Конституция боюнча мамлекет башчынын абсолюттук вето коюу укугу жок.

Чуу пайда кылган мыйзамды экс-президент Жээнбеков июлда Жогорку Кеңешке кайра иштеп чыгууга жөнөткөн. Каршылыкты жоюу боюнча топ түзүлгөн.

Эске салсак, бүгүн медиа коомчулук ЖК депутаттарынан чуулуу мыйзамды карабоону талап кылды. Эксперттердин сөзү боюнча, документти жетинчи чакырык тарабынан каралууга тийиш. Медиа эксперттер эске салат: бул курам бир катар мыйзамдарды кабыл алууда бардык процедураларды орой бузуулары жана коомчулуктун пикирин эске албастыгы менен өзүн дискредитация кылды.

Комментарий

Бул мыйзамдын учурдагы мыйзамчылыкка карама-каршы келээри медиа коомчулуктун билдирүүсүндө көрсөтүлгөн. Аталган учурда биздин кызыгуубузду жараткан суроо – эмненин негизинде бул мыйзам күн тартибинен алынып салынды. Мамлекет башчы артка кайтарган мыйзамды карабай тургула деген суранычы менен президенттин аппараты парламенттик комитеттин жетекчисине кайрыла алабы? Бул суранычтын түпкү себеби жана ал эмнеге байланыштуу болгондугу кызыктырбай койбойт. Ушулу суроолорго өз убагында жооп алсак жакшы болот эле.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО

Журналисттерге, алардын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө жана ЖМКлар менен интернет-басылмалардын объектилерине кол салуу

 

23.12.2020

Журналисттин арызы боюнча иш кыскартылды. Журналисттер өздөрү иликтөө даярдоодо

«Клооп» интернет-басылмасынын кабарчысынын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылды. «Клооп» тергөө акыйкатсыз болгонун айтып, иш боюнча журналисттик иликтөөсүн даярдап жатат.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков Хамидулло Узаковдун арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылганын маалымдады.

«Иш Кыргыз Республикасынын Жоруктар боюнча кодексинин “Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган эле. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына негизделип, Хамидулло Узаков жабыр тартпаганы аныкталып, иш кайра кыскартылды», – деди Замир Сыдыков.

«Клооп» интернет-басылмасынын кызматкери Хамидулло Узаков жактоочу менен макулдашып, эми сотко арыз даярдаша турганын айтты:

«Иш ноябрдын аягында кыскартылыптыр. Аны бир апта өткөндөн кийин гана уктук. Тергөөчү мени менен шектүүнү беттештирген деле жок. Арыздын кыскартылганы жөнүндө кабар берилген да жок. Адвокатыбыз кабар алып, бизге маалымдады. Иш кыскарып кеткенден кийин биз прокуратурага кайрылдык. Прокуратура арызды алып, бирок, карабай койду окшойт. Эми жактоочубуз менен кеӊешип, сотко арыз даярдаганы жатабыз», – деди Х.Узаков.

«Клооп» басылмасынын кыргыз редакциясынын башкы редактору Элвира Султанмурат кызы тергөөнүн акыйкат болгонуна ишенбей жатышканын маалымдады:

«Милиция ишти кыскартып салганы үчүн азыр өзүбүз иликтөө жасап жатабыз. Жакында, буюрса, иликтөөбүз чыгат. Тергөөчү көп жагдайды эске алган эмес: жадакалса беттештирүү болгон эмес, көп нерсени айтып берген күбөлөр суралган эмес. Арызда биз эки нерсени айтканбыз: кол салуу болгон жана журналисттин ишине тоскоолдук жараткан деп. Тоскоолдук жаратканы боюнча маселени тергөө эч караган эмес. Суракта кол салган адам шектүү катары эмес, күбө катары болуптур. Анын иштеген жери «жеке ишкер» деп жазылыптыр. Кол салган адам муниципалдык кызматкер, «Ош тазалык» ишканасында полигондун директору, болуп жатпайбы. Биз фактыларды чогултуп, ишти өзүбүз иликтеп, журналисттин ишине тоскоолдук болгонун өзүбүз далилдеп беребиз», – деди Элвира Султанмурат кызы.

Учурда «Клооп» басылмасынын башка кызматкери Айбике Адилет кызынын арызы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Бир арызыбыз кыскарды. Экинчи арызыбыз боюнча тергөө жүрүп жатат. Бирок, ал иш деле кыскарып кетиши мүмкүн деген божомол бар», – деди Элвира Султанмурат кызы.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 4-октябрында Парламенттик шайлоодо добуш берүү күнү Ош шаарында шайлоо участогунун сыртында «Клооп» интернет-басылмасынын эки кабарчысынын телефондорун тартып алуу аракеттери болгон. Кабарчылар Хамидулло Узаков жана Айбике Адилет кызы милицияга арыз жазган.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Оштогу ѳкүлү

Комментарий

Журналисттин жана анын адвокатынын укук коргоо органдарынын сотко чейинки өндүрүш ишти токтотуу тууралуу чечиминин үстүнөн арызданып сотко кайрылуу чечими туура болуп эсептелет. Тергөөчүнүн ишти токтотууга соттук-медициналык экспертиза боюнча журналисттин жабыр тартпагандыгы негиз болгон. Бул жерде эскерте кете турган нерсе, иш Кыргыз Республикасынын Жоруктар боюнча кодексинин “Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу” беренеси боюнча катталган, бирок бул беренеде денесинен жабыр тартуу тууралуу эч нерсе айтылбайт, б.а. мындай мүнөздөөчү көрсөткүчтөр анда жок.

 

30.12.2020

Журналист Болот Темировго кол салууга байланыштуу иш боюнча сот чечими чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту журналист Болот Темировго кол салуу фактысына байланыштуу иш боюнча чечим чыгарды. Сот төрт айыпкердин ар бирине мамлекеттин пайдасына 50 миң сомдон айып пул салды жана эки жарым жылдан абакка кести. Бирок сот амнистияны колдонуп, соттолгондорду бошотту.

Белгилей кетсек, сот амнистияны Б.Темировдун тосмо арызынын негизинде колдонду.

«Соттун чечимине арызданбайм. Өкүмдү адилеттүү жана гуманддуу деп эсептейм. Тилекке каршы, тергөө буйрутманы ким бергенин аныктай алган жок. Кол салгандар 11 ай СИЗОдо отурушту, андыктан жазасын жетиштүү алышты. Ар бир адамга оңолууга мүмкүнчүлүк болушу керек», – деп айтты журналист.

2020-жылдын 9-январында Factсheck.kg басылмасынын редактору Болот Темиров сабалган. Ага редакциянын кеңсесинин жанында төрт белгисиз адам кол салган. Алар журналисттин кол телефонун тартып алышкан, бирок Темиров дароо эле алардын тоноо максаты болбогонун билдирген. Ал ошол кол салууну журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырган.

Кийин кол салгандарды милиция кызматкерлери кармаган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБ Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Комментарий

Кандай гана соттук өкүм болбосун, ал мыйзамдын алкагында чыгарылды, аны урматташ керек. Эгер соттук иште мамлекеттик айыптоочудан (анын көз карашы белгисиз) сырткары жабыр тарткан тарап бар болсо жана бул тарап соттук чечим менен макул болуп жатса, анда анын бул иш боюнча көз карашын кабыл алуу зарыл.

 

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө

Окшош посттор