Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ош: Журналисттер чыр-чатакты чагылдырууда этият болууга үйрөнөт

Ошто журналисттерди чыр-чатакты жайгарууга салым кошууга үндөгөн долбоор иштей баштады. Аны Оштогу “Youth of Osh” коомдук бирикмеси менен “Search for Common Ground” эл аралык уюму биргеликте ишке ашырууда.
“Youth of Osh” коомдук бирикмесинин өкүлү Акмарал Сатинбаева “Азаттыкка” билдиргендей, долбоор эки жыл бою Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында иштейт.

-Бул аралыкта аймакта иштеген медиа-кызматкерлерди конфликтти чагылдырууда этият болууну, аны жайгарууга салым кошууну үйрөтөбүз. Окутууга чет өлкөлүк жана жергиликтүү мыкты машыктыруучу-журналисттерди тандап алганбыз,- дейт Сатинбаева.

Ошондой эле ал тренинг учурунда июн коогасынын келип чыгуу себептерине басым жасалбастыгын, конфликтти жайгаруу боюнча башка мисалдар келтирилээрин айтты.

Долбоорду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча ЮСАИД агенттиги колдоого алган. (SE/RK)

Маалымат булагы: “Азаттык” радиосу

Окшош посттор