Ош шаарындагы ЖОЖдордо билим алып жаткан студент жаштарды “Ош шамы” гезитине кабарчы кызматына кабыл алат.
“Юзоф Ош” коомдук фонду менен биргеликте “Кабар-Ордо” долбоорун ишке ашыруу учун 6 студентти кабарчы кызматына кабыл алып, журналистиканын эл аралык стандарттарын үйрөтөт. Жаш кабарчылардын жазган кабарларына калем акы төлөнөт. Убакыт чектелүү. Конкурска катышууну каалагандар 29-сентябрга чейин “Ош Кыргызстандын түркүгү” деген темада дилбаян жазып, редакцияга кайрылышы керек.
Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көч.,107, тел: 2 75 22