Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Кызыктуу жана пайдалуу

Автоматташтыруу журналисттерди механикалык жумуштан бошото алат

Автоматташтыруу журналисттерди механикалык жумуштан бошото алат

Августта мен журналист жалдоону чечтим, анын милдети – биздин долбоор үчүн контент жазуу болчу. Ал журналисттер социалдык медиада пайда болгон илимий маалыматтар жөнүндө кабардар болуп турушу үчүн социалдык медиага постторду жазып, таркатмаларды жана жыйынтык маалыматтарды жөнөтүп турууга тийиш эле. Бир нече жумадан кийин бюджетти эсептеп, алдыга коюлган максаттарды ойлонуп көрүп, мен чечимди өзгөрттүм, толук эмес иш күнүнө мага твиттер-ботту жана иштелип чыккан маалыматтарды жөнөтүүнүн автоматташкан системасын түзүп бергенге эки адисти жалдап алдым.

Мен аны менен дароо эки көйгөйдү чече алдым: менин долбоорумдун контентинин твиттерде жарыяланып турушуна жана жаңылык таркатмаларын биздин катталуучуларга жөнөтүүгө кам көрдүм. Бот ишке киргенден кийин бул милдеттерди аткарууга адамдын жардамы талап кылынбай калды. Бул автоматташтыруу журналисттин жумушун уурдаган салттуу сценарий болчу. Эгерде алгоритм мага акысыз жасап жатса, контент өндүрүү үчүн кимдир-бирөөнү жалдап эмне кереги бар? Анын үстүнө мен журналистти кыска мөөнөткө жалдоону пландагам, ал эми алгоритм бул жумушту мага керектүү узак мөөнөткө аткара берет.

Автоматтык программаларды иштеп чыгуу темасын изилдеп, мен дайыма бул көйгөйдүн бир өңүтүн ойлончумун: бизге стратегия түзө билүү жана ойлонуу керек, бизге… журналисттер керек. Эгерде бизде стратегия жок болсо, контент жарыялоонун кандай мааниси бар? Ошондуктан мен алгач бир канча убакыт процессти башкарган комьюнити-менеджерди жалдадым, азыр болсо биз ишке адамдарды жана автоматтык программаларды дагы колдонобуз.

Журналистикада автоматташтырууну пайдалануу дагы деле суроолорду пайда кылууда. Бул жумушчу орундарын кыскартууга алып келиши мүмкүн болгону үчүн гана эмес, автоматтык тутумдар анча жакшы эмес журналист болуп жатканы дагы маселе жаратат. Журналисттер редакцияларды ашкере автоматташтыруудан кооптонушу ыктымал (бул туура), мындай аракеттин мисалы катары Microsoft MSN долбоорун айтсак болот, бирок менин тажрыйбам көрсөтүп тургандай, автоматташтыруу – бул жакшы жардамчы, бирок бардык көйгөйлөр үчүн чечим боло албайт.

Кайталанма функцияларды жана жөнөкөй контентти түзүүнү автоматташтыруу журналисттер үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Мисалы, лифттердин операторлорун алсак – сейрек учурларды гана эске албаганда азыр бизге лифттеги баскычты басуу үчүн жардамчынын кереги жок. Чыныгы кырдаал ушундай.

Ушуга байланыштуу мен 2012-жылы Бразилиядагы Reuters редакциясында кантип иштегенимди эстейм. Мага корпоративдик жыйынтык маалыматтарды тез окуп жана анын негизинде жөнөкөй макала аталыштарын жазуу керек болчу. Чынында ал баш жазуулар документте айтылгандарды кайталаган. Биржада катталган компаниялар финансылык жыйынтык маалыматтарын жарыялаганда, акцияларды кайра сатып алуу жөнүндө же жаңы өнүм чыгаруу тууралуу дагы жарыя беришчү, мен бирден төрткө чейинки кыска билдирүүлөрдү жарыялап жана калган тексти ушул темага адистешкен репортер аягына чыгарып жазуусу үчүн калтырчумун. Бул механикалык, бир түрдүү жана тажатма жумуш эле. Ошол эле учурда ал компания жана окурмандар үчүн маанилүү болчу, бирок стратегия иштеп чыгуу, материал жазуу же чечим кабыл алуунун зарылдыгы жок эле. Журналистке бул жумушту иштеп эмне кереги бар? Бул белгилүү жообу бар резонанстуу суроо: азыр мындай иштерди негизинен боттор аткарат.

Азыр журналистика дуушар болуп жаткан башка көйгөйлөр сыяктуу эле, бул көйгөйдүн талдоого алуу керек болгон шексиз өңүттөрү бар. Маалыматтык укук институтунун 2019-жылы мартта жарыяланган жыйынтык маалыматында «маалыматты ачууну жана жеткиликтүү болууну иргеп алуу, коомдук чөйрөгө терс таасир этүү, калган медиа рынокко зыянын тийгизген айрым плантформалардагы сунуштамалар алгоритминин начар иштелип чыгышы менен көңүл буруулар боюнча кооптонуулар» эскерилет.

«Жасалма акыл-эске негизделген технология колдонуучулардын көзүн будамайлоо, купуялыкты бузуу, байкоого алууну жана санариптик мейкиндикте жаңы теңсиздикти жаратууну мыйзамдаштыруу үчүн (атайын же атайын эмес түрдө) таалуу жерлерди пайдаланат деген тобокелдиктин бардыгы шексиз», – деп жыйынтыкталат.

Бирок автоматташтыруу редакцияларда, атүгүл эң кичинекей жамаатта кандай орунду ээлейт жана журналисттер өз жумушун жоготпош үчүн эмне кылыш керек? – деген суроо талкууга татыктуу. Бул демек программалар журналисттердин жумушун аткарат дегенди билдирбейт. Эгерде журналисттер чындап маанилүү ишти колго алса – репортаж жазып, иликтөө жүргүзүп жана маалыматтарды талдаса, анда биз бир түрдүү жана тажатма иштерди автоматташкан программаларга калтыра алабыз. Анткени аларга баары бир.

Reuters, Bloomberg жана башка көпчүлүк жаңылыктар агенттиктери ушул стратегияны пайдаланып жатат. Муну Forbes жана The Guardian дагы колдонот. Так ушундай стратегияны The New York Times басылмасы ушул эң сонун материалдын үстүндө иштөөдө пайдаланды. Атүгүл The Washington Post өз ботунун иши үчүн сыйлык дагы алган.

Азыр барган сайын улам күч-кубаттуу аспаптар келип чыгууда –адамдар жараткан эмгектерге окшош тексттерди түзүү үчүн жасалма акыл-эсти пайдаланган, табигый тилди иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн, көптү үмүттөндүргөн OpenAi GPT-3 алгоритми 2020-жылы июнда чыгарылган. Балким мындай технологиялар журналисттердин алдында качандыр бир кезде тургандан дагы эң чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып бериши ыктымал, – бирок бул дагы эң чоң көйгөйлөр менен дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Бизге мындай аспаптарды изилдеп үйрөнүү жана өз кызыкчылыгыбыз үчүн пайдалануубуз керек.

Ошол эле учурда автоматташтыруудан кооптонгондор жана ушул жаңы аспаптарга жакшы көз караштагылар ортосунда эч качан токтобогон талкуу уланып келет. Бирок бардыгы макул болгон бир жагдай бар: кандай болсо дагы ар түрдүү тармактарда, анын ичинде журналистикада дагы автоматташтыруу бир учурда жүрүп жатат жана биздин алдыбызда аны өнөктөшкө айландыруу, журналистикадагы жумушчу орундарды сактоо жана биздин редакциялардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасоо милдети турат. Ал үчүн бизге болгону туура (адамдык) стратегия керек.

Сержио Спаньоло, IJNet
Макаланын түп нускасы бул жерде.

Окшош посттор