Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ЖОЖдор даярдаган журналисттик кадрлар

ЖОЖдор даярдаган журналисттик кадрлар

Соңку жылдары массалык коммуникация болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар болду. Технология тездик менен өнүгүп жаткан коомдо журналисттерге күн сайын кошумча билим талап кылынууда. Ушундай шартта жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаш кадрлардын билими учурдагы талаптарга жооп береби деген суроо жаралат. Балким ЖОЖдор дагы эле санарип коомдон артта калып, актуалдуулугун жоготкон сабактар менен керексиз кадрларды даярдап жатабы?

Биздин бул материал ЖОЖдор даярдаган журналисттик кадрлардын билим деңгээли жана алардын кесипкөйлүгү тууралуу болмокчу.

Кыргызстанда кайсы окуу жайларда болочоктогу журналисттер даярдалат

Республика боюнча жалпы 10дон ашык окуу жайда журналисттерди даярдаган факультеттер жана кафедралар бар. Алардан жылына орто эсеп менен 300гө жакын кесип ээлери диплом алып чыгат.

Университеттерде жүргүзгөн сырамжылообузга ылайык, өлкө боюнча жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 150дөйү гана өз адистиги боюнча жумушка орношот. Калгандары өзүн журналистикадан башка тармактарда сынайт.

Төмөнкү инфографикада Кыргызстанда журналисттерди даярдаган окуу жайлардын тизмеси, бүтүрүүчүлөрдүн саны жана кесиби боюнча жумушка орношкондор көрсөтүлдү. Маалымат 2020-жылга карата жасалган. Бул тизмекке Нарындагы Борбор Азия Университети кирген жок. Анткени аталган окуу жайды журналист адистиги боюнча биринчи бүтүрүүчүлөр 2021-жылы аяктаган.

Эскерте кетүүчү жагдай, эч бир окуу жайда бүтүрүүчүлөрдүн канчасы алган кесиби боюнча ишке орношкону тууралуу такай статистика жүргүзүлбөйт. Жогорудагы график аталган окуу жайларда эмгектенген мугалимдердин маалыматтарынын негизинде даярдалган.

 

ЖОЖдор эмнени үйрөтүүдө

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева:

“Биздин окуу жайда материалдык техникалык база түзүлгөн, телерадио студиябыз бар. Бирок өздөштүрүү ар бир студенттин өзүнүн жөндөмүнө жараша болот экен. Жумуш берүүчүлөрдөн, аларга кандай кадрлар керектигин сурап, замандын талабына ылайык билим берүүгө аракет кылуудабыз”.

Борбор Азиядагы Америка университетинин “Журналистика жана массалык коммуникациялар” депортаментинин башчысы Айжан Жумалиева:

“Биз жалпыга маалымдоо каражаттары менен меморандум түзгөнбүз. Алар бүткөндөн кийин алып кетебиз дешет. Бирок аны бүтүрүүчүлөр өздөрү чечет. Бүтүрүүчүлөрдүн 92 пайызы жумушка орношот, көпчүлүгү эл аралык ЖМКларда иштейт”.

Кыргыз-Россия Славян университетинин “Эл аралык журналистика” кафедрасынын башчысы Александр Кацев:

“Бизден бүткөн студенттерге суроо-талап жогору. Анткени алар кыргыз, орус тилин жакшы билишет. Басымдуу бөлүгү сыртка кетпей Кыргызстанда иштешет. Бүтүрүүчүлөр 100 пайыз жумушка орношот”.

Ош мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова:

“Биз жыл сайын бизден бүткөн кадрлар эмнеден аксап жаткандыгын билүү үчүн ЖМКлардын жетекчилери менен талкуударды уюштуруп турабыз. Алардын сунуш-пикирлерин эске алып, журналистиканын жаңы багыттары боюнча окуу программабызга жаңы сабакбактарды киргизип турабыз. Мындаш башка, студенттер менен мугалимдерге семинар, тренингдер өткөрүлүп келет”.

К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинин Журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын жетекчисчи Назира Ахмедова

“Биздин бүтүрүүчүлөр замандын талабына жооп берет деп айта алам. Анткени жылда анализ жүргүзүп, биздин бүтүрүүчүлөр көптөгөн ЖМКларда иштеп жаткандыгына күбө болуудабыз. Эгер талапка жооп бербесе аларды эч ким жумушка алмак эмес да! Бизде окуу процесси теория менен эле чектелбейт”.

Эл аралык Ала-Тоо Ататүрк университетинин Журналистика кафедрасынын башчысы Аида Абдулдаева:

“Журналистика — бул улам өзгөрүп турган тармак. Биз дагы студенттерге ошого жараша билим беребиз. Негизгиси конвергенттик жана мультимедиялык журналистикага басым жасалат. Окутуу англис, орус, немис жана француз тилдеринде жүргүзүлөт”.

 

Студенттердин пикирлери

Жусуп Баласагын атындагы КУУун 2020-жылкы бүтүрүүчүсү Уулболсун Аргынбекова окуу жайдан алган билими жумушка киргенде жардамы тийгенин айтат.

“Негизи эле биздин өлкөдөгү окуу системасы мени канаттандырбайт. Ал эми журналистикага келе турган болсок, бул тармакка да бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү керек б.а заман талабына ылайыктоо зарыл. Мугалимдер үчүн атайы заман талабына ылайык программанын негизинде окутууларды жүргүзүп туруу, ошондой эле колдонмо усулдарды жаңылоо керек. Университеттен алган билимим жумушка киргенде жардамы тийди деп айта алам. Кээ бирлердин университетте алган билимимдин пайдасы тийген жок деген жаңылыш пикирлерин угуп журөм. Бул туура эмес, себеби окуу жайда окуган, ар бир теорияны колдонбосо дагы журналисттин жалпы ой жүгүртүүсүнө таасир этет. Менде эч кандай кыйынчылыктар болгон жок”, — дейт Аргынбекова 

Журналистиканы бүтүп, бирок бактысын башка тармактан издегендер толтура. Алардын бири Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган Айдана Бекбоева маяна аз болгондуктан чет өлкөдө иштеп жүргөнүн айтат.

“Студент кезде кесибим боюнча иштечүмүн, азыр, тилекке каршы, журналистикада иштебей элемин. Себеби, айлык акысы абдан төмөн экен. Учурда келишим менен чет өлкөдө иштеп жүрөм. ​​Кудай буйруса, Кыргызстанга барганда өз кесибим менен иштейм”, — деди Бекбоева.

К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетин бүтүргөн Фатима Иманбекова дагы кесиби боюнча иштебей, өзүн башка тармактарда сынап жүргөндөрдүн бири.

“Биз окууну бүтүп жатканда теориялык билимибиз болгону менен практикалык жактан эч нерсе билбейт элек. Бул тармакта айлык да аз дешти. Ошол себептен ЖОЖду аяктап жатканда иштеп жаткан жумушумдун акчасына кызыгып, журналистиканы тандаган жокмун. Алдыда деле план жок”, — дейт Фатима.

 

Башкы редакторлор эмне дейт?

Журналисттик билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр менен жаш кадрлардын кесипкөйлүгүн сурап өлкөдөгү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлоруна кайрылдык. Сурамжылоого катышкан редакторлор негизги көйгөй катары техникалык базанын начардыгын, практикалык сабактардын жана мугалимдердин квалификациясынын төмөндүгүн айтышты. Биз редакторлордун аты-жөнүн атабастан алардын пикирлерин берүүнү туура көрдүк.

◾️ “ЖОЖдордун материалдык-техникалык, окутуу базасы азыркы талапка жооп бербейт. Бүтүрүүчүлөр практикага келгенде кыйналууда”.

◾️ “Практикалык билимге ээ болуу үчүн бүтүрүүчү кошумча курстардан өтүшү зарыл”.

 ◾️ “Бүтүрүүчүлөр башка кесипти тандап, журналистикадан алысташашууда, кесипкөй жаш кадрдарга жумуш орун жок, же айлык аз”.

◾️ “ЖОЖдордо жаңы технологиялар боюнча жетиштүү деңгээлде билим, тажрыйба берилиши керек”.

◾️ “Жаш кадрлар жаңы тренддер менен иштөө ыкмаларын үйрөнүшкөн. Бирок, стандарт, этика дегенди билишпейт”.

◾️ “Көпчүлүк окуу жайлар Союздан калган эски окуу программасы менен билим беришет”.

◾️ “Мыкты кадр таап, аны редакцияда кармап калуу кыйын. Анткени жаш кадрлар тытынып иштегенге даяр эмес”.

◾️ “Жаштар жаңы технологияны өздөштүрүү жагынан алдыга озуп кетишти. Бирок маалыматтын үстүнөн иштөөдө көйгөйлөр көп”.

◾️ “Окуу жайда этика менен стандарттарды окутпаган үчүн айрым жаш журналисттер жумушун бирөөнү каралоо, мактоо менен баштайт”.

◾️ “Студенттерде да амбиция болгону менен, окууну бүтүп ишке келгенде кесибин алып кете албай калууда”.

◾️ “Көпчүлүк жаш кадрларда үйрөнөйүн, иштеп кетейин деген кызыгуу төмөн”.

◾️ “Бүтүрүүчүлөр азыркы күндө журналисттерге кандай жаңы талаптар бар экенин биле беришпейт”.

◾️ “Биз окууну бүтүп келген жаш кадрларды кайра баштан окутуп жатабыз”. 

 

Кесипкөй журналисттерди даярдоо боюнча ЖОЖдордун рейтинги

Ошентип көпчүлүк редакция жетекчилери ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатына ичтери жылыбай тургандыгын айтышты. Алар берген баанын негизинде өлкөдөгү журналисттерди даярдаган ЖОЖдордун рейтингин түздүк. 

Ал өлкө боюнча кыргыз тилдүү 23 ЖМК жетекчилеринин жана башкы редакторлордун жоопторунун негизинде түзүлдү. Өлкөдөгү бардык ЖМКлардын редакторлорунан жооп ала албагандыгыбыздан бул толук объективдүү сурамжылоо болуп эсептелбейт турганын эске салмакчыбыз.

 

Журналисттик кадрларды даярдоо боюнча учурдагы тренддер

Кыргызстан коммуникаторлор ассоциациясынын төрайымы Элира Турдубаева дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө медиа-технологиялардын өнүгүшүнөн улам журналисттик билим берүү жаңы көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтат. 

“Мамлекеттер ортосунда чек ара болгону менен маалымат айдыңында чек ара жок. Ошондуктан тездик менен өнүгүп жаткан технологиялык коммуникациядан биз дагы артта калбашыбыз керек. Мындай шартта ар бир университет окуу программаларын замандын талабына жараша өзгөртүп турууга тийиш. Азыр дүйнөдө журналистика тездик менен өнүгүп жатат. Керек болсо роботтор менен чат боттор журналисттердин ролун аткара баштады. Учурда ар бир интернет колдонуучу өзү маалымат таратып, социалдык баракчаларда түз эфирге чыгып, коомчулукка маалымат бере алышат. Ошондуктан журналисттер алардан айырмаланып турууга тийиш. Бул үчүн дата журналистиканы билип, ачык булактардан иликтөө жасап, IT тармагын үйрөнүү учур талабы. Аз убакыттан кийин журналистика дагы өзгөрүп, гезиттердин жашоосу бүткөндөй, сайттар дагы жок болот. Ошондуктан ар бир журналист улам жаңы тренддерди үйрөнүп, квалификациясын жогорулатып турушу керек”, дейт Турдубаева.

Эл аралык эксперттердин пикиринде, учурда маалымат уюмдарынын саны уламдан улам азайып баратат. Мындайда миңдеген жаңы бүтүрүүчүлөрдүн салттуу журналистикалык кызматтарга орношо алуусу чоң маселе.

Бирок да, Техас мамлекеттик университеттин Медиа-инновациялар лабораториясынын профессору жана директору Синди Ройалдын пикиринде, болочок журналисттер башка көптөгөн маанилүү, окуяларды баяндоого тиешеси бар жана демократиялык идеалдарды карманган жумуштарда иштей алышат. Булар санарип продуктуларын концепциялоого, иштеп чыгууга жана тейлөөгө таянган тармактардагы жумуштар.

“Базалык (журналисттик) көндүмдөр али да маанилүү. Бирок да санариптик продуктылар менен иштөө дизайнерлик ой жүгүртүү, колдонуучулук тажрыйбанын дизайны, сайттарды жана тиркемелерди иштеп чыгуу, продуктыларды башкаруу, коомдук тармактардын стратегиясы, маалыматтарды жана аудиториянын талдоо ж.б.д.у.с. боюнча жаңы көндүмдөрдү жана билимдерди талап кылат”, – дейт Синди Ройал.

___________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор