Жалал-Абад областында Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгилеген маалыматка жетүү эркиндигинин кепилдиги ишке ашпай жатат. Бул тууралуу интернет айдыңында сөз болуп, коомчулукка кабар берилген, бирок тийиштүү мамлекеттик органдар, биринчи кезекте КР Өкмөтү жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү органдар буга көңүл буруша элек.
“Кыргызнефтегаз” компаниясы укук талаасынан тыш жашайбы?
Быйыл 27-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондусу “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Рашит Бостоновго кат жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ушул компания тарабынан 2016-2017-2018-жылдары өндүрүлгөн нефтинин көлөмү, кимдер тарабынан өндүрүлүп жатканы, кайсы жактарга жана канча көлөмдө сатылганы, нефть продуктыларынын уурдалышынын көлөмү тууралуу маалымат берип коюу өтүнүчү билдирилген. Бул суроо-талап ошол эле күнү коомдук фондун өкүлү тарабынан “Кыргынзнефтегаз” компаниясынын маалыматтык байланыш адиси Руслан Абдумуталип уулунун колуна берилген.
Бирок, “Кыргызнефтегаз” суроо-талапка мыйзамдуу мөөнөттө жооп берген эмес. Ал эми “Контент-медиа” коомдук фондусу өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү жана аталган компанияга мыйзамдуу чара көрүү маселеси менен Жалал-Абад областынын прокурору Айбек Турганбаевге 2019-жылдын 18-июнь күнү атайын арыз менен кайрылган. Бирок, коомдук фондунун бул аракетинен да майнап чыкпады, анткени облустун прокурорунун орун басары Р. Нурмаматов 2-июль күнү кол койгон жооп катында “Кыргызнефтегаз” ААКга карата мыйзамдуу чараларды көрө албай турганын билдирген. Буга КР Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктө “Кыргызнефтегаз” акчык акционердик коому жеке менчикте турарлыгы жазылган. Демек, ага карата прокуратура органдары текшерүү иштерин жүргүзө албай турганы себеп болгон. Областтык прокуратура Кыргыз Республикасынын “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде журналист мамлекеттик органдардан, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга укуктуу деп көрсөтүлгөнүн белгилеп, жеке тартипте сотко кайрылса болорлугун түшүндүргөн.
Азыркы тапта “Конент-медиа” коомдук бирикмеси бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана коомдук маанилүү маалыматты алуу максатында сотко кайрылуу үчүн даярдык көрүп жатат.
Маалыматтык монополия орногон
Жалал-Абад областындагы маалыматка жетүү боюнча жаралган дагы бир көйгөй – жергиликтүү муниципалдык органдардын маалымат берүү боюнча монополия түзгөнү. Бул жагынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы мурда болбогон жаңы аракеттерди жасады. Атап айтканда, шаар мэри Мураталы Тагаев терс маалыматтардын журналисттерге жетишин чектөө аракетин колго алып, 2018-жылы 20-ноябрь күнү “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндө” №336-б буйрукка кол койгон. Бул буйрук Кыргыз Ресубликасынын Конституциясына жана аракеттеги мыйзамдарына каршы келери тууралуу кезегинде журналисттер коомчулукка жар салышкан. Анткени буйруктун 1-пунктунда “шаардык муниципалдык ишкана жетекчилерине “шаардын аймагынан чет жакка, башка район-шаарларга, Бишкек, Ош шаарына иш-сапарга чыгууда, массалык маалымат каражаттарына кандайдыр маалымат берүүдө шаар жетекчилиги менен макулдашуу” керектиги жазылган.
Бул буйрукту жана шаар мэринин талаптарын эске алган шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып, бардык маалыматтарды шаар мэриясынын алдында түзүлгөн Маалымат борборунан алууну сунушташат. Бирок, ар бир маселеде компетенттүү, так маалымат алууну каалаган журналисттер мындай кырдаалга нааразы, анткени маалымат борборунда иштеген кызматкерлер тигил же бул тармактын өзгөчөлүгүн, иштин жөн жайын жакшы билишпейт.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, YouTube социалдык тармагындагы “Малина ТВ” каналынын ээси жана жетекчиси журналист Санрабия Сатыбалдиева шаар аймагындагы болуп жаткан инфраструктуралык курулуш иштерин чагылдыруу максатында шаардагы бир катар мекемелердин жетекчилернинен маалымат алуу аракети оңунан чыкпады. Алар журналисттин кызыккан суроолору боюнча маалымат берүүнүн ордуна өздөрү жетектеген мекеменин иш-аракеттери боюнча маалымат алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборуна барууну сунуш кылышкан. Ал эми Маалымат борборунан да орундуу жооп ала алган эмес, анысы аз келгенсип Маалымат борборундагылар да ага жооп бергиси келишпегенин ачык эле билдиришкен.
“Чолпон ТВ” телеканалынын журналисти Талгат Абдрахманов шаардагы эс алуу бактары, андагы айрым маселелер тууралуу шаардык Турак жай жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчисине кайрылган. Бирок ал маалымат берүүдөн баш тартып, бул боюнча кайра эле шаар мэриясынын Маалымат борборуна кайрылууну сунуштаган. Бирок, журналист муниципалдык ишкананын жетекчиси катары мыйзам бузуп жатканы үчүн прокуратурага кайрыларын айткан соң гана ал аргасыздан маалымат берген.
Тилекке каршы, мындай учурлар аз эмес жана аягы да тыйылган жок.
Эмне үчүн жогоркулар унчукпайт?
Бул жогорудагы фактылар, мыйзам бузуулар, маалыматка жетүү эркиндигине чек салынган учурлар тууралуу маалыматтар интернет айдыңында жакшы эле таркатылган. Мындан коомчулуктун гана эмес, жогорку мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, кала берсе Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун да кабары бар. Президентке Жалал-Абад шаарынын терс аракеттери тууралуу болуп өткөн басма сөз жыйыны учурунда түз айтылган жана президент мэрдин аракетин сынга алган. Бирок, баары ошол бойдон кала берди. “Кыргызнефтегаз” компаниясынын жетекчилиги менен Жалал-Абад шаарынын мэринин мындай терс аракеттерине жогорку органдар көңүл буруп, абалды оңдоого аракеттер да болгон жок. Айталы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү буга көңүл буруп, мыйзамды сыйлоо боюнча кеңештерин айтып коюшса, көрсөтмөлөрдү беришсе, жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болбоду…
Деген менен, КР өкмөтүнүн Чүй областыдагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов кайсы бир журналистке анын өңү жакпаганын айтып коюу менен жогорку бийликтердин терс мамилесине кабылып, кызматынан кол жууганы баарына маалым. Бирок Жалал-Абад шаарынын мэри тууралуу байма-бай айтылган сындар, анын коомго, мыйзамга жат кылык-жоруктары тууралуу көп айтылса да, ага карата эч бир чаралар көрүлбөй келиши көп суроолорду жаратат. Балким, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы болгону буга таасир этип жаткандыр.
Эми бул фактыларга, мыйзамсыз аракеттерге Кыргыз Республикасынын өкмөтү, тийиштүү мамлекеттик органдар көңүл буруп коюшар бекен?
Жалил Сапаров,
“Журналисттер” КБнын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү