Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Парламенттик журналистика мектебине кабыл алуу башталды

USAID/DFIDдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү программасы менен КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы парламенттик кабарчы кесибине кызыккан жаш журналисттерди жана журналистика факультетинин акыркы курсунун студенттерин Парламенттик журналистика мектебине катышууга чакырат.

Парламенттик журналистика мектеби – бул Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жана USAID/DFIDдин КР ЖКга көмөктөшүү программасынын биргелешкен долбоору. Долбоордо саясий кабарларды даярдоо боюнча тажырыйба топтоого жана депутаттардын, фракциялардын, комитеттердин жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк аласыздар.

Эксперттер Кыргызстандагы парламенттик журналистиканын багыттарын айтып беришет. Парламент кабарчысы кандай болуусу керек, ал эмнелерди билүүсү зарыл, парламенттик журналистиканын күчтүү жана алсыз жактары, кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүн чагылдыруунун жана мыйзам чыгаруу жүрүмүнүн өзгөчөлүктөрү, парламентаризм идеясын таркатуудагы журналисттердин орду жана парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруудагы эл аралык тажырыйба жаатындагы суроолорго жооп аласыз. Негизги темалардан сырткары, актуалдуу маселелер тууралуу лекцияларды угууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алар: саясий PR, аналитикалык журналистика, коммуникациянын натыйжалуу ыкмалары, социалдык тармактардын учурдагы ролу, журналисттик этика ж.б.

Мындан сырткары, депуттар, саясий партиялардын өкүлдөрү, тажырыйбалуу журналисттер, көзкарандысыз эксперттер менен жолугушуулар уюштурулат. Тажырыйбалуу парламенттик кабарчылар мастер класс өткөрүү менен, өздөрүнүн кесиптик тажырыйбаларынан бөлүшөт.

Окуу акысыз, 6 айга созулат. Сабактар айына 1 же 2 жолу кыргыз жана орус тилинде, Бишкек шаарында же шаар четинде өтөт. Долбоордун акырында катышуучуларга сертификат тапшырылат. Окуунун 2013-жылдын сентябрь айында башталуусу күтүлүүдө.

Бул мектеп келечекте парламент кабарчы катары иштегиси келген жаш журналисттерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүмөкчү.

Кызыкандар резюмелерин төмөндөгү электрондук дарекке 2013-жылдын 15-августуна чейин жөнөтсө болот: aliman_temirbek@dai.com

Орундар чектелүү. Суроолор болсо төмөндөгү телефон менен (112) 303560 боюнча Алиман Темирбекке кайрылыңыздар.

Мектепке катышууну каалагандарга коюлчу талаптар:

– журналистикада 1,5 жылдан көп эмес тажырыйбасы бар башталгыч журналисттер;

– журналистика факультетинин акыркы курсунун студенттери;

– жигердүү жана демилгечил;

– кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөй билген жана түшүнгөн;

-келечекте парламенттик журналистиканы өнүктүрүүгө салым кошо ала турган, лидерлик сапаттарга ээ;

– буга чейин мындай окутуу программаларына катышпаган.

Тандоодо гендердик баланс дагы эске алынат. 

Окшош посттор