Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

КТРКны уулуу затты жарнамалоо үчүн жоопкерчиликке тартууну сурашууда

КТРКны уулуу затты жарнамалоо үчүн жоопкерчиликке тартууну сурашууда

«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фондунун юристтери КТРКнын «Ала-Тоо» телеканалынын жаңылыктар редакциясын уу коргошундун тамырынын негизиндеги (аконит) уулуу затты жарнама кылганы үчүн жоопкерчиликке тартууну сурап жатат.

Такташкандай, 17-апрелде коомдук телерадиокорпорациянын телеканалдар тобуна кирген «Ала-Тоо» каналынын эфириндеги жаңылыктар чыгарылышында элде «уу коргошун» деп аталган «жунгар аконити» уулуу өсүмдүгүнүн тундурмасы жөнүндө сюжет көрсөтүлгөн. Бул өсүмдүк ДССУнун уулуу өсүмдүк каражаттарынын эң башында турат. Аны колдонууда кичине эле ката кетирүү адамдын өлүмүнө алып келиши ыктымал.

Сюжетте уу коргошун тамырынын тундурмасын факт жүзүндө коронавируска каршы дары катары жарнама кылган маалымат камтылган.

«Эфирде тоонун сүрөтү бар этикетка чапталган, болжолдуу түрдө уу коргошун тамырынын тундурмасы болушу мүмкүн, ачык боз чамбыл түстөгү суюктук куюлган пластик бөтөлкө көрсөтүлгөн. Товарды мындай көрсөтүү, факт жүзүндө эч кандай сертификациялоодон өтпөгөн, анын үстүнө өтө кооптуу дарылык каражаттын жарнамасы болуп саналат», – деп белгилейт фонддун директору Нургүл Абдыкеримова.

Журналист материалда элдик дарыгер Ажарбүбү Жамангулова жана активист Кыяс Молдокасымовдун пикирлерин келтирет. Анын үстүнө, журналисттер дарыгерлиги шектүү, тыюу салынган медициналык тажрыйба менен алектенген, мурдагы дарылоо аракеттери адам өлүмүнө алып келген Хашим Зайналиевден интервью алышкан. Каналдын өзү 2018-жылы ал жөнүндө сюжет көрсөткөн жана анда аны «дарыгер-калекарь» деп атаган.

«Башкача айтканда, иш жүзүндө жаңылык сюжети толугу менен тоонун сүрөтү чапталган, пластик бөтөлкөгө куюлган уу коргошун тамырынын боз чамбыл түстөгү тундурмасынын жарнамасы болуп саналат. Мыйзам боюнча, жарнак жарандарды зомбулукка, агрессияга жана адамдын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жараткан, ошондой эле, баш аламандык менен дүрбөлөңгө алып келе турган кооптуу аракеттерге чакырбаш керек.

Ушул жаңылык сюжети факт жүзүндө жарандарды өтө уулуу тундурманы коронавируска каршы дары катарында пайдаланууга чакырат, бул жарандардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн», – деп айтылат кайрылууда.

Айта кетсек, ДССУ тундурма менен дарылоо ыкмасы талаштуу маселе экендигин билдирген, анткени ал каражат кандайдыр бир клиникалык изилдөөлөрдөн өткөн эмес жана демек каттоого алынышы жана калктын кеңири колдонуу үчүн сунушталышы мүмкүн эмес.

Такталгандай, Борбордун директору Нургүл Абдыкеримова Экономика министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жана Реклама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, адилетсиз атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгына «Ала-Тоо 24» каналынын редакциясын, ошондой эле, «Жарнак жөнүндө» Мыйзамды бузган башка бардык жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кайрылган.

«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фонду, «Ала-Тоо 24» каналынын жаңылыктар чыгарылышындагы мыйзамдарды жана редакциялык саясатты орой бузуулар боюнча арыз менен КТРКнын Байкоо кеңешине дагы кайрылган.

«Ошол жаңылык сюжетин даярдоодо төмөнкүдөй КТРКнын дээрлик бардык редакциялык прициптери бузулган:

– Коомдук кызыкчылык принциби;

– Кесипкөйлүк принциби;

– Редакциялык көз карандысыздык принциби;

– Калыстык принциби;

– Ишенимдүүлүк жана бейтараптык принциби;

Пикирлердин Плюрализм принциби;

Аудитория алдындагы Жоопкерчилик принциби», – деп жазат «Медиа өнүгүү борбору» коомдук фонду.

Коомдук фонд улуттун саламаттыгы үчүн олуттуу коркунуч келтирген мыйзамдарды жана Редакциялык саясатты бузууларга байланыштуу

«Ала-Тоо 24» каналынын редакциясына, ошондой эле, КТРКнын Башкы директоруна карата чара көрүүнү Байкоочу кеңештен сураган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор