Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ошто Фактчекинг көндүмдөрдү жакшыртуу боюнча журналисттер үчүн тренинг өттү

«Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдук фондусу Ош шаарында Фактыларды текшерүү боюнча экин күндүк тренинг өткөрдү. «Аймактык медиалардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана кыргыз тилдүү контентти күчөтүү аркылуу анти-демократиялык пропагандага каршы туруу» долбоорунун алкагындагы тренинг учурунда анын катышуучулары фактчекинг жана журналистика боюнча негизги түшүнүктөр менен таанышып, визуалдуу верификация жана фактчекинг боюнча жаңы аспаптардын топтомун алып, фактчекинг боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жасашты.

Тажрыйбалуу журналист жана медиа сынчы Марат Токоев маалымдоо менен пропаганданын айырмачылыгы, чындыкты аныктоонун ыкмалары боюнча баштапкы сессияны алып барды.

Тренингдин башкы окутуучусу Павел Банников – фактчекер, OSINTер, Provereno.media сайтынын редактору жана медиа сабаттуулук боюнча тренер. Ал төмөнкү темалар боюнча сессияларды алып барды:
Издөөнүн жана коомдук тармактардын алгоритмдери; Маалыматтарды тапканга жардам бериши үчүн роботтор менен кантип сүйлөшүү керек; Ачык маалыматтар базасы: маалыматты каякта издеш керек; Коомдук тармактардагы кеңейтилген издөө; Маалыматтарды верификациялоо: фотосүрөттүн жана видеонун геолокациясы; Керектүү адамдарды жана компанияларды издөө; Жеке кибер коопсуздук.

Ал эми журналист-фактчекер жана Factcheck.kg сайтынын орус тилдүү редакциясынын редактору Елизавета Умурзакова тренингдин катышуучуларына Кыргызстандагы ондон ашык ачык маалымат базалары менен натыйжалуу колдонуунун жана ар кайсы маалымат булактарынан, коомдук тармактардан алынган маалыматтарды чогултуп иштетүүнүн жолдорун айтып берди.

Тренингде болду:
Тажрыйбалуу кесипкөйлөрдөн интерактивдуу лекциялар.
Практикалык сессиялар жана талкуулар.
Адистерге суроо берүү мүмкүнчүлүгү.

Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Окутуу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен өттү.

Окшош посттор