Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

3-майда “Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” көргөзмөсү ачылат

3-майда “Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” көргөзмөсү ачылат

3-майда Бүткүл дүйнөлүк басма эркиндиги күнүндө Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетте “СӨЗ ЭРКИНДИГИ КАРИКАТУРИСТТИН КӨЗҮ МЕНЕН” республикалык сынагына катышкан авторлордун эмгектеринин көргөзмөсү ачылат. Ушул эле иш чарада жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталып, сыйлыктары тапшырылат.

Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түштү. Авторлордун катарында кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор да бар.

Эмгектерди медиа уюмдардын 6 өкүлү жана 1 белгилүү кесипкөй сүрөтчү кирген жюри баалады.

Сынакты “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жардамы менен жана БГУ менен өнөктөштүктө “Журналисттер” коомдук бирикмеси уюштурду.

Ал сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу жана КР журналисттеринин арасындагы тилектештикти бекемдөө максатында уюштурулду.

Көргөзмөнүн ачылышы 9:30да.

Каалоочулардын бардыгына эшик ачык.

Кошумча суроолор болсо төмөнкү телефондордон билип алсаңар болот:

+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83

Окшош посттор