«Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдук фондусу «Strengthening public resilience to disinformation» Медиа жана Санариптик Сабаттуулук Мектебинин алкагында ноябрда Ош шаарында адистер жана журналисттер үчүн медиа сабаттуулук жана иликтөөчү журналистиканын аспаптары боюнча тренинг өткөрдү.
Тажрыйбалуу журналист жана медиа сынчы Марат Токоев маалымдоо менен пропаганданын айырмачылыгы, чындыкты аныктоонун ыкмалары боюнча сессияны алып барды.
Ал эми журналист-фактчекер жана Factcheck.kg сайтынын орус тилдүү редакциясынын редактору Елизавета Умурзакова тренингдин катышуучуларына Кыргызстандагы ондон ашык ачык маалымат базалары менен натыйжалуу колдонуунун жана ар кайсы маалымат булактарынан, коомдук тармактардан алынган маалыматтарды чогултуп иштетүүнүн жолдорун айтып берди.
Тренингдин жыйынтыгында медиа сабаттуулуктун негиздери жана ачык маалымат булактары менен иштөө боюнча окутуудан өткөндүгүн күбөлөгөн сертификаттар тапшырылды.
Медиа жана Санариптик Сабаттуулук Мектебинин негизги максаты – катышуучуларды маалыматты талдаганга жана көз жазгыруу, дезмаалымат менен күрөшүүгө үйрөтүү болуп саналат. Учурда ар түрдүү маалыматтын көптүгүн эске алганда, талдаганды, жана сынчыл ой жүгүрткөндү билүү өтө маанилүү көндүмдөрдөн болот. Медиа жана Санариптик Сабаттуулук Мектеби маалыматтык көз жазгыруунун жана фейк жаңылыктардын курмандыгы болгусу келбегендерге багытталган. Мектептин окутуу планы жана материалдары практикага басым кылып, катышуучуларда сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандырууну көздөйт.
Бул окутуу Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин колдоосу менен өттү.