Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарында журналисттер мектеби каалгасын ачты

Нарында журналисттер мектеби каалгасын ачты
Бекжан Орозобеков, Нарын шаарындагы «Салымбеков бизнес мектебинин» директору

Нарын шаарындагы «Салымбеков ишкер мектеби» (СИМ) декабрь айынан тарта кызыкдар жаштарга журналистиканын негизги багыттарын үйрөтүүнү баштады. Студенттер жана 16-18 жаш курактагы окуучулар арасындагылардан учурда болочоктогу алгачкы калемгерлер билим алышууда.

СИМдин Нарын шаарындагы филиалы 2 жылдан бери иштеп келет. Анда тил, компьютер жана комплекстүү багыттарда билим берилет. Филиалдын жетекчиси Бекжан Орозобеков.

“Эми алардын катарына “Журналисттер мектеби” кошулду. Максатыбыз болочокто журналист болуучу жаштардын шыгын өстүрүү, кесипке багыт берүү жана фейк маалыматтарды жокко чыгаруу болуп саналат”, – дейт Б.Орозобеков.

Анын айтымында, ноябрь айынын аягында коомдук тармактар аркылуу жарыя берилген. Жазылган 13 кишинин ичинен ар түрдүү себептерге жараша жетөө билим ала башташты. Аларды журналист Болот Шайлообеков окутуп жатат.

“Мен негизи видео жана сүрөт боюнча ыкчам аракеттеги ыкмаларды балдарга үйрөтүп баштадым. Эми атайын программа да иштеп чыкмакчымын. Бара-бара окуучулар теориядан тажрыйба алууга өтүшөт”, – дейт Б.Шайлообеков.

Айжамал Сапаралиева

Нарын районундагы Жерге-Тал айылында өсүп чоңойгон Айжамал Сапаралиева “Журналисттер мектебинде” билим алып жаткан окуучулардын бири. Учурда Нарын мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин биринчи курсунун студенти.

“Мен негизи педагог болууну самаймын. Эми кийин мугалим болуп каламбы же журналисттиканы тандаймынбы, аны мезгил көрсөтөт. Бирок Нарын шаарында ушундай мектеп ачылгандыгын бир агайымдан угуп, анан келип жазылып, окуй баштадым. Анткени биздин айылдагы мектепте радио тармак бар болчу. Мен 3 окуучунун бири катары ал жерде ыктыярдуу иштеп, айылдагы жаңылыктарды, окуяларды атайын meki деген порталга жайгаштырчубуз. Ошондо маалымат берүүдөгү кыйынчылыктарды билдим жана кээде ката да кетирчүмүн. Эми бул мектеп мага эң сонун табылга болду. Сабактар кызыктуу өтүп жатат. Айылдагы мектептеги катачылыктарды оңдоп, анан мен дагы мүмкүнчүлүктөр болгондо кайра айылдан радио тармакка барып жардам берсем деген оюм бар”, – дейт А.Сапаралиева.

Студенттер өзүнчө, 16-18 жаштагы окуучулар өзүнчө топ болушат жана алардын саны ондон ашырылбайт. Бир аптада 2 сааттан 5 күн билим алышат.

“Эгер кызыккандар көбөйсө, талапка жараша экинчи, үчүнчү жана андан ары да топторго кабыл ала беребиз. Ага мүмкүнчүлүктөр бар. Жакындан тарта Бишкектен атайын медиа адистер келишет. 2 айлык мөөнөттөн кийин атайын сертификат берилет. Эми соцтармактардан өзүнчө канал ачуу башталды”, – деп кошумчалады Б.Орозобеков.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусу боюнча өкүлү

Окшош посттор