Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасалды

Журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасалды

Жалал-Абад шаарында чыгуучу “Аймак” гезитинин кабарчысы Айсезим Абдыкерим кызынын кесиптик ишмердигине мамлекеттик мекеменин жетекчиси тоскоолдук жасады. Эми журналист өзүнүн бузулган кесиптик укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылмакчы. Бул тууралуу журналист өзү маалымдады.

А. Абдыкерим кызынын айтымында, ал 22-сентябрь күнү эртең мененки саат 9дан өткөндө Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан улгайган жана майыптыгы бар жарандардын социалдык мекемесине (карылар үйүнө) маалымат алуу үчүн барган.

“Мен мекемеге кирип, ал жерде иштеген бир кызматкерге кайрылдым, ал мени мекеменин директору Аида Байжигитовага алып барды. Мен келген максатымды айттым, ал киши мага мекеме тууралуу маалыматтарды берди. Андан соң мен ал жердеги карылардан интервью алышым керектигин айттым. Ал жердеги врачтан интервью алдым. Ошол ортодо бир карыя келип, өзүнүн көйгөйлөрүн айта баштады. Бирок, директор аны катуу кагып жиберген соң, мен анын мындай аракети туура эмес экенин айттым. Себеби ал карыяларды кагып-силкип, аларга орой мамиле жасабашы керек болчу”, – дейт журналист.

Андан ары А. Абдыкерим кызы фотоаппараты жана смартфону менен мекеменин ичинде кадрларды алган. Ага мекеменин директору каршы болуп, алган кадрларын өчүрүүсүн талап кылган.

“Ачууланып, менин колумдан фотоаппаратты алып алды, тарткан кадрларды өчүрүүнү талап кылды. Анан фотоппаратты алып, ичиндегилерди өчүрдүм. Анысы аз келгенсип, смартфондогуларды да өчүрүүнү талап кылды, аны да өчүрүүгө мажбур болдум. Паспортумду колумдан жулуп алды, аны кайра алдым. Мекеменин короосунун сыртында мени такси күтүп турган, аны менен кайра артка кайттым”, – дейт ал болгон окуяны баяндап.

Эскерте кетсек, фейсбукта карылар үйүндөгү журналистке карата кысымга күбө болгон такси айдаган адамдын көргөнү тууралуу баяны келтирилген:

Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан улгайган жана майыптыгы бар жарандардын социалдык мекемесинин директору Аида Байжигитова да бул жагымсыз окуянын жүз бергенин танбайт. Ачууга алдырып койгонун да моюнга алат.

“Ал кабарчы келип, ага керектүү материалдарды бердик. Анан карылардан интервью алам деди, мен бир орус, бир кыргыз карыядан алууну сунуштадым. Бир карыя кемпир бар, ошол сүйлөп берет дедим. Врачтан интервью алды. Анан бир кулагы жакшы укпаган карыябыз келип, ким-бирөө менен телефон талашып, жаңжалдашып кеткенин даттанып кирди. Кабарчы фотоаппарат, телефонго тартып киргенде, анын уруксатсыз тартканын айттым. Өчүр дедим, суранып эле айттым. Фотоаппараттагысын да, телефондогуну да өзү өчүрдү. Паспортун да тартып алган жокпуз. Аны урган, же тилдеген да жокпуз, баары карап турушкан. Бул жер социалдык мекеме, азыр карантин убагы, ал уруксатсыз кирип келди, унчуккан жокпуз. Биз таңдан кечке ушул карыларыбыз үчүн жандалбастап иштеп жатсак, бир кабарчы келип эле баарын жокко чыгарып салса, бул таптакыр туура эмес”, – деди ал.

Айсезим Абдыкерим кызы социалдык мекеменин директору кесиптик укуктарын бузганына, журналисттик ишмердигине тоскоолдук келтиргенине нааразы болууда жана өзүнүн бузулган укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен прокуратура органдарына кайрыла турганын билдирди.

Эскерте кетсек, “Аймак” гезити Жалал-Абад областында чыгып жаткан жападан жалгыз жеке менчик басма сөз каражаты болуп саналат. Анын башкы редактору Анара Алимова. Ал эми Айсезим Абдыкерим кызынын бул басылмада иштегенине бир жылга жакындады.

Жалил Сапаров,
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү

Сүрөттүн автору Михаил Томилов. https://karikatura.journalist.kg/ сайтынан алынды.

Окшош посттор