Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналисттер эмнеден абайлашы керек? Юридикалык, физикалык жана кибер коопсуздук (карточка)

Журналисттер эмнеден абайлашы керек? Юридикалык, физикалык жана кибер коопсуздук (карточка)

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан акыркы окуялардан улам маалымат издеп, чогултуп, курч темадагы материалдарды даярдаган журналисттер кибер, юридикадык жана физикалык коопсуздукка аябай көңүл буруу зарыл болууда. 

Биз кесиптештердин коопсуздугуна байланыштуу сунуш-пикир, кеп-кеңештер топтомун чогултуп чыктык.

ЮРИДИКАЛЫК КООПСУЗДУК

Маалыматтарды чогултуудагы жана материалды даярдоодогу юридикалык коопсуздук

  • Тиешелүү орган, уюм, адамдар менен болгон кат алмашуудагы кагаздардын түп нускасын жана көчүрмөсүн (копиясын) сактап коюңуз;
  • Материалда колдонулган сүрөттөрдү, видеолорду, скриншотторду, ачык булактагы маалыматтарды ишеничтүү жерге көчүрмөлөрү менен сактоо керек;
  • Зарыл болгон документтердин көчүрмөсүн, скриншотторду наториаттан тастыктап алсаңыз ашыкча болбойт;
  • Материалды даярдоого байланыштуу телефон сүйлөшүүлөрдү жаздырып алып, аны сактап койгон туура;
  • ЖМК, журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу нормативдик-укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөргө, толуктоолорго байма-бай көз салып коюп туруңуз;
  • Курч материалды жарыялоодон мурун аны юристке каратып, юридикалык экспертизадан сөзсүз өткөрүңүз.    

Пайдалуу маалыматтар:

  • Электрондук документтерди сактоодо төмөнкү онлайн кызматтарды колдонсоңуз болот:
    • Dropbox – акысыз колдонууга 2 ГБ чейин орун берилет,
    • Sync.com – акысыз колдонууга 5 ГБ чейин орун берилет,
    • Google Drive – акысыз колдонууга 15 ГБ чейин орун берилет,
    • Mega – акысыз колдонууга 20 ГБ чейин орун берилет.
  • Компьютердеги экранды, сайтты толугу менен же анын бир бөлүгүн скриншот кылууда, аны редакторлоодо жана компьютерге сактоодо Chrome браузерине эсептелген төмөнкү тиркемелерди караштырсаңыз болот:
  • “Медиа Полиси Институт” коомдук фондусу – медиа маселелери боюнча юридикалык кызматтарды көрсөткөн уюм.

Мазмунга

Сизди суракка чакырса эмне кылуу керек?

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинде “Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтарды алуу, аларды жайылтуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет” деп жазылган. Бирок сиздин социалдык тармакта жазган постуңузга же кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө байланыштуу укук коргоо органы суракка чакырышы мүмкүн. Ошол учурда эмнелерди эске алуу зарыл: 

  • Суракка барар алдында сөзсүз социалдык тармакка пост жазып, чакыруу кагазынын сүрөтүн жүктөңүз;
  • Чакырса барбай койбоӊуз, бирок өтө зарыл себептериңиз болсо, өзүӊүзгө ыңгайлуу убакытка жылдыртып кое аласыз;
  • Тынымсыз суракка алуу убактысы 4 сааттан ашпоого тийиш;
  • Суракка адвокатсыз барбаӊыз.
Пайдалуу маалыматтар:

Мазмунга

Сизди укук коргоо органдарынын кызматкерлер кылмышка шектүү катары кармаса эмне кылуу зарыл?

  • КРдин Жазык процессуалдык кодекси боюнча сизди эч ким соттун чечими жок 48 сааттан ашык кармай албайт;
  • Журналистти 45 саатка чейин сотко алып барып, эмне шектелип жатканын жана эмне себептен камакта болгонун түшүндүрүлүшү керек;
  • Укук коргоо кызматерлери шектүүнү гана кармай алат. 

Тергөө маалында эмнелерди эске алуу зарыл:

  • Сизди кармаганда укуктарыңызды толук түшүндүрүшү керек;
  • Эмнеге шектелип жатканыңызды тактаңыз;
  • Кылмыш ишинин козголгондугу боюнча жана кармоо боюнча токтомдун көчүрмөсүн талап кылыңыз;
  • Укуктарыңыз тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө берилишин сураңыз;
  • Укуктарыңызды өзүңүз коргоңуз же адвокаттын жардамын алыңыз;
  • Жакын ишеничтүү адамыңызга жок бир жолу телефон чалуу укугуңуз бар экенин эскертиңиз;
  • Суракка адвокатсыз катышпаңыз. Өзүңүздүн адвокатыңыз жок болсо, кепилденген мамлекеттин юридикалык кызматтын адвокатын колдонсоңуз болот;
  • Адвокатыңыз менен чектөөсүз, чоочун адамсыз, тыңшоосуз сүйлөшө аласыз;
  • Көрсөтмө бергенден баш тарта аласыз;
  • Эне тилиңизде же билген тилиңизде көрсөтмө бере аласыз же котормочу талап кылганга укугуңуз бар;
  • Далилдерди келтирип, өтүнүч келтирүү укугуңуз бар;
  • Тергөөдөгү протоколдор менен таанышып, аны көчүрмөсүн талап кылыңыз;
  • Тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине тергөөнүн чечимине арыздана аласыз;
  • Сизди кармап кеткенден кийин дарыгерди жана медициналык жардамды сураганга укугуңуз бар.
  • Адвокат менен тыгыз иштешип, ага тиешелүү документтерди чогултуп берүүгө көмөктөшө ала турган тууган же жакын адам менен байланыштырыңыз.
  • Кесиптештериңизге сиз жөнүнде интернетте маалымат берип турууну өтүнүңүз.

Мазмунга

Убактылуу кармоочу жайга, тергөө изоляторуна түшүп калсаңыз эмне кылуу керек?

Камакта жатканда өзүн кантип алы жүрүү боюнча адвокатыңыздан кеп-кеңеш алыңыз.

Ал жактан оолак болчу иштер:

  • Спирт ичимдигин ичпеңиз;
  • Баңгизат колдонгондон алыс болуңуз;
  • Кумар оюндарына аралашпаңыз;
  • Өзүңүз жөнүндө көп айта бербеңиз;
  • Өзүңүздүн мал-мүлкүңүз жөнүндө кеп козгобоңуз;
  • Абайлап сүйлөңүз;
  • Өзүңүздү жаман сезсеңиз дарыгерди чакыртыңыз (ал факт сөзсүз катталышы керек);
  • Жакын тууганыңыздын телефон номерин дарыгерге же адвокатка бериңиз. Алар сизге өз убагында дары-дармек жеткирип турушу керек.

Мазмунга

Үйүңүздү же жумушуңузду укук коргоо кызматкерлери тинткенде кандай кадамдарга баруу керек?

  • Тинтүүлөр көбүнчө түндө, иш күндүн соңунда, дем алыш же майрам күндөрү өткөрүлөт. Ошондуктан күтүүсүз келген “конокторго” катуу чочулабаңыз; 
  • Шак эле аларды үйгө киргизип жибербеңиз. Кийинип алыңыз, адвокатыңызга же туугандарыңызга кабар бериңиз, балдарыңыз уктап атса чоочутуп албаш үчүн акырын ойготуңуз;
  • Чынында эле алар укук коргоо органдарынын кызматкерлери экенин көргөндө гана эшикти ачыңыз;
  • Алар менен кошо сиз дагы өзүңүздүн камерага, телефонуңузга тинтүү маалындагы окуяларды тартканга укугуңуз бар. Эгер алар тарттырбай койсо, мыйзам бузган болуп саналат. Ошондуктан эгер телефонду тартып алса, алардын мыйзамсыз аракеттери боюнча арыздана аласыз;
  • Тинтүү соттун чечими менен гана ишке ашат. Ошондуктан соттун токтомун талап кылыңыз. Эгер ал кагаздары жок болсо, алардын иш аракеттери мыйзамсыз жана укук коргоо кызматкерлери өзүнүн укуктарынан аша чапкан болуп эсептелет. Ошондой эле ал кагазды телефонго тартып алып, интернет айдыңына чыгарууга аракет кылыңыз. Анткени укук коргоо кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетиши мүмкүн. Ал эми кагазда жазылган себептерди коомчулук билгенде укук коргоо кызматкерлери кичине тизгинин тартып калат;
  • Бийликтин өкүлдөрү болгон укук коргоо кызматкерлери менен тинтүү маалында чатакташпаганга аракет кылыңыз. Алар менен чечилип баарлашкандан оолук болуңуз. Себеби тинтүү маалындагы маектешүү, анда айтылган сөздөр кайра сизге каршы колдонулушу мүмкүн;
  • Тинтүү маалында табылган флешканын, компьютердин сыр сөзүн сурашы мүмкүн. Сиз аны бербей койгонго толук укугуңуз бар;
  • Жеке өзүңүздү тинтүүгө алганда өтө кылдат болуп, алар менен көп контактка барбаңыз. Болуп жаткан окуянын бардыгын бирөөгө камерага тарттырып алыңыз. Ал соттун чечими жок эле ишке ашат;
  • Чөнтөгүңүздөгү майда-барат нерселерди өзүңүз алып чыкпаңыз. Аны тергөөчү алып чыгышы керек — эгер сизге мыйзамсыз нерселер байкатпай салынып калса, ага манжаларыңыздын ийизи түшүп калбасын; 
  • Тинтүүнүн соңунда сизди протокол менен тааныштырат. Ошол маалда аны көңүл буруп окуп чыгып, катышкан адамдардын тизмесин, үйдөн алынып жаткан оокаттардын бардыгын карап чыгып, өзүңүздүн алымча-кошумчаларыңызды киргизе аласыз. Андан соң сизге протоколдун көчүрмөсүн тапшырышы керек. Бул процесстердин учурунда сиздин укугуңуз бузулган болсо, сиз беш күндүн ичинде сотко арыз менен кайрыла аласыз.

Мазмунга

КИБЕР КООПСУЗДУК

Азыркы технологиялар өнүккөн заманда журналисттер интернет сайттарды, кызматтарды этияттык менен колдонуп, өзүнө жана ишине байланыштуу маалыматтардын купуялуулугуна чоң көңүл буруусу зарыл.

  • Жумушуңузда колдонулган сырсөздөр татаал болуш керек. Адистердин билдирүүсүндө, ал кеминде 20 белгиден кем эмес болушу абзел жана аны ар үч ай сайын алмаштырып туруу зарыл. Бир сырсөздү бардык сайттарда же түзүмдөрдө колдонуудан алыс болгула. Хакерлер сырсөзүңүздү билип алышса анда бардык аккаунтуңардагы, түзүмдөрүңөрдөгү маалыматтар коркунучта болот. Сырсөздү түзүү сиз үчүн кыйын болсо сырсөздөрдү түзгөн атайын кызматты колдонуңуз, мисалы:

 

 

  • Көптөгөн сырсөздөрдү эсте сактоо өтө татаал. Ошону үчүн атайын программаларды (тиркемелерди) — сырсөз менеджерлерин колдонуңуздар. Сизге аталган программага (тиркемеге) кире турган бир гана Мастер (негизги) сырсөздү жаттап калуу керек. Калган сырсөздөрдү сырсөз менеджеринде сактап койсо болот. Адистер төмөнкү акысыз жана ишенимдүү сырсөз менеджерлерин сунушташат:
    • LastPass – акысыз тарифте бир гана түзүмдө (компьютерде же смартфондо) колдонсо болот,
    • NordPass – LastPass сыяктуу акысыз тарифте бир гана түзүмдө (компьютерде же смартфондо) колдонсо болот,
    • Myki – смартфондо гана колдонсо болот,
    • Bitwarden – бир убакта компьютерде да, смартфондо да колдонсо болот.

 

  • Ишиниңизге байланыштуу өтө керектүү маалыматтарды смартфондо сактабаган оң. Анткени ал смартфон менен кошо башкалардын колуна түшүп калышы мүмкүн;

 

  • Смартфонго күмөн жараткан тиркемелерди орнотпоңуз;

 

  • Интернет айдыңындагы сайттарды этияттык менен колдонуңуз. Айрым сайттарга зыян программалар орнотулуп, алар силердин түзүмгө жүктөлүп калышы мүмкүн. Ошондой эле сиздин почтага белгисиз бирөөдөн келген файлдарды ачпаганга аракет кылгыла. Белгисиз жана күмөн жараткан сайтты, файлды ачаардын алдында анда зыян программалар бар жогун төмөнкү даректеги кызматтар аркылуу текшерип алсаңыз болот. Текшерүү терезечесине сайттын же файлдын интернет дарегин койгула:

 

  • Антивирустун мөөнөтүн байкап, тез-тезден жаңылап туруу зарыл;

 

  • Өздүк компьютер, ноутбугуңузга ар кандай флешка, хард-дисктерди абайлап кошуңуз;

 

  • Өтө олуттуу иликтөө жасап жатсаңыз коопсуздук боюнча IT адистерден кеп-кеңеш алып койсоңуз ашыкча болбойт. Кыргызстанда кибер коопсуздук боюнча “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондусунун чоң тажрыйбасы бар.

 

  • Компьютердеги маанилүү маалыматтарды шифрлеп сактаган туура. Windows ОС коюлган компьютерлер үчүн төмөнкү шифрлөөчү программаларды колдонсо болот:
    • BitLocker – адатынча ал Windows-тун курамында
    • VeraCrypt – эгер BitLocker жок болсо.

 

  • Интернетте “из калтырбай кыдырууну”, сизге байланыштуу жеке маалыматтарды сактоону, интернет-тосмолорду айланып өтүүнү кааласаңыз VPN (Virtual Private Network «виртуалдуу жеке желе») технологияларын колдонуу керек. VPN сиздин компьютер менен сиз кирген сайттын, интернет-колдонуучунун ортосундагы маалымат алмашууларды шифрлеп, анын купуялуулугун камсыздайт. Адистердин сунушу:

 

  • Маанилүү темаларда коопсуз байланышууга, сүйлөшүүгө төмөнкү мессенджерлерди колдонуңуздар:
    • Signal
    • Telegram (бул мессенджерде жашыруун чаттар гана корголгон)

 

  • Коопсуз кат алмашуу үчүн төмөнкү почта кызматтарын колдонсо болот.

Мазмунга

ФИЗИКАЛЫК КООПСУЗДУК

Митингдерди чагылдырууда эске алуучу жагдайлар

  • Көп эл катышкан нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн журналистте анын ЖМК өкүлү экенин көрсөткөн “Пресса” деген жазуусу бар жилеткасы же тийиштүү бейджи болгону туура. Бирок кайсы учурда анын журналист экенин башкалардын билүүсү керектигин журналист кырдаалга жараша өзү чечет;
  • Митинг, демонстранцияны чагылдырууда анын катышуучулары менен конфликтке барбаңыз. Айрым адамдар абалдан пайданаланып сизге зыян келтирип коюшу мүмкүн;
  • Нааразычылык акция жүрүп жаткан жерди жакшы билүү керек. Сиздин баамчылдыгыңыз коопсуз жерден нааразычылыгын билдирип жаткандар менен укук коргоо органдарын бирдей жакшы байкоого алганга мүмкүнчүлүк берет;
  • Күтүлбөгөн окуя болуп кетсе каякка чегинсе болоорун алдын ала ойлонуштуруп коюу зарыл. Кандай гана кырдаал болбосун аны башка журналисттер же команда менен (кабарчы-фотосүрөтчү, оператор, кабарчы) биргеликте чогуу туруп чагылдырган туура. Чогуу болгондо ар түрдүү коркунуч тууралуу бир-бирин өз убагында маалымдап турганга шарт түзүлөт;
  • Журналист ошондой эле тийиштүү мыйзамдарды билүүсү шарт – укук коргоо органдарынын өкүлдөрү же нааразычылык акцияларына чыккандар тарткандарыңды көрсөт десе, же тартып алууга аракет кылганда жардамы тийиши мүмкүн;
  • Кийимге өзгөчө көңүл бургула. Башынан ойлонуштургула: элдин бөлүнүп көрүнүп турган оңбу, же алар менен билинбей аралашып кеткен туурабы. Кийим кыймылдаганга жолтоо болбогондой, жүн же пахта кездемеден тигилген болсун – синтетика бат күйөт. Бут кийим да ыңгайлуу, жеңил, таманы сыйгалак болбошу керек;
  • Мүмкүн болушунча окуя болуп жаткан жерден обочураак турган оң. Нааразычылык акцияларын чагылдырууда кагылышып жаткан эки тараптын ортосунда калбаганга аракет кылуу зарыл. Таш же башка нерселерди ыргыткандар адатынча топтун ортосунда болууга аракет кылышат, анткени аларга элдин арасына кайра кирип аралашып кеткенге жеңил болот;
  • Согуштук аракеттер жүрүп жаткан, өзгөчө абал киргизилген же массалык башаламандык орун алган жерлерде каскасы, ок өткөрбөөчү брондолгон жилет кийбей барбаңыз. Аны менен сизди редакция камсыз кылууга милдеттүү; 
  • Окуянын чордонунан жакын барганга аракет кылбаңыз. анткени сиз тарткан, сүрөт, алган маалыматыңыз өмүрүңүзгө арзыбайт;
  • Иш учурундагы түрдүү кырдаалдарда коргоонуу ыкмаларын өздөштүрүп алуу ашыкча болбойт;
  • Дайыма жаныңызда өздүгүңүздү аныктаган документтерди сала жүрүңүз. Анткени эл көп чогулган жерде сизди милиция кызматкерлери кармап кетиши мүмкүн. Жаныңыздагы документ андан кутулууга жардамдашат;
  • Эч качан демонстранттар менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосуна барбаңыз. Ал жерден катуу жаракат алып, ден соолугуңузга зыян келтирип алышыңыз мүмкүн;
  • Чогулган элди элдештиргенге, аларга акыл-наасат айткандан алыс болуңуз. Антпесе көпчүлүктүн ортосунда сабалып калышыңыз толук мүмкүн.

Мазмунга

Куралдуу жаңжал чыккан аймакта кантип иштөө керек?

  • Маалымат издеп барган аймактын картасын жакшы изилдеп, ал жактагы дарыя, түздүк-талаалардын жайгашуусун тактап, шаардагы негизги көчөлөрүн билип алыңыз;
  • Ал жерге барганда эч качан камуфляж кийбеңиз. Боз же көк түстөгү кийимге ыктаңыз. Кымбат баалуу кийим-кече кийип, кымбат саат, зер буюмдарды үйгө калтырыңыз. Анткени андай жасалга жергиликтүүлөрдүн көзүн кычыштырат;
  • Акчаны ар кайсы чөнтөккө салып алыңыз, себеби сизди жолдо көп жолу текшериши мүмкүн. Ошондой эле жаныңызга ири суммадагы акчаны алып жүрбөңүз;
  • Куралдуу кагылыш болуп жаткан аймакта эч кимге ишенбеңиз. артка качуунун жолдорун байкаштырып коюңуз;
  • Согуш болуп жаткан аймакта учкан октун үнүнөн коркпой калсаңыз жок дегенде бир нече күн эс алууга кеткениңиз жакшы;
  • Камера, фотоаппаратка уруксат менен тартуу керек. Караңгыда керектүү кадрды тартам деп аракет кылбаңыз. Анткени ал кооптуу;
  • Редакцияга бат-баттан байланышка чыгып туруңуз;
  • Эч убакта уруш-талашка аралашпаңыз. Анткени кагылыш болгон жерде жаман нерселер болуп кетиши мүмкүн.

Мазмунга

Журналисттик иликтөө жүргүзүүдөгү айрым коопсуздук эрежелери

  • Журналисттик иликтөөнү эч качан жалгыз жүргүзбөгүлө. Иликтөөнүн үстүндө редакцияда бир нече журналист иштегени туура жана иликтөө учурунда алардын ысымдары ачыкталбаганы жакшы;
  • Иликтенип жаткан тараптардын ортосунда чыр-чатакты жаратпагыла;
  • Иликтөөгө тиешеси бар тараптарга карата этикалык жана жалпы адамдык нормаларды сактаганга умтулгула;
  • Маалымат булагын эч качан ачыктабаш керек;
  • Иликтөөнүн алкагында белгисиз адамдар менен белгисиз жерде жолугушуудан оолак болгула;
  • Иликтөөчү журналист эч бир тарапка тартпай, калыс позицияда болушу керек;
  • Психологиялык кысымга жана коркутууларга өз убагында көңүл буруп, аракет көрүү зарыл.

Мазмунга

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор