Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук (карточка)

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук (карточка)

Адатта биз базардан азык түлүк, товар сатып алууда анын сапатына өзгөчө көңүл бурабыз. Сапатсыз продукт адамдын ден соолугун жабыркатышы мүмкүн. Маалымат деле ошол сыяктуу, эгер ал жалган же такталбаган болсо олуттуу кесепеттерге алып келет. Бүгүнкү интернеттеги толгон токой маалымат агымынан керектүү, так, чындыкка дал келген маалыматты таба билүү үчүн медиасабаттуу болуш керек.  

Маалымат жана медиа деген эмне?

Маалымат бул — бул бизди курчап турган дүйнө туурасындагы билдирүүлөр. Ал оозеки, жазуу, сан, сүрөт, видео түрүндө болушу мүмкүн.  

Медиа — бул маалымат колдонуучуга маалыматты тигил же бул түрүндө (текст, музыка, видео) жеткирүүнү камсыздаган технологиялык каражаттардын жана коммуникациялык ыкмалардын топтому. Медиа деп маалымат менен иштеген, маалымат менен камсыздаган тараптарды да аташат.

Бүгүнкү санариптик коомдо маалымат таратууга баарыбыз катышабыз жана маалыматты медиадан эле эмес баардык жактан алабыз. Адатта ар бир адам эрте менен туруп эле смартфонуна үңүлөт да социалдык тармакка же мессенджерлерге кирип жаңы билдирүү, жаңылыктар менен тааныша баштайт. Ошентип баарыбыздын таңыбыз маалымат алуу менен башталып, кечке чейин анын курчоосунда жүрөбүз. Бирок бизге жеткен маалыматтын баарына эле ишенүүгө болобу? Жок! Тактабай туруп эч бир маалыматка жүз пайыз ишенүүгө болбойт. Аларды талдай билүү үчүн медиасабаттуулук жөндөмү же атайын билим талап кылынат.

Медиа сабаттуулук – маалыматты угуп, көрүп эле тим болбой, ага сын көз караш менен карап, анализдеп баа бере турган жөндөм. Башкача айтканда маалыматты ким, эмне үчүн жана кайда жайгаштырганын аныктап, анын тактыгын текшерип, максатын түшүнүүнү деген сөз.

Мазмунга

ЖМКнын кимге таандыгы маанилүүбү?

Негиздөөчүлөрүнө жараша ЖМКлар мамлекеттик жана менчик болуп бөлүнөт. Мыйзам боюнча бардык медиа негиздөөчүлөрдүн кызыкчылыгын колдобошу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө такыр башка. Мамлекеттик ЖМКлар бюджеттин эсебинен каржылангандыктан алар чиновниктерди же өлкө жетекчилерин жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кылат. Бийликке каршы акцияларды бурмалап же аларга карата коомдун терс пикири жаралгандай кылып чагылдырышат.

Жеке менчик ЖМКларда кайсы бир тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн учурлар арбын. Анткени жеке медиаларга саясатчылар ээлик кылышы мүмкүн. Аларды окурмандардын гана кызыкчылыгы үчүн иштешет деп айтууга болбойт. Ошондуктан жарыяланган бардык маалыматтарга ишенүүдөн мурун бул ЖМК кимге таандык же кимди жактайт болушу мүмкүн экендигине талдоо жүргүзүү керек.

Мазмунга

Маалыматты кантип талдайбыз?

Маалыматты талдоо үчүн анын анын түзүлүшүн же аны даярдоодогу  стандарттарды билүү зарыл. Мурда бул талап маалыматтык продукцияны даярдаган журналисттерге же медиа кызматкерлерине гана тиешелүү болсо, бүгүнкү күндө керектөөчүлөр же окурмандар үчүн да маанилүү.

  1. ЖМКларда тараган маалыматта, биринчи кезекте, фактыга негизделиши керек. Эгер факты жок, жөн гана кимдир бирөөнүн кургак сөзү же пикири гана болсо мындай маалыматка ишенүүгө болбойт. 
  2. Бейтараптуулук сакталууга тийиш. Маалыматта эч качан бир жактын пайдасына басым жасалбашы керек. Анда эки тараптын тең пикирине орун берилүүгө тийиш.
  3. Маалыматта расмий булактарга же окуянын катышуучусуна шилтеме берилиш керек. Маалыматтын автору өзүнүн атынан сүйлөп жатса, же божомолду келтирсе ал ишенимдүү маалымат эмес.
  4. ЖМКларга жарыяланган маалыматта Ким?, Эмне?, Кайда?, Качан?, Кантип?, Эмне үчүн? деген суроолорго жооп болушу шарт. Башкача айтканда, маалымат толук болуп, окурманда эч кандай суроо жаралбашы керек.

Мазмунга

ЖМКлардагы маалыматтар күмөндүү болсо эмнеге көңүл буруу керек?

1. Сайттын ээсине же анда иштегендерге көңүл буруу зарыл.

Маалымат жарыяланган медианы же сайттын өзүн текшерип, анын ээсин же андагы жетекчилерди билүүгө аракет кылуу керек. Окурмандарга так маалымат берүүгө аракет кылган сайт өзүнүн «Биз тууралуу» («О нас») деген бөлүмүндө сайттын ээси ким экенин ачык жазып, башкы редактору жана анда иштеген жамаат тууралуу маалымат берет. Эгерде редакция тууралуу тиешелүү маалымат бар болсо окурмандар өздөрү макул болбогон маселелер же сунуш пикирлер менен кайрыла алышат. Эч кандай маалымат болбосо анда ал сайт күмөндүү дегенге негиз бар. Бардык ЖМКнын милдети — так маалыматтар аркылуу окурманга кызмат кылуу.

Сайттын, же домендин кимге таандык экендигин аныктаганга жардам берген аспаптарды колдонуңуздар.

2. Сайттын редакциясы жайгашкан дареги жана алар менен байланышууга болобу?

Мындай маалымат «Байланышуу» деген баракта болот, же сайттын аяк жагында байланышуу үчүн  телефон номурлары жана электрондук почтасы жазылат.

Калыс иштеген медиада өзүн жашырууга муктаждык жок.

3. Кандай маалыматтар жарыяланганына көңүл бургула.

Маалыматты кайсы булактарга таянып жазышат? Тең салмактуулук сакталганбы? Маалыматтарда адамды кемсинтип, терс баа берүүчү сѳздѳр барбы, жокпу, ушуга көңүл буруу зарыл.

4. Эгер маалымат күмөн жаратса аны башка альтернативдүү маалымат булактарынан издеп көрүү көрек.

Мазмунга

Фейктер деген эмне?

Фейк – бул жалган же жасалма маалымат. Ал коомду маанилүү маселелерден алаксытуу, коомго бүлүк салуу, тамаша иретинде, же көңүл бурдуруу аркылуу манипуляция кылуу ж.б. максаттарды көздөшү мүмкүн.

Кыргызстанда шайлоо же саясий тирешүү учурунда кайсы бир тараптардын кызыкчылыгындагы фейк маалыматтар көп таратылат. Алсак шайлоо кампаниясы жүрүп жаткан маалда социалдык тармактарда фейк аккаунттар активдешип, такталбаган маалыматтар менен саясий темаларда билдирүү жазып, же оппоненттерди каралоо аркылуу шайлоочулардын тандоосуна ээ болууга аракет кылышат.

Фейк аккаунт – бул социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталган жасалма аккаунт. Анын артында турган өздүгү башка адам акча табуу же башка максатта кайсы бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн фейк билдирүүлөрдү таратуу менен алектенет.

Фейк маалыматтар текст, аудио, сүрөт же видео түрүндө болушу мүмкүн. Ал Социалдык тармактарда, мессенджерлерде же ишенимге татыбаган сайттарда таратылат.

Мазмунга

Фейк маалыматтын курмандыгы болбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек? 

  1. Маалыматтын аталышына көңүл буруңуз. Тема эмоция жаратып, бүйүр кызыткан болсо анда ал күмөндүү. Фейк жаратуучулар тузакка түшүрүүдө окурмандардын эмоциясына басым жасашат.
  2. Макаланын аталышы менен мазмунун салыштырыңыз. Алар дал келбеши мүмкүн. Мында сайттын же каналдын ээлери элди кызыктарган темалар аркылуу көрүүлөрдүн санын көбөйтүп, каражат табууга басып жасашат.
  3. Кайсы бир адамды ашыра мактап же ашкере кемсинткен, кастык тилиндеги сөздөргө көңүл буруңуз. Өзүн, маалымат колдонуучуну урматтаган ЖМК же журналист фактыга гана таянып окуяны калыс баяндаганга, кырдаалды чечмелеп бергенге умтулат. Алар бир жакка тартышпайт жана баа берүүчү сөздөрдү колдонбогонго аракет кылышат.
  4. Маалымат кимге, кайсы булакка таянып жазылганына көңүл буруңуз. Жөн эле божомол болсо анда күмөндүү.
  5. Маалыматты жазган авторго жана кандай сайт жазып чыкканына көңүл буруңуз. Балким, бул автор же сайт мурда жалган маалыматтарды тараткандыгы менен белгилүү болушу ыктымал. 
  6. Ушул эле маалыматты башка сайттардан издеп көрүңүз. Маалыматтын бурмаланганын же бурмаланбаганын, анын биринчи булагы ким экенин аныктаса болот. Текст түрүндөгү маалыматты башка жактан издеп көрүү үчүн пайдалуу аспаптарды колдонуңуздар.
  7. Материалда колдонулган сүрөттөрдү же видеолорду издеп көрүңүз. Сүрөттүн жасалгаланганын же жасалгаланбаганын, анын түп нускасын аныктоо көп материалдын чын же калп экенин экенин аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Сүрөттөрдү текшерүү үчүн пайдалуу аспаптарды колдонуңуздар.
  8. Аккаунттун фейк же фейк эместигин аныктап көргүлө. Ал үчүн атайын аспаптарды колдонсо болот.

Мазмунга

Пайдалуу аспаптар

Домендин ээсин аныкташ үчүн:

  • WHOIS (https://inlnk.ru/yOK6nk) аркылуу доменди жана сайттын IP-дарегин текшерип, ал кимдин атына жана качан катталганын, телефон номерлерин аныктого болот.
  • CCTLD.KG (https://www.cctld.kg/whois.html) сайты боюнча kg зонасындагы домендин ээсинин маалыматтарын, домендин түзүлгөн убактысын, IP дарегин биле аласыз.

 

Текст түрүндөгү маалыматты башка жактан издеп көрүү үчүн:

 

Сүрөттөрдү текшерүү үчүн:

Сүрөттү же видеону текшерүү үчүн ар бир деталга: аталышына, адамдардын кийимдерине, машиналардын номерлери сыяктуу майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу керек.

TINEYE (https://tineye.com/) — сүрөттү шилтеме аркылуу же сүрөттүн өзүн да жүктөп издесе болот.

SEARCH4FACES.COM (https://search4faces.com/) — адамды сүрөтү боюнча издесе болот, анын vk.com же ok.ru соцтармактарындагы аккаунтунун дарегин таап берет (эгер ал бул соцтармактарда катталган болсо). Бул кызмат фейк аккаунттарды аныктоо үчүн ыңгайлуу.

INVID (https://www.invid-project.eu/) акылуу аркылуу окшош сүрөттү да, видеону да табууга болот.

FOTOFORENSICS.COM (https://fotoforensics.com/) сүрөттө фотошоп колдонулгандыгын аныктайт. Сүрөт  фотошоп аркылуу жасалса өңү-түсү аркылуу билинип калат.

Мындан сырткары ар бир браузерде сүрөт аркылуу издөө функциясы бар. Алардын эң белгилүүлөрү Google менен Яндекс.

Мында браузерден картинка (сүрөттөр) бөлүмүнө өтүп, фотоаппараттын белгисин басабыз. Андан соң керектүү сүрөттү жүктөйбүз, же ал сүрөттүн интернеттеги шилтемесин көчүрүп коебуз. Сиз издеп жаткан сүрөт интернетте болсо дароо чыгарып берет.

 

Видеолорду текшерүү үчүн:

WATCH FRAME BY FRAME (http://www.watchframebyframe.com/) аркылуу видеону кадрлар боюнча издөөгө ыңгайлуу. Кадрларды сүрөт катары колдонуп Google же Яндекс аркылуу издөөгө болот.

INVID (https://www.invid-project.eu/) аркылуу интернетке тараган видеоконтенттин аныктыгын жана ишенимдүүлүгүн текшерүүгө болот.

YOUTUBE DATA VIEWER (https://citizenevidence.amnestyusa.org/) — бул дагы видеону кадрларга бөлөт. Андан тышкары видеонун YouTube платфомасына качан жүктөлгөнүн билүүгө мүмкүндүк берет.

 

Фейк аккаунтту аныкташ үчүн:

WEBMII (https://webmii.com/) аркылуу адамдын аты-жөнүн жазып, социалдык тармактардагы жасалма аккаунттарды чыныгы аккаунттардан ажыратып табууга болот.

FACELEAKBOT (@FaceLeakBot) — адамдарды сүрөт аркылуу издөөгө ылайыкталаган Telegram каналдын боту.

Мазмунга

Окшош посттор